Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 08-февралы № 38
Токтогул шаарында “Таза Суу” долбоорун ишке ашыруу максатында ичүүчү таза сууну, саркынды сууларды кетирүүчү түтүктөрдү (канализация) пайдалангандык үчүн тарифтерди жогорулатуу зарылчылыгы Токтогул өндүрүштүк-эксплуатациялык “Суу Канал” ишканасы менен Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕБРР) 2017-жылдын 11-майында түзгөн келишимдин шарттарына байланыштуу келип чыккан.
Жыйынтыгында, ишкананын жетекчиси Ч.Анарбаевдин 06.02.2019-жылдагы №14 сунушу шаардык кеңештин “Экономика, бюджет, финансы рыноктук инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралып, корутундусу сессиянын кароосуна сунушталган.
Туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тарифтерди негиздөөчү эсептөөлөрдүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облустук бөлүмү менен макулдашылгандыгы эске алынсын.
2. Шаар аймаганда ичүүчү таза сууну жана саркынды суу кетүүчү түтүктөрдү пайдалангандыгы үчүн тарифтер тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).
3. Бекитилген жаңы тарифтер боюнча жашоочулар арасында, мекеме, ишканалардын жетекчилерине, коммерциялык уюмдардын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн, маалымат каражаттары аркылуу керектөөчүлөргө жеткирилсин.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Токтомду аткаруу “Суу канал” ишканасынын жалпы эмгек жамаатына, жетекчисине (Ч.Анарбаев), Токтогул шаарын мэрине (Б.Болгонбеков) милдеттендирилсин.
6. “Экономика, бюджет, финансы рыноктук инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясы (А.Касымов ) бул токтомдун жалпы аткарылышын көзөмөлгө алсын.
7. 2019-жылдын 1-январынан баштап Токтогул шаардык кеңешинин 02.02.2018-жылдагы кезексиз XXXIII сессиясында кабыл алынган № 150 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
8. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).
Төрага: | М.Н.Жусупахунов |
| Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 08.02.2019-жылдагы кезектеги X сессиясынын № 38 токтомуна Тиркеме
|
Токтогул шаарында 2019-жылдын 1- январынан баштап ичүүчү сууну жана саркынды сууларды кетирүүнү (канализация) пайдалангандык үчүн тарифтер
№ | Ачыктама | Өлчөө бирдиги | Баасы (сом) |
1 | Токтогул шаарынын жашоочуларына | 1 м3 | 9,91 |
2 | Бюджеттик мекемелерге | 1 м3 | 17,66 |
3 | Коммерциялык ишканаларга | 1 м3 | 17,66 |
4 | Саркынды сууну кетирүүгө | 1 м3 | 14,76 |
Төрага: | М.Н.Жусупахунов |