Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезексиз XV сессия
2019-жылдын 07-майы №11
Жалал-Абад шаарынын ден соолуктук чыӊдоо комплекси» муниципалдык мекемесинин Жобосун бекитүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 30.04.2019-жылдагы чыг.№04-09/1165-катты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин сессиясында талкууланып, Жалал-Абад шаарынын вице-мэринин маалыматын угуп, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
«Жалал-Абад шаарынын ден соолуктук чыӊдоо комплекси» муниципалдык мекемесинин Жобосу №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
Жалал-Абад шаарынын мэрине (М.Тагаев) бекитилген Жобонун негизинде иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жалал-Абад шаардык кеӊешинин социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, партиялар жана уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Джолдошев |
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин “__7__”___май___2019-ж. кезексиз XV сессиясынын 11 - токтомуна 1-тиркеме
Жалал-Абад шаарынын “Ден-соолукту чыңдоо комплекси” мекемеси, Жалал-Абад шаарынын мэриянын алдындагы ден-соолукту чыңдоочу комплекс болуп саналат (мындан ары – ДЧК).
Өзүнүн ишмердигинде, мекеме, Кыргыз Ресупблкасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасын “Дене тарбия жана спорт жөнүндөгү” мыйзамынын (Крнын 2011-ж. 18-ноябрдагы №2019-2012-ж. 25-июлдагы №133 жана №134-, 2013-ж. 15-январдагы №4, 2013- 1-июндагы №87-, 2016-ж. 23-апрелдеги №50 мыйзамдарынын редакциясында), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-ж. 19-январындагы №17 “Денен тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин көрсөткөн кызматынын акысын төлөө” (КРнын Өкмөтүнүн 2012-ж. 15-февралдагы №96, 2012-ж. 15-февралдагы №97-, 2015-ж. 13-марттагы №118-, 2015-ж. 2-декабрдагы №820-, 2016-ж. 23-августтагы №452-Токтомдорунун редакциясында). Токтомунун жетекчиликке алат.
Мекеме, юридикалык жактын бардык укуктарына ээ болот жана анын ишмердигине байланыштуу милдеттерди аткарат, өзгөчөлөнгөн мүлккө ээ болот, өз алдынча балансы, банкатарда эсептешүү жана башка эсептери болот, кыргыз жана орус тилдериндеги бардык аталыштары бар тегерек мөөрү жана башка фирмалык реквизиттери болот.
Мекеме, өзүнүн атынан, мүлктүк жана жекече мүлктүк укуктарга ээ боло алат, жарандык иштерге катыша алат, милдеттерди аткара алат, соттордо доогер жана жоопкер боло алат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугуна каршы келбеген каалаган келишимдерди аткарууга укуктуу.
Денен тарбия-ден соолук комплексинде төмөнкү түрлөрдөгү бөлүмдөр бар:
Олимпиадалык түр;
Олимпиадалык эмес түр;
Улуттук түр;
Параолимпиадалык түр;
Майыптардын оюндарынын спорттук түрлөрү боюнча (мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын).
Юридикалык жактын укуктарына, ал мыйзамда орнотулган тартипте мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан баштап ээ болот.
Уюштуруучулук-укуктук формасы: Мекеме.
Менчиги: муниципалдык
Юридикалык жактын аталышы:
Мамлекеттик тилде: “Жалал-Абад шаарынын ден-соолукту чыңдоо комплекси” мекемеси;
Расмий тиде: Учреждение “Физкультурно-оздоровительный комплекс города Жалал-Абад”.
Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары, Т.Байзаков көчөсү н/ж.
Мекемени түзүүнүн максаты болуп, дене тарбия жана спорт менен системалуу машыгуулар үчүн шарттарды түзүү жана ага шаардын калкын тартуу болуп эсесптелет.
Балдардын жана жаштардын ден-соолугун чыңдоо жана ар тараптуу физикалык өнүгүүсүнө багытталган дене тарбия жана ден-соолукту чыңдоо иштерин жүргүзүү.
Шаардык, облустук, республикалык жана эл аралык турнирлерди жана мелдештерди уюштуруу жана өткөрүү.
Дене тарбия жаатында, шаардык жана облустук мекемелер менен бирге аракеттенүүлөрдү ишке ашыруу.
Окуу-машыгуу процессин уюштуруу.
Ар түрдүү массалык иш-чараларды өткөрүүдө шаардык жамааттардын биргелешип аракеттенүүлөрүн камсыз кылуу.
Окуу-машыгуу сабактарын жана спорттук иш-чараларды өткөрүүнүн коопсуздугун камсыз кылуу.
Өзүнүн компетенциясынын алкагында, келишимдерди түзүү.
Мекеме укуктуу:
Бардыгынын атынан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугуна каршы келбеген келишимдерди түзүүгө.
Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдуулугуна ылайык:
Ишчилерди жалдоого жана иштен бошотууга;
Өзүнүн мүлкүнө жана акча каражатына өз алдынча ээлик кылууга, пайдаланууга жана жумшоого;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугуна каршы келбеген башка укуктарга ээлик кылууга.
Керек болгон учурларда, окуу-машыгууларды уюштуруу жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү маселери боюнча буйруктарды жана башка тескөө документтерин чыгарууга.
ДЧКнын алдына коюлган маселелерди ишке ашыруу максаттарында, чет элдик уюмдар, фонддор, мекемелер менен түздөн-түз байланыштарды түзүүгө.
Мекеме милдеттүү:
Жалал-Абад шаарында дене тарбия жана спортту өнуктүрүү үчүн шарттарды жаратууга.
Мекеменин ишмердиги тууралуу коомчулукка маалымат берүүгө.
Окуу-машыгуу процесстерин жүргүзүүгө жана шаардык, облустук, республикалык жана эл аралык мелдештерди жана турнирлерди өткөрүүгө.
Жыл сайын, мекеменин ишмердиги тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясына маалымат берүү.
Ишти уюштуруу
ДЧКнын ишмердигине жетекчилик кылууну, Жалал-Абад шаарынын мэри дайындаган директор аткарат.
Директор, өзүнүн ыйгарымдуулуктарынын алкагында, мекеменин кызматкерлерин дайындоо жана бошотуу боюнча буйрук чыгарат.
ДЧКдеги дарыгерлик көзөмөлдү, дене тарбия жана спорт менен шугулданган адамдардын үстүнөн дарыгерлик көзөмөл жүргүзүү жөнүндөгү жобого ылайык, аймактык оорукананын дарыгерлик көзөмөл кабинети жүргүзөт. ДЧКнын медайымы, ДЧКдагы окуу-машыгуу процессин жана мелдештерди медициналык камсыздоону аткарат.
ЖЧК каржыланат:
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджетинен;
Окуу-машыгуу сабактарын жана спорттук-массалык, маданий жана билим берүү иш-чараларын өткөрүү үчүн бөлмө жайларды ижарага берүүдөн;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугу менен тыюу салынбаган башка каржылоо булактары;
Мүлк, негиздөөчү-эгедер тарабынан, КРнын Жарандык кодексине ылайык, ыкчам башкаруу укугу менен мекемеге бекитип берилет. Өзүнө бекитилип берилген мүлккө мекеменин укугу, Крнын Жарандык кодексине ылайык аныкталат;
Мекеме, негиздөөчүнүн кат жүзүндөгү макулдугусуз, жыйынтыгында ден-соолукту чыңдоочу мекемеге бекитилип берилген мүлктүн, же бул мекемеге, ден-соолукту чыңдоочу мекеменин негиздөөчүлөрү бөлүп берген каражаттын эсебинен сатып алынган мүлктүн ажыратылышына, же тыйуу салынышына алып келүүсү мүмкүн болгон бүтүмдөрдү аткарууга акысыз.
Ишмердикти токтотуу тартиби, Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугу менен аныкталган тартипте аткарылат.
Мекеменин ишмердиги, анын негиздөөчүлөрүнүн чечими менен токтотулат.