Загрузка документа…
ЧОН-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
2019-жылдын 10-апрели № 106
Таштандыларды чыгаруу үчүн кызмат акы тѳлѳмүнүн тарифтерин бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын 2012-жылы «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Мыйзамынын 18,31-беренелерине ылайык, Чон-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн алдында түзүлгѳн Турак-жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутумунун жетекчиси Ж.Калиевдин айыл-чарба техникаларынын эс алуу жайларынан чыккан таштандыларын ѳзүлѳрүнүн техникасы менен таштанды жайга бир жолу тѳгүү үчүн кѳрсѳткѳн кызматы үчүн жана айыл тургундарынын таштандыларын графиктин негизинде тарифтерин бекитип берүү боюнча сунушун карап, талкуулап чыгып Чон-Сары-Ой айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чон-Сары-Ой айыл аймагындагы жергиликтүү калкка Турак-жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутумунун жетекчиси Ж.Калиевдин айыл ичинде таштандыларды график менен чыгаруу үчүн жана эс алуу жайларынан чыккан таштандыларын ѳзүлѳрүнүн техникасы менен таштанды жайга бир жолу тѳгүү үчүн кѳрсѳткѳн кызматы үчүн тарифтери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Техникалардан түшкѳн акча каражаты Турак-жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутумунун бюджетине кириштелсин.
3. Токтом катоодон ѳткѳрγлсγн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизγγ үчүн Ысык-Кѳл облустук юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышы Чон-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн башчысы М. Сарбагышевге жана Турак-жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутумунун жетекчиси Калиев Ж. милдеттендирилсин.
5. Токтомду кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Чон-Сары-Ой айылдык Кенешинин «Бюджет, финансы, экономика инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести ѳнүктүрүү боюнча» жана «Жер агрардык реформа, кайра иштетүү ѳнѳр-жайы курулуш, байланыш, транспорт, отун энергетикасы боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | К. Жумабек уулу |
Чон-Сары-Ой айылдык Кенешинин
10.04.2019-жылы №105, №106
токтому менен бекитилди
Соко менен 1 га жер айдоого | 800 (сегиз жүз) сом жана 30л ГСМ. | |
Сеялка менен 1 га жер себүүгө | 500 (беш жүз) сом жана 10л ГСМ. | |
Комбайн менен 1 га эгин чабууга | 1000 (бир миң) сом жана 30 л ГСМ. | |
Эксковатор кызматы | 1000 (бир миң) сом саатына (ГСМ ичинде) Юридикалык жактарга 1500 (бир миң беш жүз) сом саатына (ГСМ ичинде). | |
Айыл ичинде таштандыларды график менен чыгаруу үчүн | 20 (жыйырма) сом бир айга ар бир короо (түтүн), бир жылга 240 (эки жүз кырк) сом. | |
Келишим менен контейнер коюп, таштандыны бир жолу чыгарууга | 350 (үч жүз элүү) сом. | |
Эс алуу жайларынан чыккан таштандыларын өздөрүнүн техникасы менен таштанды жайга бир жолу төгүү үчүн төлөмдөрдүн баалары | ГАЗ-53, МАЗ Спец маш (мусоровоз) | 1000 (бир миң) сом. 1500 (бир миң беш жүз). 1500 (бир миң беш жүз). |
КАМАЗ автоунаасы |
3000 (үч миң) сом. | |
ХОВО (HOWO) автоунаасы | 8000 (сегиз миң) сом. | |