Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезексиз XV сессия
2019-жылдын 07-майы №4
Алтын Балалык» балдардын ден соолугун чыӊдоо борборунун Жобосун бекитүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 21.01.2019-жылдагы чы.№04-09/155-катты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин туруктуу комиссияларынын кеӊейтилген жыйыны карап чыгып, жыйындын чечиминин негизинде Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын «Алтын Балалык» балдардын ден соолугун чыӊдоо борборунун Жобосу №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэрине (М.Тагаев) бекитилген Жобонун негизинде иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жалал-Абад шаардык кеӊешинин социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, партиялар жана уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Джолдошев |
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин “__7__”___май___2019-ж. кезексиз XV сессиясынын
4 - токтомуна 1 тиркеме
1.1. «Алтын Балалык» балдардын ден соолугун чыӊдоо борбору (мындан ары «Борбор»)Жалал-Абад шаарынын мэриясынын «______» _______________2019-жылдагы «Сузак районунун Кара Алма капчыгайында жайгашкан «Алтын Балалык» балдардын ден соолугун чыӊдоо борборун түзүү жөнүндө» № ____ буйругу буйругу менен түзүлгөн.
1.2. Борбор балдардын жайкы эс алуусун жана ден соолугун чыӊдоо максатында уюштурулган мекеме болуп эсептелет.
1.3. Борбордун иштөө мөөнөтү чектелген эмес.
1.4. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Кесиптик бирликтеринин (профсоюз) Федерациясынын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын токтомун жана буйруктарын, Жалал-Абад шаардык кеңешинин чечимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
1.5. Борбор юридикалык жак болуп эсептелет, мамлекеттик жана расмий тилдеринде мөөрү, бурч мөөрү жана мамлекеттик герб менен өзүнүн аталышы түшүрүлгөн бланкалары бар, обочолонгон мүлккө ээлик кылат, банктык мекемелерде эсеп ачууга укуктуу, өз милдеттенмелери боюнча жооп берет, сотто доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
1.6. Борбор өз ишмердүүлүгүндө түзүүчү – Жалал-Абад шаардык кеӊешине жана Жалал-Абад шаарынын мэриясына баш ийет.
1.7. Борборду түздөн-түз жетектөө директор тарабынан ишке ашырылат.
1.8. Борбордун юридикалык дареги: Жалал-Абад областы Сузак району, Кара Алма капчыгайы.
1.9. «Алтын Балалык» балдардын ден соолугун чыӊдоо борборунун уюштуруучулук-укуктук формасы боюнча мекеме болуп эсептелет.
1.10. Борбордун мамлекеттик тилдеги аталышы «Алтын Балалык» балдардын ден соолугун чыӊдоо борбору», расмий тилде «Детский оздоровительный центр «Алтын-Балалык».
2. «Алтын Балалык» балдардын ден соолугун чыӊдоо борборунун милдеттери жана уюштуруу иштери
2.1. Борбордун негизги милдети катары 7 жаштан 14 жашка чейинки балдардын жана өспүрүмдөрдүн руханий жактан өнүктүрүү, ден соолукту чыӊдоо, эс алуусун уюштуруу эсептелет. Борбордун ишмердүүлүгүнүн мазмуну, формалары жана /методдору балдардын кызыкчылыктарын, гумандуулук жана демократияга, маданий-тарыхый өнүгүүгө, улуттук каада-салттарынын эске алуу менен педагогикалык жамаат тарабынан аныкталат. Борбордо балдар үчүн дене тарбия, спортту, туризмди, жаратылышты жана курчап турган айлананы коргоо боюнча билимдерин кеӊейтүү жана тереӊдетүү, чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү, уюмдун, коомдук жумуштарга катышуу боюнча ыӊгайлуу шарттар жана мүмкүнчүлүктөр түзүү шарт. Ата-энелердин жана балдардын каалоосу менен түрдүү курактагы тармактык отряд жана сменалар, тайпалар жана уюмдардын түзүлүшү каралган
3.1. Борбор укуктуу:
• Белгиленген тартипте борбордун балансында оперативдүү башкарууда турган мүлктөргө ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө;
• Материалдык камсыздоо жаатында башка мекемелер, уюмдар, юридикалык жактар жана Кыргыз Республикасынын жарандары менен өз ара кызматташууга;
• Белгиленген тартипте Борбордун укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн мекемелерге, уюмдарга, ишканаларга жана жарандарга доо коюуга жана доо боюнча жооп берүүгө;
• Борбордун материалдык-техникалык жактан камсыздоо, долбоорлорду ишке ашыруу үчүн каржылоо боюнча өз ыйгарым укуктарынын чегинде эл аралык инвесторлор, мекемелер, уюмдар жана ишканалар менен байланыш түзүүгө;
• Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого;
• Борборго жүктөлгөн милдеттерди аткаруу боюнча түзүүчүлөрдүн буйруктарын жана тапшырмаларын аткарууга;
• Юридикалык жактар, жарандар менен түзүлгөн өз ара келишимдеги милдеттерин аткарууга
• Борбордун мүлктөрүнө сактоого жана аяр мамиле кылууга.
4.1. Башкаруу органы катары:
• Түзүүчүлөр;
• Аткаруучу катары – директор эсептелет
4.2. Түзүүчүлөр жогорку башкаруу органдары болуп эсептелет.
4.3. Жогорку башкаруу органдын ыйгарым укуктары:
• Борборду түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу;
• Борборго мүлктү берүү;
• Борбордун Жобосун кабыл алуу, өзгөртүү жана толуктоо киргизүү;
• Борбордун директорун дайындоо жана бошотуу, жетекчилик кылууну көзөмөлдөө;
• Борбордун структурасын, штаттык тизимин жана айлык маянасынын өлчөмүн бекитүү.
4.4. Борбордун учурдагы жетекчилигин директор аткарат. Директор Жалал-Абад шаардык кеӊеши тарабынан макулдук алгандан кийин аткаруу бийлигинин буйругу менен дайындалат жана бошотулат.
4.5. Борбордун директору борборго коюлган милдеттерди аткаруу боюнча жеке жоопкерчиликтүү жана эсепчи менен башка кызматкерлердин жоопкерчилик деӊгээлин аныктайт;
4.6. Директор өз ыйгарым укуктарынын чегинде борбордун кызматкерлерине аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды жана тапшырмаларды берет, алардын аткарылышын көзөмөлдөйт;
4.7. Директордун ыйгарым укуктары:
• Уюштуруучу менен штаттык тизиди макулдашуу;
• Борбордун кызматкерлерин ишке дайындоо жана бошотуу;
• Уюштуруучунун ыйгарым укуктары кирген маселелерден сырткары ишеним катсыз уюштуруучунун атынан мекеме-ишканаларда, уюмдарда борбордун кызыкчылыктарын көрсөтөт, уюштуруучу тарабынан башка милдеттер жана ыйгарым укуктары берилиши мүмкүн.
4.8. Директор жана башка кызматкерлерди жумушка кабыл алуу жана бошотуу Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин негизинде жүргүзүлөт.
5.1. Борбордун мүлкү Уюштуруучу тарабынан Жобонун негизинде аныкталып, борбордун максаттарын ишке ашыруу үчүн борбордун балансында оперативдүү башкарууда турган мүлктөр жана жүгүртүүдөгү каражаттардан турат.
5.2. Материалдык-техникалык камсыздоо боюнча борбор жергиликтүү бюджеттен кармалат, ошондой эле борбордун ишмердүүлүгүнөн түшкөн каражаттардан, чет өлкөлүк жана ички инвестициялардан, демөөрчүлүк, юридикалык жактардын жана жарандардын донордук жардамдарынан жана түзүүчүлөрдүн макулдугу менен насыялардан алууга укуктуу.
6.1. Борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде жана белгиленген тартипте оперативдүү бухгалтердик жана статистикалык отчет жүргүзөт, белгиленген мөөнөттө түзүүчүлөрдүн алдында, салыктык жана башка органдарында отчет берет.
7.1. Борбор өз ишмердүүлүгүн өзгөртүп кайра түзүү жана жоюу жолдору менен ишин токтотот.
7.2. Борборду жоюу түзүүчүлөрдүн жана соттун чечими менен ишке ашырылат.
7.3. Борбор юридикалык жактардын мамлекеттик реестринен чыгарылган күндөн тартып жоюлду деп табылат.
7.4. Борбордун ишмердүүлүк учурунда пайда болгон иш-кагаздар Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө” мыйзамынын негизинде сакталууга өткөрүлүп берилет.