Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6 чакырылышынын кезектеги 20 заседаниеси
2018-жылдын 06-декабры № 20/2
Кыргыз Республикасынын Бузуулар Кодексине ылайык Будалык айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бузуулар Кодесине ылайык Будалык айыл өкмөтүндө Бузуулар жөнүндөиштерди кароо боюнча комиссиясын түзүү жана бекитүү максатында Будалдык айылдык Кеңешинин 6- чакырылышынын кезексиз 20-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Будалык айыл өкмөтүндө Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясын түзүү жөнүндө жобого ылайык айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча сандык курамы 9 адамдан турган комиссиясы төмөндөгүдөй болуп түзүлсүн.(Тиркеме №1)
2. Будалык айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобого ылайык иш алып баруу жагы түзүлгөн комиссиянын курамына милдеттендирилсин.
3. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алып иш жүргүзсүн, Ошондой эле жылына бир жолудан 15-январдан кеч эмес өткөн календардык жылда аткарган иштери тууралуу отчет даярдап жергилиуктүү кеңешке киргизсин.
4. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык -техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлсун.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин уюштуруу-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруунун аймактык органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С. Рахматов |
Будалык айылдык Кеңешинин
2018- жылдын 06-декабрындагы
кезексиз 20-отурмунун № 20 /2
токтомунун №1 тиркемеси
1.Рахматов Сагындык – Комиссиянын торагасы, айылдык кенештин төрагасы;
(макулдашуу менен)
2.Мурзакулов Каныбек – комиссиянын төрагасынын орун басары, айыл өкмөттүн
жер адиси
3. Кантөрө уулу Өзгөрүш - Комиссиянын катчысы, ОС Кара Суу почта байланыш бөлүмүнүн оператору;
4. Тобокелов Базарбай - Аксакалдар сотунун төрагасы; (макулдашуу менен)
5.Мусева Гүлбаркан. – Кара Суу китепканасынын китепкана башчысынын
башчысы (макулдашуу менен)
6. Бакиров Муктарбек.- айыл башчы; (макулдашуу менен)
7.Сыдыков Алтынбек- Айыл башчы
8.Абдиаким уулу Дайырбек – айыл башчы
9.Эркебаев Сейдали –а йыл башчы