Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын кезексиз XII -сессиясы
2019-жылдын 22-январы № 6
Могол айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесине келген атайын техниканы эксплуатациялоо жөнүндө Жобону бекитүү
Могол айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесине келген фронталдык погрузчик LOVOLFL953 маркасындагы атайын техниканы пайдалануу тууралуу Жобо менен таанышып жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХIV–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Могол айыл аймагынын жайыт пайдаланычуулар бирикмесинекелген фронталдык погрузчик LOVOLFL953 маркасындагы атайын техниканы пайдалануу тууралуу Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Фронталдык погрузчик LOVOLFL953 маркасындагы атайын техниканы коммерциялык максаттагы кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифи жобонун №1-тиркемесине ылайык бекитилсин.
3. Могол айыл аймагынын жайыт пайдаланычуулар бирикмесинин карамагындагы атайын техникадан түшкөн акча каражаттарын максаттуу пайдалануу жагы жайыт пайдаланычуулар бирикмесинин төрагасы М.Лукумовко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин агрардык азык-түлүк, токойчулук жана айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Омурзаков |
Могол айылдык Кеңешинин 2019-жылдын 22-январындагы
кезектеги ХIV-сессиясынын№6-токтомуна №1- тиркеме
Фронталдык погрузчик LOVOL FL 953 маркасындагы атайын техниканы эксплуатациялоо жөнүндө
Ушул Жобо Фронталдык погрузчик LOVOL FL 953 маркасындагы атайын техниканы пайдалануу тууралуу Жобо болуп эсептелет, (мындан ары Жобо) Жобо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана коомчулуктун жайытты башкаруу планына негиз жогоруда аталган техниканы максатка ылайык пайдалануу үчүн иштелип чыгылган.
I. Жалпы жоболор
Айыл өкмөтү алынган техниканы АРИС, айылдык кеңеш, айыл өкмөтү жана жайыт комитетинин ортосунда түзүлгөн алкактык келишимгенегиз жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынжетекчиликке алуу менен өз балансына кабыл алат.
Фронталдык погрузчик LOVOL FL 953 маркасындагы атайын техниканы эксплуатациялоо жана пайдалануу тартиби (мындан ары атайын техника), Айыл өкмөтү кабыл алынган атайын техниканы, Жайыт комитетинин оперативдүү башкаруусуна өткөрүлүп берилет жана механизаторду тандоо конкурстук негизде жүргүзүлөт.
Атайын техниканы эксплуатациялоону пайдалануу боюнча укугун жайыт комитетине өткөрүп берет жана жайыт комитет жооптуу болуп эсептелет.
Атайын техника айыл аймагынын жайыттарынын жолдорун жана башка кызматтарды кылууга ошондой эле жакын турган айылдарда пайдаланылат жана төмөндөгү Жайытты башкаруу планында жана жылдык планда белгиленген жумуштарды жана комерциялык кызматтарды көрсөтөт.
Жайытты башкаруу планында белгиленген иш-чаралар:
Жайыт жолдорун оңдоо;
Өтмөк жолдорду жана көпүрөнү оңдоо;
Топурактын эрозияга учуроо коркунучу бар жерлердеги дамбалардын жеектерин бекемдөө;.
Тоют камдоо максатында ички чарбалык арыктарды, дренаждарды жана каналдарды тазалоо;
Жогоруда белгиленген планда көрсөтүлгөн жайыттарды жакшыртуу үчүн көрсөтүлгөн жайыт комитетинин бюджетинен каржыланган иш-чараларды аткарууга колдонулат;
Комерциялык кызматтар буюртмачынын кайрылуусуна негиз аткарылуучу жумуш техника аткаруучу жумушка туура келсе көрсөтүлөт. Көрсөтүлгөн кызматка акы төлөө жайыт комитети тарабынан иштелип чыгылган жана айылдык кеңеште бекитилген кызмат көрсөтүү тарифине негиз төлөнөт.(тиркеме №1).
Атайын техниканы эксплуатациялоодо жайыт комитети техникалык коопсуздук, экологиялык жана санитардык нормаларды сактоо менен ушул жобону жетекчиликке алат.
Механизатор, мехинизаторды тандап алуу боюнча өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгына негиз тандалып алынат. (Тиркеме№2).
Атайын техниканы эксплуатациялоо боюнча келип чыккан талаш-тартыш маселелер аксакалдар сотунун отурумунда жайыт комитетинин жана текшерүү комиссия мүчөлөрүнүн, айыл өкмөтүнүн башчысынын катышуусунда чечилет.
2. Тараптардын милдеттери:
Кыргыз Республкасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен атайын техниканы башкаруу жана тейлөө боюнча персоналдын сандык жана сапаттык курамын аныктайт;
атайын техниканын иштөө графигин иштеп чыгат жана ЖПБ мүчөлөрүнө жеткирет;
атайын техниканы пайдалануу менен аткарылган жумуштардын эсебин алат;
көрсөтүлгөн коммерциялык кызматтар үчүн алынган каражаттарга финансалык документерди берүүгө (чек/киреше ордердин квитанциясыж.б.) жана алынган, жумшалган каражаттардын финансалык эсебин алууга;
айыл өкмөтүнүн жана жайыт комитетинин бюджетинен каржыланган жумуштар боюнча финансалык отчетторду берүүгө;
техниканы кармоону ветеринардык, экологиялык жана санитардык нормаларды, техниканы башкаруучу персоналдын техникалык коопсуздугун сактоо менен кармоо;
эксплуатациялоо боюнча кабыл алынган чечимдердин жана түзүлгөн келишимдин талаптарын аткаруу;
тиешелүү мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО корутунду сунуштарын аткарууга алуу;
Атайын техниканы эксплуатациялоо боюнча мониторинг жана баалоо иш чараларын жүргүзүү үчүн талап кылынган документерди ЖӨБО, донорлорго керектүү документерди берүү;