Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кеңешинин кезектеги VIII сессиясы
2017-жылдын 30-декабры №2
Папан айыл өкмөтү 2017-жылга кабыл алынган бюджетинин аткарылышы 2018-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Папан айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап төмөндөгүдөй:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Папан айыл өкмөтүнүн 2018- жылга карата бюджет бекитилсин. (тиркелет)
2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы Э.Исмаиловко милдеттендирилсин.
Төрага | К. Бактыбаев |
30.12. 2017-жылдагы Папан айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезексиз VIII- сессиясынын № 3 токтомуна тиркеме
Папан айыл өкмөтүнүн 2017- жылга кабыл алынган бюджетинин аткарылышы жана 2018-жылга бюджетин бекитүү
1. Папан айл аймагынын 2017-жылга кабыл алынган бюджетин киреше бөлүгү 18638,6 сом, чыгаша бөлүгү 17330,4 миң сом, мындан тышкары атайын каражат 130.0 миң сом 1-январь 2017-жылга каралган эркин калдыктан 31,0 сом бардык киреше бөлүгү 162,7 миң сом чыгаша бөлүгү 162 миң сом чыгаша бөлүгү 162,7 миң сом аткарылыш канааттандырарлык деп табылсын.
2. Папан айл аймагынын 2018-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 17174,3 миң сом мындан тышкары ата-эне взносу 360,0 сом өлчөмүндө бюджеттин киреше 17534,3 миң сом чыгаша 17534,3 миң сом өлчөмүндө тиркемеге ылайык каржылоо жагы бекитилсин.
3. Папан айыл аймагынын бюджетинин чыгашалар бөлүгү 17534,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн 2013-жылы № 284 токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө бийик тоолуу шартта эмгектенген айыл башчылар 1) Кожокелен айылнын айыл башчсы Н.Усонов жана Кара-Гур айылынын башчысы А.Абдуллаевге ушул тиркемеге ылайык эмгек акысына кошуп төлөө, тоолуу шартка байланыштуу 40% 171,1 мин сом өлчөмүндө төлөп берүү жагы каралсын.
5. Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн 2013-жылдын 08-июлундагы № 403 токтомундагы тиркемеге ылайык айыл өкмөттүн ветеринардык врачы (контракт менен) эмгек акысы адистин денгээлинде жана статист-экономист адистин денгээлинде эмгек акысы менен стаждык кошулмаларын кошуу менен штат бирдиги бекитилсин.
Папан айыл өкмөтүнүн жооптуу адистери Кара-Суу районуна кызматтык сапарларга барып келүү акы суткалык чыгымды кошкондо 400.0 сом өлчөмүндө бекитилсин.
Папан айыл өкмөтүнүн территориалдык узактыгы борбордук конторадан Кожокелен, Карагур айылдары 45 км тегерегинде турат жана Ош шаарындагы Ак-Буура-1, Ак-Буура-2, Ак-Буура-3, Ак-Буура-4 жана Жаңы Турмуш айылдары айыл өкмөттүн борборунан 45-50 км алыстыкта жайгашкан. Ошондуктан айына календардык иш күнгө карап, жуманын ар биринчи күнү борбордук конторага баруу зарылчылыгы келип жатат. Ошондуктан аталган айылдардын айыл башчыларына бир жолу барып келүү чыгымы 200 сомдун тегерегинде бөлүп берилсин жана барып келүү баракчаларына өздөрүнүн мөөрү басылган баракчалар кабыл алынсын.
Папан айыл өкмөтүнө жана финансы-экономика бөлүмүнө жол ичинде тармактар боюнча каржыланбай калган статьяларды жылдырылуу (уведомление) жолу менен өндүрүштүк муктаждыкка ылайык айыл өкмөтүнүн буйругунун негизинде ушул токтомду жетекчиликке алуу менен тармактан тармакка статьядан статьяга жана тармак ичиндеги өзгөрүүлөрдү статьялар боюнча каржылоо жүргүзүлсүн.
Айыл аймагынын бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышын көзөмөлдөп, аны статьялар боюнча мыйзам чегинде сарпталуусун камсыздоо жагы айыл аймагынын башчысына жүктөлсүн жана 2018-жылга карата Папан айыл аймагынын бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүктөрүнөн каржылануусуна айыл өкмөтүнүн буйругунун негизинде өндүрүштүк муктаждыкка ылайык статьялар боюнча өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго уруксат берилсин.
Папан айыл өкмөтүнүн башкаруу аппараттын жана маданият кызматкерлеринин эмгек акысын штаттык түзүмү такталган сунушталган, тиркемелерге ылайык бекитилип каржылоо жүргүзүлсүн.
Кыргыз Республикасынын штат бирдиги 48 анын ичинен башкаруу аппараты 19, айыл башчы 17, ветврач (контракт) 1, ВУС кызматкери жана тейлөөчү 5 баары 41 адамдан турган штат бирдиги тиркемеге ылайык бекитилсин жана каржылоо жүргүзүлсүн.
Маданият кызматкерлеринин штат бирдигинин жалпы саны 7 адам санынан турат, мунун ичинен тейлөөчү 4 кызматтагы штат бирдиги бекитилсин жана каржылоо жүргүзүлсүн.
Папан айыл аймагынын болжолдуу бюджетинин киреше жана чыгаша бүлөктөрү 2018-жылга 17304,3 миң сомго жана 2019-жылга 17690,1 миң сом жана 2020-жылга 17519,3 миң сомго карата долбоору жактырылсын.
Мындан тышкары жайыт комитети 2017-жылга карата 107,5 миң сом, 2018-жылга карата 115, миң сомго Папан айыл аймагынын 2018-жылга резервдик фонду 173,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2018-жылга карата Папан айыл аймагынын бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүн мыйзам чегинде сарпталуусун көзөмөлдөө жагы депутаттардын Папан айылдык Кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.