Загрузка документа…
(Красный восток айылдык кеңешинин
2020-жылдын 28-майындагы № 18/1 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КРАСНЫЙ ВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 09-апрели № 12/1
Жер тилкесин ат майданын куруу үчүн которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31- беренесине, 18-беренесинин 10-пунктуна ылайык, ат майданын курууга Красный Восток айыл аймагынын “Садовый” участкасынан 32,2 га, жайыт жерлерин бөлүп берүүгө жана ал жерлерди
“Айыл чарба жерлери” категориясынан “Өндүрүш, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга топтолгон жерге жайгаштыруу материалдарына өзгөртүүлөр киргизилгендигине байланышту Красный Восток айыл аймагынын башчысынын маалыматын угуп, Красный Восток айылдык Кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ат майданын курууга Красный Восток айыл аймагынын “Садовый” участкасынан 32,2 га, төмөндөгү контурлардагы № 24, 27, 26, 29, 32, 33, 37, 36, 54, 38, 39, 40, 44, 47, 45, 46 жайгашкан жайыт жерлерин бөлүп берүүгө жана ал жерлерди “Айыл чарба жерлери” категориясынан “Өндүрүш, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Ат майданын куруу үчүн, Красный Восток айыл аймагынын “Садовый” участкасынан 32,2 га, төмөндөгү контурлардагы № 24, 27, 26, 29, 32, 33, 37, 36, 54, 38, 39, 40, 44, 47, 45, 46 жайгашкан жайыт жерлерин “Айыл чарба жерлери” категориясынан “Өндүрүш, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга материалдар топтому Жайыл райондук администрациясына жөнтүлсүн.
3. Красный Восток айылдык Кенешинин 2015 - жылдын 21-апрелиндеги № 14/4 “Жер тилкесин ат майданын куруу үчүн которууга макулдук берүү жөнүндө” токтому жана Красный Восток айыл аймагынын 2015-жылдын 7-августундагы “Жер тилкесин которуу жөнүндө” буюрмасы жокко чыгарылсын жана жараксыз деп табылсын.
4. Бул токтом Красный Восток айыл аймагынын сайтына чыгарылсын (электрондук дареги www.kr-ao.kg).
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ченемдик укуктук актылар реестринде катталган убактан тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу Красный Восток айылдык Кенешинин жер боюнча депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б.Закиров |