Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-январы № 152
Орозбеков айыл өкмөтүнүн алдындагы “Айыл-Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн тарифтерин бекитип берүү жөнүндө “Айыл-Тазалык” МИнын директору М.Токтоматовдун билдирүүсүн угуп, Орозбеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айыл өкмөтүнүн алдындагы “Айыл-Тазалык” муниципалдык ишканасынын калкка акы алуу менен көрсөтүлүүчү кызматтарынын тарифтери айыл тургундарынын макулдугу менен тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. “Айыл-Тазалык” МИнын директоруна бекитилген тарифтер менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Административдик-укуктук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Назарбаев |
Орозбеков айылдык кеңешинин
18.01.2019-ж. №152-токтомуна тиркеме
Орозбеков айыл өкмөтүнө караштуу “Айыл-Тазалык” муниципалдык ишканасынын физикалык жана юридикалык жактарга келишим негизинде акылуу кызмат көрсөтүүлөрдүн (ичүүчү суу менен камсыз кылуу, турмуш-тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана башка кызмат көрсөтүүлөр) тарифтери:
№ | Кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү | Физикалык жак | Юридикалык жак | Айыл өкмөтү үчүн |
1 | Турмуш-тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу | Ар бир ай үчүн 50 сом | Ар бир ай үчүн 200 сом | Акысыз |
2 | Ичүүчү суу менен камсыз кылуу | Ар бир жанга ай сайын 20 сом | Ар бир ай сайын 200 сом | Акысыз |
3 | Турмуш-тиричилик калыктарын атайын жерлерден тышкары таштоо жана ичүүчү сууну пайдалануу эрежелерин бузгандык үчүн айып пул салуу | Биричи жолу 500 сом, кайра кайталанса 1000 сом | Биричи жолу 2000 сом, кайра кайталанса 5000 сом | Биричи жолу 2000 сом, кайра кайталанса 5000 сом |
Түзгөн: М.Токтоматов