Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-январы № 154
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл аймагынын “Орозбеков” жайыт комитетинин төрагасы Э.Темирбаевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап Орозбеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айыл аймагынын “Орозбеков” жайыт комитетинин жайыт акысы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Назарбаев |
Орозбеков айылдык кеңешинин
18.01.2019-ж. №154-токтомуна тиркеме
“Орозбеков” жайыт комитетинин 2019-жылга карата түзүлгөн жайыт акысы:
№ |
Аталышы | Айыл аймагынын мал жандыктар үчүн төлөө суммасы (ар бир башка) | Сырттан келген мал жандыктар үчүн төлөө суммасы (ар бир башка) |
1 | Майда мүйүздүү малдар | 20 сом | 80 сом |
2 | Ири мүйүздүү малдар | 80 сом | 500 сом |
3 | Жылкылар | 80 сом | 500 сом |
Жооптуу катчы: Р.Толобаева