Загрузка документа…
ЖЕРГЕТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-январы № 1
Жергетал айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин типтүү түзүмүн жана штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө
Жергетал айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин типтүү түзүмүн жана штаттык санын 2019-жылдын 1-январынан 31-декабрга чейин бекитүү жөнүндөгү билдирүүсүн карап жана талкуулап Депутаттардын Жергетал айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндөгү» токтомун негизинде Жергетал айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин типтүү түзүмү жана штаттык саны тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2.Жергетал айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адис кызмат орду иш кагаздар боюнча башкы адис кызмат орду болуп бекитилсин.
3.Жергетал айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо жана социалдык маданий маселелер боюнча жетектөөчү адис кызмат орду социалдык коргоо жана социалдык маданий маселелер боюнча башкы адис кызмат орду болуп бекитилсин
4.Жергетал айыл аймагында каттоодо 300 дөн 1000 ге чейинки аскерге милдеттүү жана аскерге чакырылуучу болгондуктан кошумча эки бошотулган аскердик эсепке алуу столунун инспектору алынсын.
4.Кабыл алынган чечимди көзөмөлгө алып аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сакеевке милдеттендирилсин.
Төрага | Ж.Молдояров |
Жергетал айылдык кенештин 2019-жылдын
______________ №___ токтомуна 1- тиркеме
№ | Кызматтык орду | Кызмат орундардын классификациясы, денгээли | Штаттык бирдик |
1 | Айыл аймактын башчысы |
| 1 |
2 | Жооптуу катчы | (Б-Б) | 1 |
3 | Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы | (У-А) | 1 |
4 | Киреше боюнча башкы адис | (У-Б) | 1 |
5 | Социалдык коргоо жана социалдык-маданий маселелер боюнча башкы адис | (У-Б) | 1 |
6 | Иш кагазадарды жүргүзүү боюнча башкы адис | (У-Б) | 1 |
7 | Жер,турак-жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адис | (К-А) | 1 |
8 | Киреше боюнча жетектөөчү адис | (К-А) | 1 |
9 | Маданият жана спорт тармактары боюнча адис | (К-Б) | 1
|
10 | Экономика жана статистика боюнча адис | (К-Б) |
|
11 | Аскердик-эсепке алуу столунун инспектору | (К-Б) | 1 |
12 | Аскердик-эсепке алуу столунун инспектору | (К-Б) | 1 |
13 | ТТК |
| 1 |
14 | МТК |
| 1 |
Жергетал айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы: Ж.Изабаев