Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-январы № 153
Орозбеков айыл өкмөтүнүн алдындагы “Айыл-Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2019-жылга карата түзүлгөн иш планы жана бюджетин бекитүү жөнүндө “Айыл-Тазалык” МИнын директору М.Токтоматовдун билдирүүсүн угуп, Орозбеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айыл өкмөтүнүн алдындагы “Айыл-Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2019-жылга иш планы жана бюджети тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысына Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2019-жылгы бюджетине “Айыл-Тазалык” МИнын бюджетин эске алуу менен даярдоо жагы сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Назарбаев |
Бекитемин
Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысы:
______________________ А.Жолдошов
Орозбеков айыл өкмөтүнүн алдындагы “Айыл-Тазалык” МИнын 2019-жыл ичинде аткарылуучу иш-чаралардын планы:
№ | Иш-чаралардын аталышы | Аткаруу мөөнөтү | Аткарылуучу жумуштардын наркы (сом) | Эскертүү |
1 | Айыл аймагындагы турмуш-тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу | Жыл ичинде | 220 000 |
|
2 | Ички арыктардын ремонт иштерин уюштуруу | Жыл ичинде | 200 000 |
|
3 | Ички жолдордун ремонт иштерин уюштуруу | Жыл ичинде | 100 000 |
|
4 | Жолбун иттерди жок кылуу | Жыл ичинде | 180 000 |
|
5 | Айыл аймагын көрктөндүрүү иштерин алып баруу | Жыл ичинде | 100 000 |
|
6 | Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу | Жыл ичинде | 200 000 |
|
7 | Дем алуу жайларын уюштуруу | Жыл ичинде | 50 000 |
|
8 | Муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу | Жыл ичинде | 50 000 |
|
| Жалпы суммасы: |
| 1 100 000 |
|
“Айыл-Тазалык” МИнын директору: М.Токтоматов
Бекитемин
Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысы:
______________________ А.Жолдошов
Орозбеков айыл өкмөтүнүн алдындагы “Айыл-Тазалык” МИнын 2019-жыл үчүн түзүлгөн бюджетинин киреше бөлүгү:
№ | Иш-чаралардын аталышы | Аткаруу мөөнөтү | Аткарылуучу жумуштардын наркы (сом) | Эскертүү |
1 | Айыл аймагындагы турмуш-тиричилик калдыктарын ташып чыгуудан түшкөн каражат | Жыл ичинде | 120 000 |
|
2 | Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуудан түшкөн каражат | Жыл ичинде | 100 000 |
|
3 | Дем алуу жайларын уюштуруудан түшкөн каражат | Жыл ичинде | 40 000 |
|
4 | Айыл өкмөтү тарабынан берилүүчү субсидия | Жыл ичинде | 1 202 000 |
|
| Жалпы суммасы: |
| 1 100 000 |
|
“Айыл-Тазалык” МИнын директору: М.Токтоматов
Бекитемин
Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысы:
______________________ А.Жолдошов
Орозбеков айыл өкмөтүнүн алдындагы “Айыл-Тазалык” МИнын 2019-жыл үчүн түзүлгөн бюджетинин чыгаша бөлүгү:
№ | Иш-чаралардын аталышы | Аткаруу мөөнөтү | Аткарылуучу жумуштардын наркы (сом) | Эскертүү |
1 | “Айыл-Тазалык” МИнын 2019-жыл үчүн аткарыла турган иш-чараларына керектелүүчү каражаттар | Жыл ичинде | 1 100 000 |
|
2 | “Айыл-Тазалык” МИнын жетекчисинин 2019-жыл үчүн айлык маянасы | Жыл ичинде | 144 000 |
|
3 | Жетекчинин жардамчысынын айлык маянасы | Жыл ичинде | 98 000 |
|
4 | Канцелярдык чыгымдар | Жыл ичинде | 10 000 |
|
5 | Орг. техника үчүн | Жыл ичинде | 40 000 |
|
6 | Күйүүчү май үчүн | Жыл ичинде | 50 000 |
|
7 | Ар түрдүү чыгымдар | Жыл ичинде | 20 000 |
|
| Жалпы суммасы: |
| 1 462 000 |
|
“Айыл-Тазалык” МИнын директору: М.Токтоматов