Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-декабры № 92
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу ТИПТ// ЖОБОну бекитүү жана комиссияларын түзүү жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы № 01-18-126-буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу ТИПТҮҮ ЖОБОну бекитүү жана комиссияларын түзүү боюнча Салам-Алик айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу ТИПТҮҮ ЖОБОсу жана комиссия курамы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларынын сандык курамы так санда 11 адамдан түзүлсүн.
3. Комиссиянын курамына төмөндөгү атуулдар киргизилсин:
1. Тойчубекова Жазгүл -Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты, комиссиянын төрайымы;
2. Калыбеков Талант -Салам-Алик айылдык кеҢешинин депутаты, комиссиянын төрайымынын орун басары;
3. Кудайбердиев Тынчтык -Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башкы адис-
юристи, комиссиянын катчысы;
4. Асанов Максат -Кызыл-Чарба айылынын айыл башчысы,
комиссиянын мүчөсү;
5. Кыпчакбаев Төрөбек -Ак-Терек айылынын айыл башчысы,
комиссиянын мүчөсү;
6. Орунбаев Кенжетай -Кош-Этер айылынын айыл башчысы,
комиссиянын мүчөсү;
7. Сыяев Султанбек -Кызыл-Байрак айылынын айыл башчысы,
комиссиянын мүчөлөрү;
8. Осмонкулов Болотбек -Ара-Көл айылынын айыл башчысы,
комиссиянын мүчөсү;
9. Чотев Бактыбек -15 жаш айылынын айыл башчысы,
комиссиянын мүчөсү;
10. Бекташова Батма -Салам-Алик айыл аймагынын аялдар
кеҢешинин төрайымы, комиссиянын мүчөсү;
11. Тагаев Турабай -Салам-Алик айыл аймагынын аксакалдар
сотунун төрагасы, комиссиянын мүчөсү;
4. Түзүлгөн комиссия курамы туруктуу иштөөчү коллегиялдуу орган болуп саналат жана өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка укуктук актыларды жана Жобону аткаруу менен иш алып барышсын.
5. Токтомду көзөмөлгө алуу Салам-Алик айылдык кеҢешинин мыйзамдуулук, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар менен иштөө жана этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Таштемиров |
Салам-Алик айылдык кеңешинин 2018-жылдын
21-декабрындагы № 92 токтому менен бекитилген
1. Ушул Типтүү жобо(Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде(мындан ары-Кодекс) каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын (мындан ары-Комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
2. Комиссия жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп саналат.
3. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кеңштин чечими менен бекитилет.
4. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6. Комиссия жергиликтүү кеңешти алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес өткөн календардык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кеңешке киргизет.
7. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
8. Комиссия так санда, 5-11 адамдан, Комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
9. Жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүчү Комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет:
-жергиликтүү кеңештин депутаттары;
-муниципалдык кызматчылар;
-айыл аймагында жашаган жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү(макулдашуу боюнча)
Комиссиянын төрагасы комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен, ал эми Комиссиянын катчысы айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчысы болгон комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен дайындалат.
10. Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн 21 жашка толгон, атайын жана (же) жогрку билимдүү Кыргыз Республикасынын жараны Комиссиянын мүчөсү боло алат.
11. Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн:
-соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз деп табылган же акталбаган негиздер боюнча жоопкерчиликке тартылган;
-медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы боюнча комиссия мүчөсүнүн ыйгарым укутарын аткаууга тоскоолдук кылган адамдар комиссиянын мүчөсү ьоло албайт.
12. Комиссиянын иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктары жергиликтүү кеңеш комиссияны түзүү жөнүндө чечим кабыл алаган күндөн тартып башталат жана комиссиянын жаңы курамы бекитилген учурдан тартып токтотулат.
13. Комиссиянын жаңы мүчөсү Комиссиянын мурдагы мүчөсүнүн ыйгарым укутарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан 15 календардык күндөн кеч эмес бекитилет.
14. Комисиянын ыйгарым укуктары Комиссия өз укуктарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарганда жергиликтүү кеңештин чечими менен токтотулушу мүмкүн.
15. Комиссиянын жаңы курамы Комиссиянын мурдагы ыйгарым укуктары токтотулгандан 5 календардык күндөн кеч эмес түзүлөт.
16. Комиссиянын ыйгарым укуктары Кодексте каралган.
17. Комиссия бузуулар жөнүндө иштерди отурумдарда карайт. Комиссиянын отурумдары зарылчылыгына жараша(материалдардын түшүшүнө карата) өткөрүлөт. Комссинянын отурумдарынын мезгилдүүлүгү бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзам тарабынан аныкталган мөөнөттөрүн сактоо камсыз кылынгандай болууга тийиш.
18. Эгерде Комисиянын жалпы мүчөлөрүнүн үчтөн экиси катышсы, Комиссиянын отуруму укуктуу болот.
19. Эгерде Комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн жарымынан көбө добуш берсе чечим кабыл алынды деп эсептелет.
20Бузуулар жөнүндө ишти Комиссия иштин материалдарды келип түшкөндөн баштап он күндүк мөөнөттө. Кодексте аныкталган тартипте карайт.
21.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары өз чечимдери менен бузуулар жөнүндө протокол түзүү боюнча ыйгарым укук берилген кызмат адамдарнын тизмегин аныктайт.
22.Комиссия чечимди аныктама же токтом түрүндө чыгарат.
23.комиссия, бузуу дөнүндө ишти карап чыгып:
а) төмөндөгү токтомдордун бирин чыгарат:
1) жаза чарасын колдонуу жөнүндө:
2) тумду кошуп эсептөө жөнүндө (Кодекстин 29-беренеси):
3) иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө.
б) ишти кароо Комиссиянын компетенциясын кирбей тургандыгы ачыкталган кезде, ишти ведемостволоук караштуулугу боюнча өткөрүп берүү жөнүндө аныктама чыгарат.
24. Иш боюнча чыгарылган токтомго даттануу тартиби, жаза чаралары жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө токтомду атаруунун тартиби Кодексте каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
25.Комисиянын ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрөгасы уюштурат.
26.Бузуу жөнүндө иштерди кароодо Комиссиянын мүчөлөрү бирдей укукка ээ.
27.Комиссиянын мүчөлөрү.
Төмөндөгү милдеттүү:
-Комиссия тарабынан каралып жатан бузуу жөнүндө иштердин материалдары менен таанышууга;
-бузуу жөнүндө иштери боюнча иликтөөгө жана далилдерге баа берүүгө катышууга;
-Комиссиянын чечимдерин чыгарып жатанда талкуулоого жана добуш берүүгө катышууга;
-журум турумдун этикасынын эрежелерин сактоого;
-Комиссиянын отурумдарынын протоколуна кол коюуга.
Төмөндөгүлөргө укуктуу:
-бузуу жөнүндө иштерге катышып жаткан адамдарга суроолорду берүүгө;
-бузуу жөнүндө иштер боюнча кабыл алынып жаткан ченемдер боюнча сунуштарды кийирүүгө;
-Кодексте каралган башка укуктарга.
28.Комиссиянын төрөгасы, комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары төмөндөгүлөргө милдеттүү:
-Комиссиянын ишмердүүлүгүн пландаштыруу, уюштуруу жана жетектөө;
- Комиссиянын отурумдарында төрагалык кылуу;
- Комиссиянын отурумун күн тартибин бекитүү;
- Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго),
ошондой эле Комиссиянын башка докменттерине кол коюу;
-Комиссиянын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү.
Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөсүнүн укуктарынан сырткары, төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
Өз компетенциясынын чгинде Комиссиянын атынан ишеним катсыз аракеттерди жасоого жана мамлекеттик бийликтин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жана жарандар менен болгон мамилелерде Комиссиянын кызыкчылыктарын билдирүүгө;
- Комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелербоюнча тапшырмаларды берүүгө;
- Ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка укуктарга.
29. Комиссиянын төрагасынын орун басары Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары:
- бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын отурумунда кароого алдын-ала даярдоону уюштурат;
- Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
- Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын ишке ашырат;
-ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка функцияларды аткарат.
30. Комисиянын катчысы, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттерин аткаруудан сырткары:
-бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын кароосуна даярдоону уюштурат;
-өз ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасынын жетекчилигинин астында ишке ашырат;
- Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
-келип түшкөн материалдарды, билдирүүлөрдү жана арыздарды, ошондой эле бузуу жагдайы бар экендигин көрсөткөн, массалык маалымат каражаттарында (анын ичинде Интернетте) жарыяланган кабарлардыкабыл алат жана каттайт;
-бузуулар жөнүндө протоколдорду, Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдарду жана аныктамаларды Кодекстин жана ушул Жобонун талаптарына ылайык даярдоону жана тариздөөнү камсыз кылат;
- Комиссиянын мүчөлөрүн, бузулар жөнүндө өндүрүшкө катышып жатышкан адамдарды талаптагындай ишти кароонун убактысы жана орду тууралуу кабарландырат, аларды Комиссиянын кароосуна киргизилген иштердин материалдары менен тааныштырат;
- Комиссиянын отурумдарынын протоколун жүргүзөт жана тариздейт, аларга кол коет;
- Комиссия тарабынан чыгарылган ченемдерге (аныктамаларга жана токтомдорго) кол коет;
-аныктамалардын жана токтомдордун көчүрмөлрүн тиешелүү адамдарга белгиленген мөөнөттөрдө тапшырууну же жөнөтүүнү камсыз кылат;
- Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорго жана аныктамаларга даттанууларды кабыл алат, аларды кароону уюштурат;
- Комиссия тарабынан чыгарылган аныктамаларды жана токтомдордун аткарылышына көзөмөл жүргөзөт;
- Комиссиянын иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн жана сакталышын камсыз кылат;
-булуулар жөнүндө иштерди кароону тажрыйбасын иликтейт жана жалпылайт, Комиссиянын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт;
-отчеттуулукту жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт;
-Кодексте жана ушул Жобого ылайык башка милдеттерди атарат.
Комиссиянын катчысы убактылуу жок болгон учурда анын милдеттерин кмиссиянын төрагасынын тапшыруусу боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн бири аткарып турат.
31.Эгерде Комиссиянын мүчөлөрү:
-бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын, жабырлануучунун, анын мыйзадуу өкүлдөрүнүн, кргоочусунун, өкүлүнүн, адвокатынын, ошондой эле күбөсүнүн, эксперттин, адистин, котормочунун туугандары болушса:ү;
-иштин чечилишине тике же кыйыр түрдө кызыдар болушса, аларды бузуулар жөнүндө иштерди кароого катышууга акысы жок.
32.Иш кагаздарын жүргүзүүгө жалпы жетекчилик Комиссиянын төрагасы тарабынан ишке ашырылат, ал бул иштин абалы үчүн жоопкерчилик тартат.
33.Эсеп журналдарынын сакталышы, аларга маалыматтардын өз убагында жана анык так киргизилиши үчүн жоопкерчиликти Комиссиянын катчысы таратат.
34. Бузуулар жөнүндө иш өндүрүшүнүн катышуучуларына бардык зарыл докменттерди жөнөтүү Комиссиянын катчысы тарабынан жүргүзүлөт.
35. Бузуулар жөнүндө иштер боюнча кабарламалар ишти кароонун датасы дайындалгандан кийинки күндөн кеч эмес жиберилиши керек (№3-тиркеме).
Жиберилген кабарлама адресета тапшырылбай калганы билинген учурда, аныктоого, бул тууралуу Комиссиянын төрагасынын билдирүүгө, анын көрсөтмөсү боюнча кабарламанын өз убагында тапшырылышын амсыз кылуучу чараларды көрүүгө милдеттүү.
Комиссиянын отурумуна келбеген адамдардын кабарламаларынын айырма бөлүгү ишке тигилет.
36.Бузуу жасалган жерде айып пул өндүргөн учурда айып пулду төлөө банк картасын пайдалануу менен терминал аркылуу жүргүзүлөт, ал эми төлөөнүн мындай формасы мүмкүн болбогондо, Комиссиянын катчысы бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга кабыл алынган үлгүдөгү, атайын финансылык отчеттулуктун докменти болуп эсептелүүчү жана эки нускада түзүлүүчү айып пул дүмүрчөгү (квитанциясын) берет. Жоопкерчиликке тартылып жатан адам салынган айып пулду ыктыярдуу төлөөгө макулдугун билдирип айып пул дүмүрчөгүнүн (квитанциясынын) биринчи нускасына кол коет, экинчи нускасы жаза чарасы колдонулуп жатан адамга берилет.
37. Комиссиянын катчысы бузуулар жөнүндө иштерди түзүүнү, аларды төмөндөгүдөй хронрлогиялык тартипте топтоштуруп тигүүнү камсыздайт:
-бузуулар жөнүндө протокол жана ишке башланыштуу башка материалдар;
-отурумдун процессинде ишке кошулган , келип түшкөн иретинде жайгаштырылган бардыкдокметтер;
-белгиленген тартипте кол коюлган комиссиянын отурумунун протоколу;
-ишти кароонун жыйынтыгында отурумда чыгарылган аныктамалар, токтомдор.
Бардык докменттер көктөмгө алардын тексти көрүнүп тургандай болуп көктөлөт.
38. Комиссия тарабынан каралган бардык иштер эсепке алынууга жатат.Иштин номуру каттоо журналындагы катар номурун жана келип түшкөн жылды камтыйт.
39.Бузуулар жөнүндө протокол түзүүчү кызмат адамдары бузуулар жөнүндө каралган иштер тууралуу маалыматтарды Комиссия мнен ай сайын салыштырып турушат.
41.Комисся ай сайын Комиссия тарабынан салынган айып пулдарын келип түшүшүн кызыкчылыктын райондук (шаардык) бөлүмү менен салыштырып тешерип турат.
40. Комиссия төмөнкүдөй эсеп журналдарын жүргүзө алат:
-бузуулар жөнүндө иштерди эсепке алуу жуналы;
-айып пул салынган адамдарды эсепке алуу журналы;
-бузууну жасоо үчүн жоопкерчиликке тартылып адамдарга жиберилген кабарламаларды эсепке алуу журналы (№4-тиркеме).
41. Журналдардын барактары номурланган, мөөр менен бекитилген болууга тийиш, эсеп журналдагы бардык жазуулар окуй алгыдай даана, көк же сыя көк түстөгү сыя (паста) менен жазылат.
42.Журналдарды сактоо мөөнөтү 3 жыл Бузуулар жөнүндө иштерди сактоо мөөнөтү 5 жыл Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганда алар тизим боюнча архивге тапшырылат.
43 Эсепке алуу журналдары ички колдонуунун докменттери болуп эсептелет жана мекеме-уюмдарга, жеке жарандарга же кызмат адамдарына, Кыгыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан сырткары, Комиссиянын төрагасынын уруксатсыз.