Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 04-декабры № 15/1
Кара-Кулжа райондук прокуратурасы тарабынан 22.09.2018-жылдагы №11-1234-18- “Ченемдик укуктук актыларынын бузулушун” жоюу боюнча Кара- Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким П.Дыйкановдун 2018-жылдын 28-сентябрындагы № 299 буйругун Кара-Гуз айылдык Кеңешинде кароо жөнүндө
Кара-Кулжа райондук прокуратурасы тарабынан 22.09.2018-жылдагы №11-1234-18- “Ченемдик укуктук актыларынын бузулушун” жоюу боюнча Кара- Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким П.Дыйкановдун 2018-жылдын 28-сентябрындагы № 299 буйругунда каралган Кооптуу аймактарда жашаган жарандарды коопсуз аймактарга көчүрүп чыгарууда жана кооптуу аймактарга кайрадан көчүп барып отурукташып алган жарандар менен иш алып барууда талаптагыдай иш жүргүзбөй , бул маселе боюнча Кара- Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиялык жана аппараттык жыйындарында берилген тапшырмаларды аткарбай Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндөгү” Мыйзамдарын одоно түрдө бузууга жол койгондугу үчүн Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жумаевди кызматтан четтетүү боюнча карап чыгып жана талкуулап Депутаттардын Кара-Гуз айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жумаевди Кара-Гуз айыл аймагындагы кооптуу аймакта жашаган үй-бүлөөлөрдү коопсуз аймактарга көчүрүп чыгарууда жана кооптуу аймактарга кайрадан көчүп барып отурукташып алган жарандар менен иш алып барууда талаптагыдай иш жүргүзбөй, бул маселе боюнча Кара- Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиялык жана аппараттык жыйындарында берилген тапшырмаларды аткарбай Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндөгү” Мыйзамдарын одоно түрдө бузууга жол койгондугу белгиленсин, бирок Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жумаевдин жарандарды мажбурлап көчүрүүгө ыйгарым укугу жеткиликтүү эмес экендиги эске алуу менен кайрадан ишеним көрсөтүлсүн.
2. Кара-Гуз айыл аймагында кооптуу аймакта жашап жаткан жарандарды коопсуз жайга көчүрүп чыгаруу боюнча аларга мыйзам чегиндеги бардык түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бул маселе боюнча тийиштүү документтерди райондук сотко өткөрүп берүү жагы Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Кара-Гуз айылдык Кенешинин агрардык ,азык-тулук ,айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комитетинин төрагасы С.Бердигуловго тапшырылсын.
Төрага | С.Оморов |