Загрузка документа…
КРАСНЫЙ ВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28 майы № 18/1
Красный Восток айылдык Кеңешинин айрым актылары күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 28, 36 беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 10,17-беренелеринин негизинде, Красный Восток айылдык Кеңешинин айрым токтомдорун инвентаризация, иреттөө жана тегиздөө максатында, Красный Восток айылдык Кеңешинин депутаттарынын отуруму токтом кылат:
1. Күчүн жоготту деп таанылсын;
- Красный Восток айылдык Кеңешинин 2019-жылдын 9-апрелиндеги № 12/1 “Ат майданын куруу үчүн жер тилкесинин категориясын которууга макулдугун берүү жөнүндө” Токтому.
2) Красный Восток айылдык Кеңешинин 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 14/4 “Ат майданын куруу үчүн жер тилкесинин категориясын которууга макулдугун берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Токтому.
2. Бул Токтом, Красный Восток айыл аймагынын өздүк сайтында жарыялансын (электрондук адреси www.kr-ao.kg)
3. Бул Токтом, адилет министирлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына мамлекеттик ченемдик укуктук актылар реестрине каттоо үчүн жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылыш көзөмөлү Красный Восток айыл өкмөтүнүн башчысы Э.М.Алыбаевке жүктөлсүн.
5. Бул Токтом, расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б.Закиров |
|