Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-майы № 01-5/ 153
«Жомок» балдар бакчасында тарбиялануучу балдарды кабыл алуу боюнча Жобосун бекитүү жѳнүндѳ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы, шаардык Кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрѳшүү маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын тѳрагасы А.Нышанкуловдун «Жомок» балдар бакчасында тарбиялануучу балдарды кабыл алуу Жобосу боюнча берген корутундусун угуп жана талкуулап “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык Кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрѳшүү маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын берген корутундусу эске алынсын.
2. “Жомок ” муниципалдык балдар бакчасынын иш-жүргүзүүсү жана балдарды кабыл алуусу жѳнүндѳ Жобосу № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жободо белгиленген пункттарды аткарбай коюусу, балдар бакчасынын жетекчисине Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык тартиптик чара колдонулушу белгиленсин.
4. Токтомдун аткарылышынын камсыз кылууну мэриянын социалдык бѳлүмүнѳ жүктѳлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү шаардык Кеңештин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрѳшүү маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | С.Т.Маматкулов |
БЕКИТЕМ
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезекетеги сессиясынын № токтому менен
1. Жалпы жоболор
2. Педагогикалык процесстин маңызы
3. Муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмунун ишин башкаруу тартиби
4. Балдар бакчасына тарбиялануучуларды кабыл алуу тартиби;
5. Муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын милдеттери жана жоопкерчилиги
6. Муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмунун финансылык-чарбалык иши
7. Муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарын өзгөртүп түзүү жана жоюу
1. Жалпы жоболор
1. Мындан ары «ЖОМОК» муниципалдык мектепке чейинки билим берүү № 15 балдар бакчасы.
«ЖОМОК» мектепке чейинки билим берүү № 15 муниципалдык балдар бакчасы, мектепке чейинки атайын (коррекциялык) билим берүү уюму Кочкор-Ата шаардык мэриясынын 2019-жылдын «__» _______ № _____________ буйрйгунун негизинде түзүлдү жана «ЖОМОК» мектепке чейинки билим берүү мекемеси муниципалдык балдар бакчасы болуп саналат.
2. «ЖОМОК» мектепке чейинки билим берүү № 15 муниципалдык балдар бакчасы Кочкор-Ата шаарынын Фрунзе көчөсүнүндө жайгашкан.
3. Уюштуруучу мекеменин дареги: Кочкор-Ата шаарынын мэриясы. Кочкор-Ата шары, Токтогул көчөсү -17
4. «ЖОМОК» мектепке чейинки билим берүү № 15 муниципалдык балдар бакчасы өзүнүн билим берүүчү, укуктук жана чарбалык-экономикалык ишин «Билим берүү жөнүндө», «Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү Кыргыз Республикасынын «Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багып кароо» мамлекеттик билим берүү стандартына (мындан ары - мамлекеттик стандарт) жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына жана шаардык мэрия менен «ЖОМОК» мектепке чейинки билим берүү № 15 муниципалдык балдар бакчасынын ортосундагы келишимге жана Уставга ылайык жүргүзөт.
5. «ЖОМОК» мектепке чейинки билим берүү № 15 муниципалдык балдар бакчасы мектепке чейинки билим берүүнүн төмөнкүдөй негизги максаттарын жана милдеттерин ишке ашырат: ар бир бала мектепке чейинки сапаттуу билимди алышы үчүн шарттарды түзүү, балдардын дене-бой жана психикалык саламаттыгын сактоо жана чыңдоо; ар бир баланын жекече өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен аны дене-бой, интеллектуалдык жана инсандык жактан өнүктүрүү; балдарды үй-бүлөдө тарбиялоого мамлекет кепилдик берген жардамды көрсөтүү.
6. Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу баланы таанып-билүү жана интеллектуалдык жактан өнүктүрүүгө; баланын эмоциялык бакыбаттыгына, балдарды жалпы адамзаттык дөөлөттөргө, элдик үрп-адаттарга жана салттарга аралаштырууга; баланы социалдык адаптациялоого; атайын муктаждыктары бар (ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү) балдар менен коррекциялык-педагогикалык ишти жүргүзүүгө; балдарды мектепке даярдоого багытталган.
7. «ЖОМОК» мектепке чейинки билим берүү № 15 муниципалдык балдар бакчасы билим берүү мамлекеттик стандарт, анын негизинде иштелип чыгуучу мамлекеттик, вариативдик, автордук билим берүү программалары менен аныкталат.
8. «ЖОМОК» мектепке чейинки билим берүү № 15 муниципалдык балдар бакчасы милдеттери анын түрүнө, билим берүү процессинин артыкчылыктуу багыттарына жараша конкреттештирилет.
9. «ЖОМОК» мектепке чейинки билим берүү № 15 муниципалдык балдар бакчасына билим берүү ишине лицензия (уруксат) берилген учурдан тартып Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык билим берүү ишин жүргүзөт.
2. Педагогикалык процесстин маңызы
10. Мектепке чейинки билим берүү уюмдары төмөнкүлөрдү карайт:
Атайын уюштурулган билим берүү формасындагы сабактарды, ошондой эле балдардын жекече жана биргелешкен ишмердигин оптималдуу айкалыштыруу менен оюн, чыгармачылык ишти.
11. «ЖОМОК» мектепке чейинки билим берүү № 15 муниципалдык балдар бакчасында билим берүү процесси жылдык, календардык-тематикалык пландар, сабактардын расписаниеси менен жөнгө салынат.
12. «ЖОМОК» мектепке чейинки билим берүү № 15 муниципалдык балдар бакчасында окутуу жана тарбиялоо кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Даярдоо группасына жумасына 2 саат орус тилин кошумчалоого уруксат берилет.
13. «ЖОМОК» мектепке чейинки билим берүү № 15 муниципалдык балдар бакчасы «Билим берүү жөнүндө», «Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында, мамлекеттик стандартта жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган чектерде окутуу жана тарбиялоо формаларын, каражаттарын жана ыкмаларын өз алдынча тандайт.
14. Мектепке чейинки билим берүүнүн маңызы мамлекеттик стандартка ылайык иштелип чыккан программа (программалар, анын ичинде автордук) менен аныкталат.
15. «ЖОМОК» мектепке чейинки билим берүү № 15 муниципалдык балдар бакчасы мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарынан тышкары балдарды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча ишти уюштурат.
3. Мектепке чейинки билим берүү уюмунун ишин башкаруу тартиби
16. «ЖОМОК» мектепке чейинки билим берүү № 15 муниципалдык балдар бакчасында башкаруу демократиялуулук, ачыктык, кесипкөйлүк принциптеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
17. «ЖОМОК» мектепке чейинки билим берүү № 15 муниципалдык балдар бакчасында түздөн түз жетекчиликти жана аны башкарууну жетекчи (директор) ишке ашырат.
18. Педагогикалык ишке кызмат орду жана алган адистиги боюнча квалификациялык талаптарга ылайык келген жана билими жөнүндө документтер менен ырасталган зарыл кесиптик-педагогикалык квалификациясы бар адамдар кабыл алынат.
19. Педагогикалык ишке соттуулугу же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тизмеси аныкталган медициналык каршы көрсөтүүлөрү бар адамдарга жол берилбейт.
20. Менчигинин түрүнө карабастан, «ЖОМОК» мектепке чейинки билим берүү № 15 муниципалдык балдар бакчасынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу милдеттүү тартипте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
21. «ЖОМОК» мектепке чейинки билим берүү № 15 муниципалдык балдар бакчасы башкаруунун туруктуу иштеген коллегиялуу органы болуп педагогикалык кеңеш саналат. Педагогикалык кеңеш бардык мектепке чейинки билим берүү мекмесинде 3төн кем эмес педагогикалык кызматкер бар болгон учурда, түзүлөт.
22. «ЖОМОК» мектепке чейинки билим берүү № 15 муниципалдык балдар бакчасынын жетекчиси (директору):
- өзүнүн функциялык милдеттеринин чектеринде «ЖОМОК» мектепке чейинки билим берүү № 15 муниципалдык балдар бакчасы иши үчүн мамлекеттин, коомдун жана уюштуруучунун алдында жоопкерчиликте болот;
- кызматкерлер аткарууга милдеттүү болгон «ЖОМОК» мектепке чейинки билим берүү № 15 муниципалдык балдар бакчасы боюнча буйруктарды, тескемелерди жана башка актыларды чыгарат;
- бардык мамлекеттик, муниципалдык, коомдук уюмдарда, мекемелерде, ишканаларда «ЖОМОК» мектепке чейинки билим берүү № 15 муниципалдык балдар бакчасынын атынан өкүлчүлүк кылат, «ЖОМОК» мектепке чейинки билим берүү № 15 муниципалдык балдар бакчсынын атынан ишеним катсыз иш жүргүзөт;
- «ЖОМОК» мектепке чейинки билим берүү № 15 муниципалдык балдар бакчасынын мүлкүн жана каражаттарын тескейт;
- педагогикалык кадрларды жана тейлөөчү персоналды тандайт, ишке кабыл алат жана жайгаштырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык «ЖОМОК» мектепке чейинки билим берүү № 15 муниципалдык балдар бакчасынын кызматкерлерин иштен бошотот, аларды жазалайт жана сыйлайт;
- «ЖОМОК» мектепке чейинки билим берүү № 15 муниципалдык балдар бакчасынын штаттык санын түзөт;
- ««ЖОМОК» мектепке чейинки билим берүү № 15 муниципалдык балдар бакчасынын атынан келишимдерди түзөт, анын ичинде «ЖОМОК» мектепке чейинки билим берүү № 15 муниципалдык балдар бакчсы менен ар бир баланын ата-энесинин (алардын алмаштырган адамдардын) ортосунда келишимди түзөт;
- «ЖОМОК» мектепке чейинки билим берүү № 15 муниципалдык балдар бакчасынын тарбиялануучуларынын контингентин түзөт;
- билим берүү программаларын турмушка ашыруу үчүн шарттарды түзөт;
- балдардын курагына, ден соолук абалына, жекече өзгөчөлүктөрүнө ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысынын буйругу менен түзүлгөн комиссиянын чечими менен кабыл алат жана топторду балдар менен комплекттейт;
-балдарды балдар бакчасына кабыл алуу боюнча Кочкор-Ата шаардык Кенештин аппаратынан 1 (бир) адис мүчө болуп киргизилсин.
Балдарды кабыл алууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысынын буйругу менен түзүлгөн комиссиянын чечимин аткарбаган же өз билемдик менен кабыл алууну жүргүзгөн балдар бакчасынын жетекчисинин иш орду каралат.
- мектепке чейинки билим берүү маселелери боюнча тарбиялануучулардын үй-бүлөлөрү, коомдук уюмдар, башка билим берүү мекемелери менен өз ара байланышты ишке ашырат;
- шаардык Кеӊешке, шаардык мэрияга жана коомчулукка балдар бакчасынын иши жөнүндө отчет берет.
23. Мектепке чейинки билим берүү уюмун коомдук башкаруу үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмунда иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен көзөмөлдүк кылуучу кеңеш жөнүндө жобо менен жөнгө салынуучу көзөмөлдүк кылуучу кеңеш же коомдук бирикме түзүлүшү мүмкүн.
4. «ЖОМОК» балдар бакчасына таррбиялануучуларды кабыл алуу тартиби
24. «ЖОМОК» мектепке чейинки билим берүү № 15 муниципалдык балдар бакчсына тарбиялануучуларды кабыл алуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысынын буйругу менен түзүлгөн комиссия тарабынан кабыл алынат.
25. Балдар бакчасында 3 жаштан 6 жашка чейинки курактагы балдар таррбиялануучу топорго бөлүнөт.
- 3 жаштан 4 жашка чейин 30 бала;
- 4 жаштан 5 жашка чейин 30 бала;
- 5 жаштан 6 жашка чейин 30 бала
- Балдар бакчасына келген тарбиялануучулардын жалпы саны 90 бала.
- Балдарды толуктоо жана жети жашка толгон балдарды балдар бакчасынан чыгарууну шаардын мэринин буйругу менен түзүлгөн комиссия курамы жүргүзөт. Топторду толуктоо жана жети жашка толгон балдарды балдар бакчасынан чыгаруу жыл сайын 01-августан 01-сентябрына чейин жүргүзүлөт.
26. Балдар бакчасына тарбиялануучу балдарды кабыл алуу төмөндөгү документтердин негизинде жүргүзүлөт.
- ата-энесинин шаардын мэрине жазган арызы;
- тарбиялануучу баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн жана ОМС көчүрмөсү;
- медициналык документтер (форма 026 жана форма 086);
- тарбиялануучу баланын ата-энесинин иштеген жеринен аныктама;
- туруктуу жашаган жеринен аныктама;
- ата-энесинин паспортунун көчүрмөсү;
27. Балдар бакчасына тарбиялануучу балдарды кабыл алуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысынын буйругу менен түзүлгөн комиссиясы аныктаган, Кочкор-Ата шаарынын тургуну болуп саналаган, шаарда туруктуу каттоосу бар шаар тургундарынын 3 жаштан 6 жашка чейинки балдары кабыл алынат.
- шаардык мэриянын социалдык камсыздоо бөлүмүндө катталган аз камсыз болгон (жакыр) үй-бүлөөлөрдүн балдары;
- шаардык мэриянын социалдык камсыздоо бөлүмүндө катталган I, II, III группадагы майыптыгы бар майып балдар;
- шаардык мэриянын жана шаардык Кеңештин алдында уюшулган коомдук уюмдардын кызматкерлеринин балдары;
- Ооган согушунун катышуучуларынын жана Чернобыль кесепетинен жабырланган ата-эненин балдары;
- шаар тургундарына мамлекеттик кызмат көрсөткөн мамлекеттик кызматкерлердин (медициналык, билим берүү, укук коргоо органынын, аскер кызматкерлеринин) балдары.
28. Тарбиялануучу балдар, балдар бакчасына келбей калган учурда анын ордуна жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысынын буйругу менен түзүлгөн комиссиясынын аныктамасынын негизинде кабыл алынып толукталат.
Комиссиянын аныктамасы жок балдар бакчасынына кабыл алынууга жол берилбейт, балдар бакчасынын жетекчисинин көргөзмөсү менен кабыл алууга тыюу салынат.
5. «ЖОМОК» балдар бакчасынын милдеттери жана жоопкерчилиги
29. «ЖОМОК» мектепке чейинки билим берүү № 15 муниципалдык балдар бакчсынын төмөнкүлөр үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат, алар:
- балдардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын бузгандык;
- Мамлекеттик билим берүү стандарттарын аткарбагандык;
- ченемдик укуктук актыларда аныкталган функцияларды аткарбагандык;
- билим берүү программаларын ишке ашыруунун сапатын жана көлөмүн камсыз кылбагандык;
- тарбиялоо-билим берүү процессин уюштурууда колдонулган формалардын, ыкмалардын жана каражаттардын балдардын курактык, психикалык жана физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө, ынтасына, жөндөмүнө, таламдарына жана муктаждыктарына шайкеш келбегендиги;
- балдар балдар бакчасында жүргөн учурда алардын жана кызматкерлердин өмүрү жана ден соолугу.
30. Мектепке чейинки билим берүү уюмунун милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- мектепке чейинки билим берүүнүн сапаты Мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын талаптарына шайкеш келишин камсыз кылуу;
- мектепке чейинки билимди алууга балдардын муктаждыктарын канааттандыруу;
- санитардык-гигиеналык талаптарга ылайык балдарды тарбиялоо, окутуу жана өнүктүрүү үчүн коопсуз шарттарды түзүү жана бул талаптарды аткаруу;
- балдарда гигиеналык адаттарды жана сергек жашоо адатынын, негиздерин, коопсуз жүрүш-туруш ыкмаларын калыптандыруу;
- балдардын ден соолугун сактоого жана чыңдоого көмөктөшүү;
- балдарды багып кароо;
- балдарды алардын курагына жана тамак-аш азыктарын керектөөсүнүн физиологиялык ченемдерине ылайык келген тамак менен камсыз кылуу;
- ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) менен өз ара байланышта болуу;
- мектепке чейинки курактагы балдарды өнүктүрүүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө психологиялык-педагогикалык билимдерди ата-энелердин арасында жайылтуу;
- Мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик стандартына ылайык мектепке чейинки билим берүү уюмдарына балдардын топторун комплекттөө;
- финансылык тартипти сактоо, материалдык-техникалык базаны сактоо.
31. Мектепке чейинки билим берүү ишин жана натыйжаларын мониторингдөө жана контролдоо тартиби Мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик стандарты менен аныкталат.
6. Муниципалдык «ЖОМОК» мектепке чейинки билим берүү балдар бакчасын атайын (коррекциялык) билим берүү уюмунун финансылык-чарбалык иши.
32. Муниципалдык «ЖОМОК» мектепке чейинки билим берүү № 15 муниципалдык балдар бакчасын каржылоо жергиликтүү финансылоо ченемдеринин негизинде жүргүзүлөт.
33. «ЖОМОК» мектепке чейинки билим берүү № 15 муниципалдык балдар бакчасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган акы төлөнүүчү кошумча билим берүү (стандарттан жогору) жана ден соолукту чыңдоо кызматтарын көрсөтүүгө укуктуу.
34. «ЖОМОК» мектепке чейинки билим берүү № 15 муниципалдык балдар бакчасынын бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартуу бюджеттен каржылоонун абсолюттук өлчөмдөрүн азайтууга алып келбейт.
35. «ЖОМОК» мектепке чейинки билим берүү № 15 муниципалдык балдар бакчасы ийримдерди, клубдарды, спорттук жана башка бирикмелерди уюштурууга укуктуу.
36. «ЖОМОК» мектепке чейинки билим берүү № 15 муниципалдык балдар бакчасынын мүлкүн жана финансылык каражаттарын түзүүнүн булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу тарабынан жергиликтүү бюджеттен жылына бөлүнүп берген каражаттар;
- тарбиялануучулардын ата-энелеринин жалпы чогулушунун протоколунун негизинде белгиленген төлөмдүн (взностун) суммасы.
37. жергиликтүү бюджеттен ажыратылган жана ата-энелеринин жалпы чогулушунун протоколунун негизинде белгиленген төлөмдөн (взностон) тышкары фонддорду ачууга тыюу салынат.
38. «ЖОМОК» мектепке чейинки билим берүү № 15 муниципалдык балдар бакчасынын жетекчиси өзүнө бекитип берилген менчиктин сакталышы жана натыйжалуу пайдаланылышы үчүн жооп берет.
7. «ЖОМОК» мектепке чейинки билим берүү № 15 муниципалдык балдар бакчасынын өзгөртүп түзүү жана жоюу.
39. Мектепке чейинки билим берүү уюмун өзгөртүп түзүү жана жоюу, эреже катары, окуу жылынын аягында жүргүзүлөт. Уюштуруучу балдардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) менен макулдашуу боюнча аларды башка мектепке чейинки билим берүү уюмдарына которуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алат.
40. Жоюлган учурда, милдеттенмелерди жабуу боюнча төлөмдөрдү алып салганда, билим берүү уюмдарынын акча каражаттары жана башка мүлкү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана билим берүү уюмунун Уставына ылайык колдонулат.
41. Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттары менчиктештирилүүгө, сатылууга жана профили өзгөртүлүүгө тыюу салынат.
42. Мектепке чейинки билим берүү уюмун өзгөртүп түзүү жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Шаардык Кеңештин жооптуу катчысы _______________ Дж.Кошоева