Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-декабры № 145
КРнын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 24.07.2018-ж. №01-18/89 буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын Типтүү этикалык кодексин бекитүү жөнүндө” жобону карап жана талкуулап чыгып, Орозбеков айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айылдык кеңешинин депутаттарынын Типтүү этикалык кодекси тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Айылдык кеңештин депутаттарына депутаттык ишмердүүлүктөрүн депутаттык этиканын эрежелерин сактоо менен жүргүзүү жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына ( ) жүктөлсүн.
Төрага | А. Назарбаев |
Орозбеков айыл аймагынын айылдык
кеңешинин 2018-жылдын 12-декабрындагы
№ 145 -токтомуна №2- тиркеме
Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын Типтүү этикалык кодекси жөнүндө
ЖОБО
Бул Кодекс Орозбеков айылдык кеңешинин депутаттарына сөзсүз аткарууга милдеттүү болгон моралдык принциптерин жана жүрүм-турум эрежелерин аныктайт.
Депутаттык этика – бул депутаттардын депутаттык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу учурундагы негизги моралдык жана адептүүлүк жүрүм-турум нормаларынын жыйындысы.
Ар бир депутат өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууда үлгү болууга умтулуп, кынтыксыз кесиптик жана жарандык беделге ээ болуусу керек.
1. ЖАЛПЫ ЖОБО
Орозбеков айылдык кеңешинин депутаттары (мындан ары - депутаттар) тийиштүү айыл калкынын өкүлү катары өзүнүн ишмердүүлүгүндө алардын кызыкчылыктары ошондой эле социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүү максаттарын жетекчиликке алуу керек.
Депутаттар өз макамын аймактын жана алардын жашоочуларынын кызыкчылыктарына зыян келтирген аракеттерге жумшабаш керек.
Депутаттар өз аракеттерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык,жергиликтүү өз алдынча башкаруунун Жобосуна, жергиликтүү кеңештин регламентине жана башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүргүзүшөт.
Депутаттар өздөрүнүн ишмердүүлүгүндө, анын ичинде депутаттык ыйгарым укуктарын аткарбаган учурларда дагы, жалпыга таанылган моралдык жана адептүүлүк нормаларды жетекчиликке алуу керек.
Депутаттар депутаттын жана аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аброюна шек келтирүүчү аракеттерден жана жоруктардан алыс болуш керек.
Депутаттар өзүнүн кадырын сактоо менен бирге башка депутаттардын, кызматтык адамдардын жана жарандардын кадырын сыйлаш керек.
Депутаттар өзүнүн депутаттык мандатын депутаттык ишмердүүлүккө тиешеси жок максаттарга пайдалана албайт.
II. АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫНЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ ТИЙИШТҮҮ ДЕПУТАТТЫК ЭТИКАНЫН ЭРЕЖЕЛЕРИ
2.1. Депутаттар айылдык кеңештин ишине өзүнүн позициясын коркутуп-үркүтүү, кескин талаптарды коюу жана башка ушул сыяктуу аракеттерди жасабай иштиктүү жана жөндүү катышууга тийиш.
2.2. Ар бир депутат айылдык кеңеште иштиктүү кызматташтык жана өз ара колдоо, ак ниеттүү жана жолдоштук чөйрөнү түзгөнгө жардам кылат.
2.3. Депутаттар өзүнүн жумушун каралып жаткан маселелер боюнча теңчиликтин негизинде жана эркин жамааттык талкуулоо принцибинде чечим кабыл алып, ар түрдүү пикирлерди сыйлоо менен, чыр-чатакка жеткирбей, пикир келишпестиктерди талкуулоо менен чечүү жолдорун табуу менен жүргүзүү керек.
2.4. Депутаттар бири-бирине жана жыйындар өтүүчү залдагы бардык катышуучуларга расмий түрдө кайрылуу керек. Ыгы жок теңтушсунуп жана тоотпостук менен кайрылууларга жол берилбейт. Айылдык кеңештин сессия жана комиссиялары өтүп жаткан учурларда депутаттар иштиктүү стилде кийинүү керек.
2.5. Депутаттар чыгып сүйлөөрдүн алдында өзүнүн айта турган сөзүн даярдап анан сүйлөш керек. Талкууланып жаткан маселе боюнча так жана багыттуу, жеткиликтүү тил менен, ар кандай мааниси жок сөздөрдү колдонбой сүйлөш керек. Депутаттарга айылдык кеңештин жана комиссиялардын иши жүрүп жаткан учурда уюлдук телефон аркылуу сүйлөшүүгө тыю салынат.
2.6. Депутаттар, калктын кызыкчылыктарын көрсөтүүдө башка депутаттардын ынанымына, салттарына, этникалык жана социалдык топтордун, диний конфессиялардын маданий өзгөчөлүктөрүн сыйлоо жана чыдамдуулук менен мамиле кылуу керек. Этностор аралык жана конфессия аралык биримдикке жана тынчтыкка жардам берет.
2.7. Депутаттар айылдык кеңештин тийиштүү комиссияларынын отурумдарына катышууга тийиш. Депутат айылдык кеңештин отурумдарына жүйөсүз катары менен 3 жолу катышпаса депутаттык милдетин аткарбагандыгы тууралуу маселе депутаттык этика боюнча комиссияда каралат.
Жүйөлүү себептер менен жыйындарга катышууга мүмкүнчүлүгү болбосо, депутат жыйынга чейин 2 күндөн кечиктирбей айылдык кеңештин төрагасына маалымдап коюу керек.
Жүйөлүү себептерге депутаттын ооруп калуусу, командировкада жана эмгек өргүүсүндө болуусу, маанилүү үй-бүлөлүк жагдайлар кирет.
2.8. Айылдык кеңештин сессиясында каралып жаткан маселеде катышып жаткан депутаттын, же анын жакындарынын финансылык же кандайдыр бир жеке кызыкчылыктары болсо, токтоосуз түрдө бул жөнүндө маалымдап, бул маселе боюнча добуш берүүдөн баш тартышы керек.
2.9. Депутаттар өздөрү кабыл алган айылдык кеңештин Регламентин, анын талаптарын жана тартипти сактоого чакырган сессияда төраганын талаптарына баш ийиши керек. Жүйөлүү себепсиз сессияга, комиссиялардын ишине, депутаттык угууларга жана башка айылдык кеңештин иш-чараларына кечикпей келиши керек.
2.9.1. Айылдык кеңештин депутаттарына – отурумду үзгүлтүккө учуратып же жөнү жок себептер менен башка шылтоо айтып нааразылык көрсөтүү иретинде отурум өтүп жаткан залдан чыгып кетүүгө, сөз берилбесе деле сүйлөөгө, күн тартибине коюлган маселеден сырткары же мааниси жок сүйлөгөнгө, кыйкырууга жана сүйлөп жаткан адамдын сөзүн бөлүп жарууга болбойт.
2.9.2 Депутат айылдык кеңештин отурумунда, депутаттык угууларда, туруктуу комиссиянын жана жумушчу топтордун ишине катышып жатканда отурумга төрагалык кылуучуга, башка депутаттарга, айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерине жана айылдык кеңештин отурумуна катышып жаткан башка адамдарга сылык мамиле кылуу менен адептүүлүгүн көрсөтүп, сый урмат менен мамиле кылуусу керек.
2.9.3. Депутат орой сөздөрдү колдонуп жана одоно мамилелерди жасабашы керек.
2.9.4. Депутаттар депутаттык ишмердүүлүгүн аткаруу учурунда жана аткарбай жүргөн убагында үчүнчү тараптан белектерди, акча түрүндө акы албашы керек жана алардын кызматынан пайдаланууга болбойт.
2.9.5. Депутаттар айылдык кеңеште сый акы алып кимдир бирөөнүн кызыкчылыгын сүрөмөлөөгө укуксуз.
III. ДЕПУТАТТАРДЫН ШАЙЛООЧУЛАР МЕНЕН ӨЗ АРА МАМИЛЕЛЕРИНДЕГИ ДЕПУТАТТЫН ЭТИКАЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРИ
3.1. Депутаттар өздөрүнүн округундагы шайлоочулар менен тыгыз байланышта болуусу керек, депутаттар шайлоочуларынын алдында жоопкер жана отчет берип турат. Депутаттар айыл аймагындагы бардык жашоочулардын кызыкчылыгын көздөйт.
3.2. Депутаттар менен шайлоочулардын ортосундагы мамиле сый урмат, сылык мамиле жана жарандардын кайрылууларына жана арызданууларына ыкыластуулук менен жасалган мамиледен куралат.
3.3. Депутаттар өздөрүнүн шайлоочуларынын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого чараларды көрөт: шайлоочулардан түшкөн кайрылууларды жана арыздарды кароодо өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде чечүүгө милдеттүү.
3.4. Депутаттар шайлоочуларынын алдында жылына 1 жолудан кем эмес отчет берет, өзүнүн айылдык кеңештин сессиясынын отурумундагы ишмердүүлүгү боюнча шайлоочулары менен болгон жолугушууларды жалпыга маалымдо каражаттары аркылуу билдирип турат. Шайлоочуларга берилген маалыматтар толук, анык жана обөективдүү болушу керек.
3.5. Депутаттар ай сайын белгиленген график боюнча шайлоочуларды жеке кабыл алууну жүргүзөт.
3.6. Депутаттар дайыма чыдамкайлыкты жана сыпайы, сылыктыкты көрсөтүүсү керек, айрыкча депутаттын ой пикири менен шайлоочунун ой пикири дал келбей калган учурда.
IV. ДЕПУТАТТЫН МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР, ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫ, ЮРИДИКАЛЫК ЖАНА ФИЗИКАЛЫК ТАРАПТАР МЕНЕН ӨЗ АРА МАМИЛЕЛЕРИНДЕГИ ДЕПУТАТТЫК ЭТИКАНЫН ЭРЕЖЕЛЕРИ
Депутаттар атайын ыйгарым укуктарга ээ болбогон учурда айылдык кеңештин атынан чыгуусуна, анын атынан мамлекеттик аткаруу органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка уюмдардын алдында расмий билдирүүлөрдү жасоого укугу жок.
Депутаттар депутаттын макамына байланыштуу мүмкүнчүлүктөрүн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана физикалык тараптар менен болгон мамилелеринде өз кызыкчылыгына пайдаланбашы керек.
Депутаттар айылдык кеңештин расмий бланкаларын депутаттын ыйгарым укуктарынын чегинде талаптарды чечүүдө, расмий каттарды жана документтерди жөнөтүүдө гана пайдаланууга милдеттүү.
Депутаттар депутаттык ишмердүүлүгүн аткарууга байланышпаган учурда айылдык кеңештин имаратын, телефондорун, автотранспортун жана башка материалдык-техникалык каражаттарын пайдаланууга болбойт.
Депутаттардын ыйгарым укуктарын аткаруу учурунда белгилүү болуп калган маалыматтарды жайылтууга болбойт, эгерде ал маалыматтар:
- мамлекеттик, коммерциялык же кызматтык сыр болсо;
- жарандардын жеке турмушу менен, юридикалык тараптардын ишкердик бедели жана ишмердүүлүгү менен байланыштуу болуп, аны жарыя кылбоо боюнча депутатка ишеним берилген болсо.
Депутат жарандардын жеке турмушу же үй-бүлөгө байланышкан маалыматтарды, юридикалык тараптардын ишкердик бедели жана ишмердүүлүгү боюнча жарыяланбай турган талаптарды атайлап же байкабастыктан олдоксон бузган болсо тараптардан кечирим суроосу керек.
Депутаттардын чет мамлекеттерге баруусундагы жүрүм-туруму Кыргыз Республикасынын жаранынын беделин жана депутаттык корпустун кадыр баркын көтөрүүгө багытталыш керек.
Депутаттар чет өлкөлөрдөгү сапарларында барган мамлекеттердин өзгөчөлүктөрүн, салт-санаасын жана мыйзамдарын сыйлоосу керек, этиканы сактап, конфликтик кырдаалды болтурбоого милдеттүү.
V. ДЕПУТАТТАРДЫН ЭЛ АЛДЫНДА ЧЫГЫП СҮЙЛӨӨ ЭТИКАСЫ
5.1. Депутаттар айылдык кеңештин отурумунда, депутаттык угууларда, жалпыга маалымдоо каражаттарындагы чыгып сүйлөөлөрүндө, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана жарандардын ишмердүүлүгү боюнча баяндама жасаганда текшерилген анык фактыларга гана таянышы керек.
5.2. Депутаттар эл алдында чыгып сүйлөгөндө же жалпыга малымдоо каражаттары аркылуу билдирүүлөрдү жасаганда сылык сыпайы болуп, жарандардын, кызмат адамдарынын абийирин, ар-намысын каралоого, юридикалык жана физикалык тараптардын ишкердик беделин булгоого жол бербеш керек.
5.3. Депутаттардын эл алдына чыгып сүйлөө учурунда жана билдирүүлөрүндө такталбаган фактылар айтылып калган болсо, ошондой эле жарандардын абийирин, ар намысын каралоого, юридикалык жана физикалык тараптардын ишкердик беделин түшүрүүгө атайын же кандайдыр бир себептер менен аракеттер жасалса, депутаттын эл алдында кемчилдигин мойнуна алуу менен алардан кечирим суроого милдеттүү.
Ушул пункт менен белгиленген депутаттын жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алдында ушул бөлүм боюнча тартип бузуу жоопкерчиликке тартуудан бошотпойт.
VI. ДЕПУТАТТЫН ЭТИКАЛЫК КОДЕКСИН САКТОО БОЮНЧА КӨЗӨМӨЛ ЖАНА АЛАРДЫ БУЗГАНДЫГЫ ҮЧҮН ДЕПУТАТТЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ
6.1. Депутаттардын депутаттык этикасы боюнча Эрежелеринин сакталышын депутаттардын ишмердүүлүгү жана этикасы боюнча Комиссия (мындан ары комиссия) көзөмөлдөйт.
Комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү депутаттар тарабынан депутаттык этиканын сакталышы боюнча тийиштүү чараларды көрүүгө милдеттүү.
6.2. Депутаттык этиканын эрежелерин бузуу боюнча маселени Комиссия өзүнүн демилгеси менен же айылдык кеңештин демилгеси боюнча карай алат.
6.3. Депутаттардын этикасын бузуу далили боюнча маселени кароо үчүн Комиссияга айыл аймагынын жашоочулары, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, ишкана, уюмдардын жана коомдук уюмдардын, бирикмелердин өкүлдөрү арыз менен кайрыла алат.
6.4. Депутаттардын этиканы бузгандыгы боюнча күнөөлөгөндө депутаттар Комиссияга кагаз жүзүндө документтерди көргөзүү менен негизделген каршылык көрсөтүүгө жана күнөөлөнгөндүгү боюнча оозеки түшүндүрмө бергенге укуктуу.
6.5. Депутаттардын ар намысына, кадыр баркына, ишмердүүлүк беделине шек келтирген негизсиз арыздануу боюнча депутаттар өздөрүнүн укугун мыйзамга каршы келбеген ыкмалар менен коргонууга укуктуу.
6.6. Депутаттардын мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына же сот органдарына ар намысын, кадыр баркын, ишмердик беделин коргоо боюнча Комиссияга кайрылуусуна аткаруу органдарынын аппараты депутаттын ар намысын коргоо боюнча көмөк көрсөтөт жана керектүү учурда анын кызыкчылыгын сот органдарынын алдында коргоого көмөктөшөт.
6.7. Комиссия депутаттын этикалык Кодексин бузуу боюнча маселени кароодо депутаттын этикалык Кодексин бузулгандыгы же бузулбагандыгы бар же жок экендигин аныктаган чечим кабыл алат.
6.8. Депутаттардын этикалык Кодексин бузуу фактысы боюнча Комиссиянын рекомендациясы боюнча гана каралат. Депутаттар тарабынан айылдык кеңештин отурумунда ушул эрежелердин бузулуусуна карата жергиликтүү кеңештин Регламентинде белгиленген тартипте жоопкерчилик чаралары колдонулушу мүмкүн.
6.9. Айылдык кеңеште депутаттын этикалык Кодексин бузган адамга төмөндөгүдөй чаралар көрүлүшү мүмкүн:
-депутаттын этикалык Кодексине туура келбеген жүрүм-турумун токтотууну сунуштайт жана кечирим суроону талап кылат.
-депутаттын этикалык Кодексин бузган факты боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу округдун шайлоочуларына жана мүчөлүгүнө жараша саясий партиясынын башкаруу органдарына маалымдайт.
6.9.1. Ушул пунктта белгиленген эрежелерди депутат одоно түрдө бузган болсо, Комиссия тарабынан этикалык Кодексин бузган депутатка чара көрүү маселеси айылдык кеңештин сессиясына чыгарылат.
Айылдык кеңеш депутаттын жоопкерчилиги боюнча маселени алдын ала Комиссиянын кароосу жок эле чечет. Этика кодекси одоно бузулгандыгын айылдык кеңеш аныктайт.
6.9.2. Депутаттын айылдык кеңеште жана анын органдарында өз милдеттерин системалуу түрдө аткарбай жүргөн учурда, айылдык кеңештин иштөө тартибин бузган учурда Комиссиянын алдын ала кабыл алган чечими менен айылдык кеңеш шайлоочуларга депутаттын өз милдеттерин аткарууга болгон мамилеси боюнча билдирет.