Загрузка документа…
КѲК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IV шайланган депутаттарынын кезектеги XII сессиясы
2016-жылдын 26-декабры № 1
Көк-Ирим айыл аймагынын орто мөөнөттүү (2017-2021- жж) стратегиялык өнүгүү планы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап,
Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн « Көк-Ирим айыл аймагынын орто мөөнөттүү (2017-2021- жж) стратегиялык өнүгүү планы » кабыл алынсын (тиркеме тикелет)
2. Бул токтом райондук администрациянын Интернет тармагындагы расмий сайтында жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Кѳк-Ирим айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К. Эпеевке жана Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы Ө. Чоялиевке тапшырылсын.
Төрага | С. Топоев |
Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
IV шайланган депутаттарынын 12-сессиясынын
№ 1-токтому менен бекитилди 26-декабрь 2016-жыл
1. Кириш сөз |
2. Өнүгүү планын түзүү процесси |
3. Көк-Ирим айыл аймагынын Элеси |
4. SWOT – анализ |
5. Көк-Ирим айыл аймагынын приоритеттүү багыттары |
6. Көйгөйлөрдү аныктоо 7. Стратегиянын структурасы(милдеттер, иш –чаралар, күтүлүүчү жыйынтыктар 8. Инвестициялык долбоор 9. Мониторинг жана баалоо индикаторун түзүү |
Өлкѳнүн стратегиялык ѳнүгүүсү анын админстративдик- территориялык түзүлүштѳрүнүн социалдык-экономикалык ѳнүгүүсү менен тыгыз байланышта болот. Ошондуктан ар бир региондун жаратылыштык-климаттык тарыхый традициялык шартына, экономикалык тармактарынын ѳнүгүү деңгээлине байланышкан спецификалык ѳзгѳчѳлүктѳрүнѳ жараша ѳнүгүү стратегиясы болушу зарыл.
Аймактык стратегия, албетте, улуттук стратегиянын негизинде иштелип чыгышы керек. Жакшы түзүлгѳн стратегиялык пландын болушу аймактын жетекчилиги тарабынан натыйжалуу ченемдердин кабыл алышына алып келет.
Кѳк-Ирим айыл аймагынын жакынкы аралыкта стратегиялык ѳнүгүүсүнүн негизги максаты – бардык тармактардын натыйжалуу иштѳѳсүн, келечекте айыл аймагынын экономикасынын стабилдүү ѳнүгүүсүн камсыз кылуу аркылуу айыл аймагындагы калктын жакырчылыгын кыскартуу, социалдык абалын жакшыртуу. Башкача айтканда « Күчтүү аймак» чакырыгына багыт алып иш алып баруу.
Бул стратегия ѳлкөнүн өнүгүү стратегиясына толугу менен шайкеш келет, анткени ал дагы экономиканы өнүктүрүү маселелерин камтыйт жана жергиликтүү экомикалык өнүгүүнү башкаруу жана колдоо үчүн жергиликтүү потенциалды түзгөнгө өбөлгө болот.
Бул стратегиялык план аймактын 2017-2021-жыл аралыгындагы ѳнүгүү стратегиясынын негизги принциптерин жетекчиликке алат.
1. Коомчулуктун биримдиги
2.Социалдык экономикалык ѳнүгүүдѳгү оң тенденцияларды сактап калуу
3.Ички ресурстарды моблизациялоо интеллектуалдык башкаруучулук жана жеке адеп сапаттарынын мүмкүнчүлүктѳрүн бириктирип иш алып баруу
4.Стратегиядагы приоритеттердин сапаттуу ѳзгѳрүшү менен жыйынтыктарга багыт алуу ушул максаттарга ылайык стратегиянын алдына үч чоң милдет коюлган:
-Бардык тармактардын учурдагы ал-абалына баа берүү
-Тармактардын ѳнүгүүсүндѳ кездешкен негизги проблемаларды аныктоо
-Тармактарды ѳнүктүрүүнүн приоритеттүү багыттарын белгилѳѳ жана ѳнүктүрүүнүн стратегиясын аныктоо.
Бул стратегиялык программа тѳмѳндѳгү кызматтарды аткара алат:
-Жергиликтүү ѳзүн-ѳзү башкаруу органына тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн саясий инструмент же багыт катары:
-Аймактын приоритеттүү багыттарды инвестициялоо үчүн багыт кѳрсѳтүүчү катары;
-Тармактардагы приориттеттүү багыттарды колдоо үчүн донордук уюмдарга жана инвесторлорго маалымат катары;
-Жеке сектор үчүн бизнес чѳйрѳнү прогноздоп келечектүү жана натыйжалуу багытты тандай билүүнү камсыз кылуучу документ катары;
-Жергиликтүү калккка жана жалпы эле коомчулугуна мамлекеттин жана жергиликтүү бийлик органдарынын экономикалык саясатын жүргүзүүдѳгү ролу жѳнүндѳ маалымат катары.
КӨРҮНҮШ
Түзүлгѳн стратегиялык пландын негизинде келечекте башкача айтканда 2021-жылдары Кѳк-Ирим айыл аймагынын айыл жашоочуларынын жашоо деңгээли ѳсүп, социалдык инфраструктурасы, маданият, спорт, билим берүү жана кооз жаратылышында туризм тармагы жакшы деңгээлге жеткен, айыл чарбасынан алынган киреше жогорулап, малдын саны ѳскѳн, мал киндиктүү айыл аймагы болот. Билим берүү жагынан мектеп окуучулары заманбап билим алууга жетишип , мектеп жашына чейинки билим берүүгѳ жакшы шарт түзүлүп, жумушчу орундар пайда болуп, финансылык муктаждыктары чечилет.
2.Өнүгүүнүн стратегиялык планын иштеп чыгуу процесси
Кѳк-Ирим айыл аймагында ѳнүгүүнүн стратегиялык планын тѳмѳндѳгүдѳй эксперттик топ жана жумушчу топ иштеп чыкты.
Эксперттик топ | ||
№ | Ф.И.О. | Иштеген жери жана кызматы |
1 | Эпеев Кадырбек Молдожумаевич | Кѳк-Ирим айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы |
2 | Топоев Стал | АК тѳрагасы |
3 | Өскѳнбай уулу Сүйүндүк | Финансы экономика бѳлүмүнүн башчысы |
4 | Молдалиев Сүйѳркул Абдылдаевич | Бейше орто мектебинин директору |
5 | Кураналиева Бүбүсара Кубаталиевна | Бирдик орто мектебинин директору |
6 |
|
|
Жумушчу топ
№ | Ф.И.О. | иштеген жери, кызматы |
1 | Найманова Паризат Турарбековна | Салык кызматкери |
2 | Исаков Залкарбек Бекказиевич | Соц адис |
3 | Токтобек к Ноорузгул | Иш кагаздарын тескөөчү |
4 | Матиева Чолпон Чѳбаскановна | Методист |
5 | Бакаева Кынабү Орунбаевна | Дыйкан чарба мүчѳсү |
6 | Мурзакимов Кошой Акматбекович | Мугалим |
7 | Туркманова Нурзат Бекташовна | М. Жунушалиев атындагы маданият үйүнүн башчысы |
8 | Секелеңов Рыскул Самудинович | АК депутаты |
9 | Эстебесова Гүлбарчын | «Айзирек» балдар бакчасынын башчысы |
10 | Кѳчкѳнбай уулу Айдарбек | Мугалим |
11 | Назаралиева Жылдыз | Мугалим |
12 | Бактыбек уулу Тойчубек | Бухгалтер |
13 | Мурзакимов Мыктыбек | АК депутаты |
14 | Айдаралиев Кемелказы | АК депутаты |
15 | Турапбаева Айнагүл | Жеке ишкер |
Өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу процесинде тѳмѳндѳгүдѳй кадамдар аныкталган.
1.Өнүктүрүү тратегиясынын баштапкы анализи
2.Учурдагы абалдын анализи SWOT жүргүзүү
3.Кѳк-Ирим айыл аймагынын жаңыланган кѳрүнүшүн калыптануусу
4.Кѳк-Ирим айыл аймагынын жергиликтүү ѳзүн-ѳзү башкаруусунун милдетин аныктоо
5. Приоритеттүү багыттарды аныктоо
6.Калктын катышуусу менен приоритеттерди жана керектѳѳлѳрдү аныктоо
7.Орчундуу маселелерди чечүүчү максаттарды жана маселелерди калыптандыруу
Өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууда тѳмѳндѳгүдѳй принциптер колдонулду
Жергиликтүү кеңештин приоритеттери аркылуу негизделүүсү
Максатка жетүү реалдуулугу
Кыскача жана түшүнүктүү мазмуну
3. КӨК-ИРИМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЭЛЕСИ
Кѳк-Ирим айыл аймагы-тоолу, мал чарбасы жана айыл чарбасы ѳнүккѳн, аймактык, райондук жана республикалык деңгээлде калкты таза экологиялык, сапаттуу азык-түлүк менен камсыздоого жетишкен, калкынын дени сак, маданияттуу, жаратылышы кооз, абасы таза аймак.
Багыттардын аталышы | Мааниси |
Тоолу, айыл чарбасы, мал чарбасы ѳнүккѳн, экологиясы таза | Мал чарбасына, айыл чарбасына ылайыкташкан, айыл чарба жерлери кенен, мал багууга ылайыктуу, сугат сууга бай, абасы таза |
Таза экологиялык азык-түлүк ѳндүрүү | Айыл чарбасы жана мал чарбасы ѳнүксѳ чыныгы таза экологиялык сапаттуу продукция ѳндүрүлүп, базар шартына ылайык азык-түлүк сатылат. Экономикалык ѳсүү болот. Жашылча жер-жемиштер химиялык удобрениясыз бышкандыктан калктын ден-соолугуна зыяны жок. |
Калкынын дени сак, маданияттуу аймак | Аймакта калкка билим берүү, маданият, ден-соолук боюнча жогорку деңгээлде тейлѳѳ жүрѳт. Экологиялык таза азык түлүктѳрдү пайдалангандыктан калктын дени-сак, сергек жашоо мүнѳзү болот. |
Жаратылышы кооз, абасы таза аймак | Аймак тоо түбүндѳ жайгашып, тоолуу, токойлуу аймак болгондуктан жаратылышы кооз, абасы таза аймак. |
4.SWOT- ЖАГДАЙГА АНАЛИЗ ЖҮРГҮЗҮҮ
КҮЧТҮҮ ЖАКТАРЫ
| НАЧАР ЖАКТАРЫ |
-Мал чарбасына, айыл чарбасына ылайыктуу -Сугат суулары кенен - «Кан- Ачуу» Жаратылыш паркы ачылууда -Республикалык деңгээлге чыккан спотчулардын саны ѳсүүдѳ -БУУ тарабынан мектептерге тамак-аш программасы кирген -Ишкерлердин кѳбѳйүүсү -Спорт залдын ачылышы -Маданият үйүндѳ атайын ийримдер үчүн бѳлмѳлѳрдүн ачылышы -Мечит бар -Өчпөс оттун ачылышы -Айылдын борбордук кѳчѳсүндѳ жарыктын коюлуусу -Жайыт жерлердин кенендиги -ФПЗ дин жерлери бар -Тышкы инвестициялардын келиши -Аймакта 1 НПО, 9 коомдук уюмдар, булардын жардамы менен кѳпчүлүк коомдук иштер аткарылып келет -Жергиликтүү каттамдарда авто унаа оңой табылат | -Жергиликтүү бюджет дефициттүү жана инвестицияларды каржылаганга мүмкүнчүлүгү жок -Айылдык Кеңештин депутаттары күчтүү орган боло албай жатат, алардын профессионалдык деңгээлин жогорулатуу керек. -Аппарат кызматкерлерин атайын курстарга жиберүү талап кылынат -Сугат каналдарына капиталдык ремонт талап кылынат -Ички, тышкы жолдордун начар абалы -Бирдик айылында бала-бакчанын жоктугу -Арал айылында бала-бакча арендада турат. -Айыл чарба жерлери арыктап жатат -жакырчылыктын саны калктын 54% түзѳт -Кыштын узактыгы -Областан, Республикадан алыстыгы -Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү чакан ишканалардын жоктугу -Интернеттин начар тарткандыгы -Мектептерде англис, химик, физик мугалимдердин жетишсиздиги -Ветсервис уюшулган эмес -.Кѳчѳлѳрдүн караңгылыгы -Тейлѳѳ инфраструктурасы жетишсиз -Бизнести колдоо инфраструктурасы начар -Медициналык тейлѳѳнүн начар абалы, тиешелүү адистер жок |
Мүмкүнчүлүктѳр | Коркунучтар |
-Экологиялык жактан таза айыл чарба азык-түлүктѳрүнүн ѳндүрүлүшү (эт, сүт, жумурта, май, картошка, сабиз) ж.б -ФПС тин жеринен жер алып кѳмѳкчү чарба түзсѳ болот (картошка, сабиз ж.б жашылчаларды) -Айыл жайгашкан ѳрѳѳндүн абасы, суусу таза жаратылышы кооз. -Ош-Бишкек жолунун курулушу -Санариптик антенна орнотулушу -Чет ѳлкѳдѳн жиберген мекендештердин акча каражаттар | -Балдар бакчасынын жаңы имаратын куруу долбоорунун АРИС тарабынан колдоого алынбай калуу коркунучу -Миграциянын күч алуусу -Өндүрүлгѳн продукцияны сатуудагы кыйынчылыктар, жолдун алыстыгы, ортомчулар -Айылга медициналык кызматкерлер үчүн шарттын жоктугунан врачтар келбейт |
5. КӨК-ИРИМ АЙЫЛ АЙМАГЫНДА ӨНҮГҮҮНҮН ПРИОРИТЕТТҮҮ БАГЫТТАРЫ
Билим берүү жана мектеп жашына чейинки билим берүү
Маданият жана спорт
Ички жолдор, кѳпүрѳѳлѳр
Ичүүчү таза-суу менен камсыз кылуу
Калкты медициналык жактан тейлѳѳ
Айыл чарбасы Орто жана чакан бизнес
Экология
6. КӨЙГӨЙЛӨРДҮ АНЫКТОО
6.1Мектепке чейинки билим берүү
Кѳйгѳйдүн сүрѳттѳлүшү | Себептери |
Бирдик айылында бала-бакча 1985-жылы курулуп 1992-жылдары менчиктешип кеткендиктен азыркы учурда айылда бала бакча жок. Бирдик айылында мектеп жашына чейинки балдардын саны 171 бала бар.Бала-бакчанын жоктугунан же атайын балдар ойноочу жай жок болгондуктан кѳпчүлүк учурда балдар кароосуз калып ар кандай кырсыктарга учурашат, жугуштуу оорулар менен оорушат.Балдардын ооруп калуусу дагы үй-бүлѳѳлүк чыр-чатакка алып келет. | -Бала-бакча менчиктештирилип кеткен -жаңы бала-бакча салына элек -Мектепке чейинки балдардын билим алуусуна шарт жок; -Жамааттык бала-бакча ачылган эмес; -Айыл ѳкмѳтү дотацияда, курулуш курууга күчү жетпейт;
|
6.2.Маданият жана спорт
Кѳйгѳйдүн сүрѳттѳлүшү | Себептери |
-Айыл аймакта маданий иш чараларды ѳткѳрүүгѳ жакшы шарт жок, музыкалык аппаратура бар, бирок музыканттын, тийиштүү адистин жоктугунан иштетилбей келет; -Талантуу жаштардын , айыл элинин талаты кѳмүскѳдѳ калууда. -Калктын маданий жактан түшүнүгү тѳмѳндѳѳдѳ; -Спорттук кружоктор жок | -Бирдик айылында клуб, эс алуучу жайлардын жоктугу, -Бирдик айылында китепкана жок -айылдык клуб жана интернет клубтар жок; -Арал маданият үйүндѳ музыкалык адис жок; -Маданий иш чара ѳткѳрүүгѳ айыл ѳкмѳттүн каражаты жетишсиз. - |
6.3.Техникалык инфраструктура : ички жолдор, кѳпүрѳѳлѳр
Кѳйгѳйдүн сүрѳттѳлүшү | Себептери |
-Айыл аймактын ички жолдорунун абалы ѳтѳ начар болгондуктан жѳѳ жүргѳн адамдарга жана техника менен жүрүүгѳ ыңгайсыз -суулар жолдорду жеп, жолдор бузулган; -чуңкурлардын кѳптүгүнѳн техникалардын тетиктери бузулуп, ашыкча чыгымга учуратууда
| -Айыл ичиндеги жолдордун узак мѳѳнѳттүү калыбына келтирүү иштеринин жоктугу; -жолдорго кѳңүл бѳлүнбѳгѳндүгү, -бюджеттин жетишсиздиги -Ички арыктарда кѳпүрѳѳлѳрдүн жоктугунан суу ашып жолдорду чуңкур кылышы |
6.4.Ичүүчү таза суу
Кѳйгѳйдүн сүрѳттѳлүшү | Себептери |
-Аймакта ичүүчү таза суунун жоктугунан айыл эли арыктан суу ичишет.Мунун кесепетинен айыл эли ар кандай жугуштуу ооруларга кабылып жатышат. - | -Таза суу түтүктѳрү башынан тартылган эмес -Таза суу долбоору ишке ашпай калган -Түзүлгѳн долбоор кайра иштелип чыккан эмес -Жергиликтүү бюджетте акча каражатынын жоктугу дотацияда отурушу -Мамлекетти дэңгээлде Таза суу программасы ишке ашпай жатат.
|
6.5.Калкты медициналык жактан тейлѳѳ
Кѳйгѳйдүн сүрѳттѳлүшү | Себептери |
-Кѳк-Ирим айыл аймагыда 1 ФАП, 1YДТ бар. Бирок айыл аймакта калкты медициналык тейлѳѳнүн материалдык техникалык базасы ѳтѳ тѳмѳн. Толук кандуу медициналык жардам алуу такыр мүмкүн эмес болгондуктан айыл эли районго кѳрүнүшѳт, дары дармекти райондон барып алууга туура келет. Аптека жок болгондуктан ким кааласа үйүнѳн сатат. Жардам катары берилүүчү дары дармектер келбейт, маалымат ала албайбыз
| -Медициналык кадрларды системалык жетишсиздиги; -Врачтар жок , аптека жок медициналык жабдуулар жокко эсе. -Мамлекеттик деңгээлде айылдык медициналык тармакка кѳңүл бурулбайт;
|
6.6.Айыл чарбасынын орто жана чакан ишкерликти ѳнүктүрүү.
Кѳйгѳйдүн сүрѳттѳлүшү | Себептери |
-Айыл аймакта чакан орто бизнести ачуу колго алынган эмес, башкача айтканда жокко эсе. -айылда 1 эле пиларама бар анын абалы дагы ѳтѳ начар абалда, терек тилдирүү үчүн, районго барууга туура келет. Айыл аймак мал чарбасына ылайыктуу , бирок эт багытындагы, сүт багытындагы асыл тукум мал жокко эсе -ѳндүрүлгѳн сүт азыктары, эт азыктарын кайра иштетүүчү ишкананын жоктугунан фермерлер продукцияларын сатууда кыйынчылыкка учурашат. -Айыл чарбасында ѳндүрүлгѳн продукциянын кайра иштетүүдѳ алдыңкы техналогия колдонулбайт - Айыл аймакта үлүш жерлер аз болгондуктан арендага жер алышат. -Арендега алынган жерлерге сугат суу жетпейт, жер арык; -Ѳндүрүлгѳн продукция ортомчуларга арзан баада сатылат | -Райондон алыстыгы -Дыйкан, фермерлеге маркетинг боюнча, окуулардын жоктугу - Айыл чарбасына керектүү шаймандарды иштетүүчү ишканалар жок -Ветсервис уюштурулган эмес -Асыл тукум малдын башын кѳбѳйтүү колго алынган эмес -сүттү, этти кайра иштетүүчү ишканалардын жоктугу -ѳндүрүлгѳн продукцияны сактоочу атайын жайлардын жоктугу . Жашылча, жер-жемиштерди кайра иштетүүчү цехтер жок. -жогорку сорттогу жашылчалардын үрѳѳндѳрү жок -жер семирткичтер жок - |
6.7Экология
Кѳйгѳйдүн сүрѳттѳлүшү
| Себептери |
Айыл аймкка бак-дарактарды лотугузуп Корктондуруу иштерин колго алуу заоыл Малдын башынын кобойушу, айыл чарба,жайыттардын каралбай калышы, таштандыларды чыгаруу колго алынбагандыктан , транспорттун коптугунон экологияга терс таасирин тийгизүүдѳ.
| -Жаратышты корго экологдордун иш алып барбаганы Токойлордун кыркылып кетуусу |
7.Кѳк-Ирим айыл аймагында ѳнүгүүнүн стратегиясын ишке ашырууда милдеттерди белгилѳѳ жана иш чараны ишке ашыруу, күтүлүүчү жыйынтыктар.
№ | Милдеттер | Иш чаралар | Аткаруу мѳѳнѳтү
| Күтүлүүчү жыйынтык | Жооптуулар |
| |||||
1-Приоритеттүү багыт. Билим берүү жана мектеп жашына чейинки билим берүү |
| ||||||||||
| Бирдик айылына 50 орундуу бала-бакчанын имаратын куруулушун аяктоо |
| |||||||||
13 320,0 сом АРИСтен 600,0 сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнөт |
| ||||||||||
2017-жыл | 50 орунду бала бакча курулат Жумушчу орун ачылат | А/О башчысы Айыл башчы С.Мурзабеков Ш.Дербишалиева | |||||||||
| Арал айылына Бейше Yрстѳнбеков атындагы орто мектепке кошумча корпус курууну аяктоо |
55 миң «Жер үйдөн» каржыланат | 2017-2018-ж |
255 орунду мектеп курулат Мектеп окуучуларынын окууга болгон кызыгуусу артат. Мугалимдердин жооп керчилиги жогорулайт. | А/Ѳ, АК, мектеп директору | ||||||
4 | Мектептердин материалдык техникалык базасын чындоо | -А/Ѳ денгээлинде комиссия түзүү -Смета түзүү -Каржы булактарын табуу -Керектүү жабдыктар менен камсыздоо 20 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен каралат | 2019-2021-жыл | Мектептердин материалдык техникалык базасы чыңдалат
| А/Ѳ, мектеп директору Ата-энеоер | ||||||
5 | Мектептерге жаш кадырларды тартуу, иштешине жакшы шарт түзүп берүү | -Кадырларды конкурстук негизде кабыл алуу. - жаш кадырларга трансформация болгондон кийин турак-жай курууга жер аянттарын бөлүп берүү
СТИМ гранттан каржыланат._______ | 2019-2021 | Мектептерде мугалимдердин жетишсиздиги жоюулат. Конкурстун негизинде күчтү кадырларды алууга болот. жер берип комок корсотсок Жаш кадырлардын башка жакка кетип калбай иштешине мумкунчулук тузуп беребиз | А/Ѳ, мектеп директору
| ||||||
II- Приоритеттүү багыт Маданият жана спорт |
| ||||||||||
Арал маданият үйүнүн жана кѳрүү залынын жылытуу системасын оңдоо | Арал маданият үйүнүн жана кѳрүү залынын жылытуу системасын оңдоо залына маданий тейлѳѳ шарттарды түзүү планын иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүу | 2017-жыл |
Ар кандай маданий иш чаралар, элдик жыйындар, шайлоолор мектептин имаратына отпой клубда отот. | А/О, Клуб башчы уюштурат | |||||||
| |||||||||||
| инвентардык жабдыктарын жаңылоо | Керектүү жабдыктардын сметасын түзүү | 2017-2019-жыл | Керектуу инвентарлар менен камсыз болот | А/О, Клуб башчы |
| |||||
| Арал маданият үйүнѳ атайын ийримдерди ачуу | -Ийримдерди ачуу үчүн иш план иштелет -Ийримге атайын штаттык бирдик ачуу үчүн райондук маданият үйүнѳ кайрылуу жазуу | 2017-2021-жыл | Иримдерге окуучулар катышып, өзүлөрүнүн ыр-кууго болгон шыгын арттырат Жумушчу орун ачылат | А/О,АК. | ||||||
| Арал жана Бирдик айылдарында спорттук иш чараларды ѳткѳрүүгѳ шарт түзүү |
| |||||||||
|
| ||||||||||
Айыл аймагындагы спорт менен машыгуучуларды башка аймактагы спорттук иш чараларга катыштыруу |
2017-2021 жыл сайын |
Жылына 2 ден кем эмес команда спорт оюндарына катышат |
А/Ѳ, демѳѳрчүлѳр | ||||||||
| Арал айылындагы стадионду калыбына келтирүү | Айыл ѳкмѳттүн аппараты, депутаттар, адистер жана коомчулуктун катышуусу менен жумушчу топ түзүлѳт дефектный акт түзүлѳт | 2019-2021-жыл | жаштардын спортко болгон кызыгуусу артат. Кылмыштуулук азаят | Каттообеков Сыргак Жумушчу топ |
| |||||
| |||||||||||
| |||||||||||
III-Приоритеттүү багыт ИЧКИ ЖОЛДОР ЖАНА КѲПYРѲѲЛѲР,КѲЧѲ ЖАРЫКТАРЫ |
| ||||||||||
|
| ||||||||||
Арал Бирдик айылдарынын ички кѳчѳлѳрүн оңдоо | Арал айылынын Т. Жээналиев атындагы көчөсүнө асфальт төшөө, спонсорлорду табуу жана аларга кат жөнөтүү | 2017-2019-жыл | 3 км узундуктагы көчө асфальтталат | Т. Жээналиев атындагы көчөсүнүн көчө комитеттери жана тургундары | |||||||
Арал айылынын А. Аттокуров көчөсүнө шагыл төгүү. Жашоочуларды жолду оӊдоо иштерине тартуу | . 2017-2019-жыл Июль-сентябрь | 1 км 300 метр узундуктагы көчөгө шагыл төгүлөт | .А.Аттокуров көчөсүнүн көчө комитети жана тургундары | ||||||||
Арал айылынын Рысалиев көчөсүнөн Эмилбек-2 көчөсүнө Курманбаев Шербектин үйү менен Аштыкчиев Бектурсундун ортосунан өтүүчү жолго шагыл төгүү. Жашоочуларды жолду оӊдоо иштерине тартуу. | 2017-2019-жыл | 1км 200 метр узундуктагы көчөгө шагыл төгүлөт | Эмилбек жана Рысалиев көчөсүнүн кѳчѳ комитеттери, жана тургундары | ||||||||
|
| ||||||||||
Бирдик айылынын Р.Найманов көчөсүнөн Акматбек көчөсүнүн кесилишине (ФАП) чейин шагыл төгүү. Жашоочуларды жолду оӊдоо иштерине тартуу | 2017-2019-жыл Июль-сентябрь. | 1 км 500м көчө оңдолуп түзөлөт | Мырзабеков С-айыл башчы Р. Найманов көчөсүнүн көчө комитети жана тургундары | ||||||||
Бирдик айылынын С.Жапаркулов көчөсүнө шагыл төгүү. Жашоочуларды жолду оӊдоо иштерине тартуу | 2017-2019-жыл | 1 км 200 метр узундуктагы көчөгө шагыл төгүлѳт.
| Мырзабеков С-айыл башчы С.Жапаркулов көчөсүнүн көчө комитети жана тургундары | ||||||||
| |||||||||||
Арал, айылдарынын ички кѳпүрѳѳлѳрүн оңдоо | Эмилбек - 2 көчөсүндөгү Тойчунов Нурлан менен Турусов Памирдин үйүнүн ортосундагы арыкка 5 м 1 даана труба коюу Ошол эле көчөнүн тургуну Омуралиев Анарбектин үйүнүн артындагы арыкка труба коюу. Найманов Турар менен Курманалиев Эрмектин ортосуна труба коюу. Насирдинов Таланттын үйүнүн тушуна труба коюу. М.Рысалиев көчөсүнүн тургуну Курманбаев Шеринбек менен Аштыкчиев Бектурсундун ортосундагы арыкка труба коюу. | 2019-жыл Июль-сентябрь | Эмилбек көчөсүндөгү суу жеп кеткен жолдорго 5 жерге 5 метрлик трубалар коюлуп, автоунаа жана жөө адамдар өтүүгө жолдор оӊдолот.
| М.Рысалиев көчөсүнүн көчө комитеттери жана тургундары |
Бирдик айылынын ички кѳпүрѳѳлѳрүн оңдоо | Бирдик айылынын Аралча көчөсүнө жөө адамдар өтүүчү көпүрө салуу .
| 2019-жыл | Узуну 4 метр, Туурасы 1 метр
| С.Мурзабеков-айыл башчы, Көчө тургундары,көчө комитети.. |
Арал жана Бирдик айылдарынын кѳчѳлѳрүнѳ шам чырактарды коюу
| Айыл өкмөттүн аппараты, АК депутаттар, адистер жана коомчулуктун катышуусу менен жумушчу топ түзүү | 2019--жыл | Жумушчу топ түзүлөт ар бир айыл боюнча (көчөлөр боюнча жашоочулар арасында) | С.Мурзабеков Жумушчу топ |
Арал жана Бирдик айылдарынын жарыктандырылбаган көчөлөрү боюнча изилдөө акт түзүү | 2019-жыл | Изилдѳѳ акт түзүлѳт | С.Мурзабеков Жумушчу топ | |
Бирдик айылындагы Акматбек көчөсүн жарыктандыруу боюнча иш чара иштеп чыгуу | 2019-2021-жылы | 1,5 км кѳчѳгѳ 12 лампа коюлат | АО башчы АК депутаттары Айыл эли | |
Арал айылындагы М. Рысалиев көчөсүн жарыктандыруу | 2019-2021-жыл | 1,5км көчөгө 15 лампа коюлат | АО башчы, АК депутаттары Айыл эли | |
2016-жылы Бирдик айылындагы Р. Найманов көчөсүн жарыктандыруу | 2019-2021-жыл | 1,5 км кѳчѳгѳ 15 лампа коюлат | АО башчы, АК депутаттары Айыл эли | |
Жарыктандыруу боюнча төлөмдөрдү камсыз кылуу | Жарыктандыруу боюнча тарифин бекитүү жана төлөө боюнча иш чараларды жүргүзүү, Райондук РЭС менен келишимдерди түзүү коомдук угууларды өткөрүү, көчө жыйындарын уюштуруу, акча каражаттарын өз убагында которуп туруу | 2019-2021-жыл
| Жарыктандыруу боюнча тариф бекитилет,
| РЭС мекемеси Айыл эли жумушчу топ |
Айыл эли, |
IV-ПРИОРИТЕТТYY БАГЫТ-ИЧYYЧY ТАЗА СУУ |
| ||||||||||||||||
Арал, Бирдик айылдарынын кѳчѳлѳрүнѳ суу түтүктѳрүн тартуу | Таза суу менен камсыз кылуучу курулуш сметалык долбоорун даярдоо; Донор издѳѳ долбоор жазуу | 2019-2021-жыл | Таза суу менен камсыз кылуучу курулуш сметалык долбоору даярдалат | Айыл ѳкмѳтү, СОПВ жетекчиси. Жалпы жамаат |
| ||||||||||||
| |||||||||||||||||
Сунун анализдерин чыгаруу үчүн лабараторияларга берүү | 2019-2021-жыл | Суунун анализдери чыгат | Жумушчу топ, эксперттер |
| |||||||||||||
| |||||||||||||||||
Ичүүчү таза суунун тарифтери |
- Тарифти бекитүү РЭС менен макулдашуу
| 2019-2021-жыл | Тарифтер бекитилет -РЭС менен келишимдер түзүлѳт
| А\О , жамаат |
| ||||||||||||
V- ПРИОРИТЕТYY БАГЫТ - КАЛКТЫ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАКТАН ТЕЙЛѲѲ | |||||||||||||||||
Арал, Бирдик айылдарына калкты медициналык тейлѳѳнү жакшыртуу
| Айылга калкты медициналык тейлѳѳнү жакшыртуу үчүн жогорку билимдүү врачтарды тартуу, жогорку бийликтегилерге кайрылууларды жѳнѳтүү | 2017-2021 жылдар | Кайрылуулар жѳнѳтүлѳт | А/Ѳ, АК, Жумушчу топ |
| ||||||||||||
Айылга кадр алып келүү
| -Кайрылуу жѳнѳтүү -кадрларга шарт түзү | 2017--2021-жылдар | Келип иштей турган врачтарга шарт түзүп берүү | А/Ѳ, АК, жумушчу топ |
| ||||||||||||
Арал айылына дары-дармектерди сатууга аптека ачуу | -Аптека үчүн атайын бѳлмѳ даярдоо -Дары сактоо үчүн муздаткычтарды алуу -Саламаттык сактоо министрлиги менен дары сатууга келишим түзүү | 2017-2021-жыл | Арал айылынын эли Районго барбай дарыланышат | А/Ѳ, АК депутаттары, ФАПтын башчысы |
| ||||||||||||
Арал айлынын СВАны медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу | -Смета иштеп чыгуу -Медициналык жабдууларды сатып алуу -медициналык жабдууларды баланска алуу | 2017-2021-ж | СВА медициналк каражат менен камсыз болот -УЗИ аппарат келет -калктын кызыгуусу 50% | А/О, жумушчу топ |
| ||||||||||||
Арал айылына коомдук мончо салуу | Арал айылына коомдук мончо салуу үчүн ѳткѳрүлгѳн долбоор боюнча иш алып баруу
| 2017-2021-жыл | Долбоор жазылган | А\О башчысы, АК депутаттары, коомчулук |
| ||||||||||||
VI- ПРИОРИТЕТТYY БАГЫТ – АЙЫЛ ЧАРБАСЫ, ОРТО ЖАНА ЧАКАН БИЗНЕСТИ ѲНYКТYРYY | |||||||||||||||||
Айыл чарбасында түшүмдүүлүктү жогорулатуу (А/О алдында тех сервис уюштуруу) | -Айыл чарбасындагы жаңы технологияларды жайылтуу -Айыл чарбаны колдоо, инфраструктураны түзүү
| 2017-2021-жыл | Айыл чарбасында түшүимдүүлүк 40% га жогорулайт | А/Ѳ, депутаттар, Жумушчу топ, ишкерлер |
| ||||||||||||
Кичи жана орто ишкердүүлүк (тоок багуу, куноскана, аарычылык) | -Ички жана тышкы инвесторлорду тартуу үчүн инвестициялык сунушту иштеп чыгуу
| 2017-2021-жыл | Инвестиция тартылып калса айыл эли жумуш менен камсыз болот | АК, А/Ѳ, жумушчу топ |
| ||||||||||||
Айыл чарбасын ѳнүктүрүү үчүн айылда ѳндүрүлгѳн продукцияны кайра иштетүү үчүн ишканаларды ачуу | Сүттү кайра иштетүүчү ишкана ачуу, имарат табуу , жалпы сүт багытындагы уйдун башын кѳбѳйтүү | 2016-2021-жылга чейин | Сүттү кайра иштетүүчү ишкана ачуу үчүн айылда имарат табылып жалпы сүт багытындагы уйдун башын кѳбѳйтүү үчүн иш чаралар жүргүзүлѳт | А/Ѳ, АК депуттары, жумушчу топ |
| ||||||||||||
Жашылчаларды кайра иштетүүчү цех ачууга ишкерлер менен иш алып баруу жана иш чараларды түзүү
| 2017-2021-жылдар | Жашылчаларды кайра иштетүүчү цех ачууга ишкерлерге колдоо кѳрсѳтүлѳт | АѲ, АК депутаттары, жумушчу топ |
| |||||||||||||
| |||||||||||||||||
VII--ПРИОРИТЕТТYY БАГЫТ – Экология | |||||||||||||||||
Кѳк-Ирим айыл аймагынын экологиясын сактоо, жашылдандыруу кѳрктѳндүрүү иштерин колго алуу | -Айыл ичине бак-дарактын кѳчотторун отургузуу -Жашылдандыруу кѳрктѳндүрүү иштерин колго алуу
| 2017-2021-жыл
| Элдин саламаттыгы жакшырат -айыл аймак корктуу кооз айыл болот
| А/Ѳ, АК жумушчу топ |
| ||||||||||||
Бирдик айылдагы парктын айланасын тосуу кочоттрду отургузуу | -Кѳчөт алуу үчүн смета түзүү -Айланысын тосуучу тосмлордун сметасын түзүү -Кѳчѳт алуу үчүн токой чарбасы менне келишим түзүү
| 2017-2021-жыл | Бирдик паркынын айланасы тосулат, Кочоттор отругузулат | Айыл окмот Айыл башчы |
| ||||||||||||
Арал айылына парк уюштуруу | -Парк уюштуруу үчүн жер бѳлдүрүү -айланасын тосуу -тосмолор жана кѳчѳттѳр үчүн смета түзүү -кочотторду отургузуу
| 2017-2021-жыл | -парк уюшутурулат -айланасы тосулат | Айыл окмот Айыл башчы |
| ||||||||||||
Айылдын санитардык абалын жакшыртуу, Таштандыларды чогултуп чыгаруу | -Таштанды чыгаруу үчүн болүнгон жердин айланасын тосуу -Иш план иштеп чыгуу -айыл эли менен келишимдерди түзүү -таштандыларды айыл ичинен тазалоо
| 2017-2021-жыл | Тазалыкка болгон муктаждык чечилет,
| Айыл ѳкмѳт Айыл башчы |
| ||||||||||||
Таштанды чыгаруучу техника алуу | -смета иштелип чыгат -кайрылуу | 2017-2021-жыл | Айыл ичиндеги таштандыларды тазалоо мумкунчулугу артат | А/О Айыл башчы |
| ||||||||||||
| |||||||||||||||||