Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезексиз XV сессия
2019-жылдын 07-майы №7
Жалал-Абад шаарынын резервдик фонду жөнүндө Жобону бекитүү
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 07.09.2018-жылдагы чыг.№04-04/2324-катты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин туруктуу комиссияларынын кеӊейтилген жыйынында карап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин ченемдерине шайкеш келтирүү максатында Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин V чакырылышынын 29.09.2011-жылдагы кезектеги XXIII сессиясынын 9-токтому жокко чыгарылсын.
2. Жалал-Абад шаарынын резервдик фонду жөнүндө Жобо №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэрине (М.Тагаев) бекитилген жобонун негизинде иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Джолдошев |
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин “__7__”___май___2019-ж. кезексиз XV сессиясынын
7 - токтомуна 1-тиркеме
Ушул жобо Жалал-Абад шаарынын резервдик фондунун (мындан ары - резервдик фонд) каражаттарынын түзүлүшүн жана чыгымдалышынын тартибин жөнгө салат.
Резервдик фонд Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24- беренесинин жана ушул жобонун талаптарына ылайык түзүлөт.
Резервдик фонд учурдагы бюджеттик жылда кечиктирилгис каржылоону талап кылган күтүлбөгөн чыгашаларды каржылоо үчүн пайдаланылат.
Резервдик фонддун пайдалануунун багыттары жана көлөмдөрү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине каршы келбеген жана ушул Жободо каралган максаттарга Жалал-Абад шаарынын мэринин же биринчи вице мэринин (атайын ыйгарым укук берилсе) буйругу менен кабыл алынат.
Резервдик фонддун каражаттары учурдагы бюджеттик жылда каралбаган (жергиликтүү бюджетти түзүүдө жана бекитүүдө эске алынбаган) экономикалык, социалдык – маданий жана башка иш чараларга болжолдонбогон чыгымдарды жабуу үчүн түзүлөт, анын ичинен төмөдөгүдөй максаттарга пайдаланылат:
1) майрам күндөрү расмий иш-чараларды өткөрүүгө;
2) Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине, эмгек ардагерлерине, Ооган, Баткен согуштарынын жана Чернобл апаатынын катышуучуларына, ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана шаардын аз камсыз болгон катмарына бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө;
3) расмий даталарга арналган, шаардык масштабда өтүүчү иш-чараларды өткөрүүгө;
4) ден-соолугуна байланыштуу оор операция жана дарыланууга муктаж жарандарга бир жолку жардам көрсөтүүгө;
5) шаардын чарбалык иштериндеги жетишпегендик, коммуналдык маселелерди, социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө.
Резервдик фонддун каражаттарын төмөнкүлөргө пайдаланууга жол берилбейт:
1) шайлоо, референдум өткөрүүгө;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү кеңештердин жетекчилеринин ишин чагылдырууга;
3) муниципалдык кызматчылардын эмгегине акы төлөөгө жана аларга материалдык сыйакы берүүгө;
4) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин учурдагы материалдык-техникалык жана каржылык камсыз кылуу боюнча иш-чараларга.
Каражаттарды башкаруучу жана алуучулар Кыргыз Республикасынын мыйзадарына ылайык, резервдик фонддун акча каражаттарынын сакталышы, максаттуу жана натыйжалуу колдонулушу үчүн жеке жоопкерчилик алып барышат.
Резервдик фонд боюнча эсеп жана отчёттулук Жалал-Абад шаарынын мэриясынын башкы бухгалтери жүргүзөт жана пайдалануу жөнүндө маалыматтар жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетторго тиркелип, милдеттүү жарыяланууга жатат.
Резервдик фонддун каражаттарын эсепке алуунун, бөлүштүрүүнүн жана пайдалануунун жол жоболору өзгөртүүгө муктаж болгон учурда шаардык кеӊеш Жобого тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет.