Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылыштагы кезектеги XX сессиясы
2018-жылдын 15-марты № 209
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү борбору жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана аны бекитүү жөнүндө
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү борборунун ишмердүүлүгүн уюштуруу аркылуу жергиликтүү деңгээлде юридикалык жана физикалык тараптарга жеткиликтүү, сапаттуу, мамлекеттик жана муницпалдык кызматтарды «Бир терезе» ыкмасында көрсөтүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жаны доорго – кырк кадам» (кадам 1 жана кадам 2) Программасын ишке ашыруу максатында Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү борбору жөнүндө Жобо сунушталган өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен жактырылсын жана бекитилсин.
2. Жободогу борборду түзүүнүн милдеттерин жана анын ишмердүүлүгүн уюштуруунун тартибин ишке ашыруу Мырза-Аке айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү борборунун ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүүнү айылдык кеңеш өкмөттүк эмес уюмдарды тартуу менен ишке ашырсын жана мониторингдин натыйжасы айылдык кеңештин сессиясында бир жылда бир жолу талкууланып турулсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мырза-Аке айылдык кеңешинин «Финансы, экономика, бюджет жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Кимсанов |
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн Кызмат көрсөтүү борбору - оозеки жана жазуу түрүндөгү арыздарды берүүдөн баштап, кызматты көрсөтүүнүн натыйжаларын алууга чейин муниципалдык жана мамлекеттик кызматтарды «Бирдиктүү терезе» ыкмасында бир бөлмөдө уюштурат жана көрсөтөт.
Ушул Жобо Мырза-Аке айыл аймагындагы жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө карата тейлөөнүн сапатын жакшыртуу жана аларды бир жерде уюштуруу үчүн кызмат көрсөтүү борборун түзүүнү жана анын ишмердүүлүгүн уюштурууну белгилейт.
Кызмат көрсөтүү борбору юридикалык жана физикалык тараптарга мамлекеттик бийликтин аймактык органдары менен өз ара аракеттешүүнүн негизинде мамлекеттик жана муницпалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн түзүлөт.
Кызмат көрсөтүү борбору жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик бийликтин аймактык органдарынын кызматтарын жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бир жерден алуусун шарттайт. Кызмат көрсөтүүдө иштөө тартиби, ачык-айкындуулук, убакытты үнөмдөө жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн өз ара аракеттешүүсү камсыздалат.
Айылдык кеёештин макулдугу боюнча айыл өкмөт башчысы кызмат көрсөтүү борборун түзөт жана анын ишмердүүлүгүн уюштурат.
Кызмат көрсөтүү борборунун ишмердүүлүгүнүн укуктук негизин «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Таза коом» Улуттук программасы, КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 30-мартындагы №01-18ү38 буйругу, ошондой эле башка ченемдик-укуктук актылар жана ушул Жобо түзөт.
1.1. Борборду түзүүнүн максаты.
Кызмат көрсөтүү процедураларын жөнөкөйлөштүрүү, кызмат алуу убактысын кыскартуу, коррупциялык механизмдерди төмөндөтүү, кызмат алуучулар үчүн ыёгайлуу шарттарды түзүү менен жарандарга бирдей мүмкүндүктү камсыздоо.
1.2. Борборду түзүүнүн милдеттери
a. Кызмат алуучулар жана берүүчүлөр үчүн ыёгайлуу техникалык жана тейлөө шарттарын түзүү.
b. Оозеки жана жазуу түрүндөгү арыздарды берүүдөн баштап, кызматты көрсөтүүнүн натыйжаларын алууга чейин жарандарды бир бөлмөдө кабыл алууну уюштуруу.
c. Кызмат көрсөтүү борборунда юридикалык жана физикалык тараптарга бир убакта бир канча бири-бири менен байланышкан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды «Бир терезе» ыкмасында көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн түзүү.
d. Кызмат алуу үчүн келген жарандардын күтүү убактыларын, чыгымдарын жана мамлекеттик жана муницпалдык бийлик органдарына келип кетүү сандарын кыскартуу.
e. Ведомстволор аралык, ошондой эле мамлекеттик бийликтин аймактык органдары менен айыл өкмөтүнүн маалыматтык жана документтик өз ара аракеттенүүсүн, анын ичинде маалыматтык-коммуникациялык технологияны колдонуунун эсебинен кайрылган жарандар менен кызматтагы кишинин байланыш санын кыскартуу.
f. Кызмат көрсөтүүдөгү бюрократиялык процедураларды кыскартуу жана коррупциялык элементтерди жоюу.
g. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды алууда жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүнүн маалыматтуулугун, укуктук аё-сезимин жогорулатууга көмөк көрсөтүү.
3.1. Айылдык кеёеште бекитилген кызмат көрсөтүү борборунун ишмердүүлүгү
жөнүндө Жобо жана айылдык кеёештин токтому (Кызмат көрсөтүү борборунун ишмердүүлүгү жөнүндө Жобо айылдык кеёештин токтому менен бекитилет.
3.2. Кызмат көрсөтүү борборунун ишмердүүлүгү үчүн айыл өкмөтүнүн имаратында
бир бөлмөдө кызмат көрсөтүүчүлөргө жана алуучуларга жумуш орундарын, ыёгайлуу шарттарды түзүп берүү.
3.3. Кызмат көрсөтүү борборунун ишмердүүлүгүн жүргүзүү боюнча айыл өкмөт
башчысынын чечими менен анын орун басарына же жооптуу катчыга милдеттендирүү.
3.4. Кызмат көрсөтүүчүлөрдү офистик жабдуулар менен камсыздоо, алардын
интернет менен кошулуусун, автоматташтырылган маалыматтык системалар менен иштөөсүн ишке ашыруу.
3.5. Кызмат көрсөтүү борборунун иштөө графигин түзүү жана аны көрүнүктүү
жайга илүү.
3.6. Кызмат көрсөтүү борборунда кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик бийликтин
аймактык органдарынын тизмесин, кызматчылардын байланыш телефондорун жана алардын иштөө графигин илүү.
3.7. Кызмат көрсөтүү борборунда көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын
реестрин илүү, алардын ичинен акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү менен.
3.8. Муниципалдык кызматчылардын аткаруусундагы кызмат көрсөтүү борборунун
4 багыттагы негизги иштерин уюштуруу:
a) Кайрылууларды кабыл алуудан баштап аны көзөмөлдөн алууга чейин жумушчу процесс иштелип чыгат.
a) Ар бир керектөөгө ылайык «Бирдиктүү терезе» ыкмасында көрсөтүлүүчү бири-бири менен байланышкан административдик кызматтардын административдик регламенттери - жумушчу процесстери иштелип чыгат.
b) Муниципалдык кызматтардын базалык реестри боюнча муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жумушчу процесстери иштелип чыгат.
c) Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеси иштелип чыгат жана алардын негизинде кызмат көрсөтүүнүн жумушчу процесстери иштелип чыгат.
d) Бир убакта бир канча бири-бири менен байланышкан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн жумушчу процесстери иштелип чыгат.
a) Кызмат көрсөтүү борборунда зарыл маалыматтар, документтердин үлгүлөрү, мамлекеттик документтерди алуу үчүн керектүү болгон документтердин тизмеси ж.б. илинген маалымат тактайларын илүү.
b) Кызмат көрсөтүү борборунда көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын
реестрин илүү, алардын ичинен акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү менен.
a) Практикалык жардамдардын тизмеси – документтерди нускалоо, текстерди компьютерде жазып берүү, электрондук почтаны, интернетти колдонуу ж.б.
5.1. Кызмат көрсөтүү борборунун ишмердүүлүгү социалдык өнөктөштүк принцибине негизделет. Мамлекеттик бийликтин аймактык органдары менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө кызматташууга жана өз ара аракеттешүүгө багытталат.
6.1. Кызмат көрсөтүү борборунун ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүүнү айылдык кеёеш өкмөттүк эмес уюмдарды тартуу менен ишке ашырат.
6.2. Мониторингдин натыйжасы айылдык кеёештин сессиясынын кароосуна коюлат.
6.3. Ушул жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор айыл өкмөтү тарабынан киргизилет жана айылдык кеёештин кароосуна коюлуп бекитилет.
6.4. Кызмат көрсөтүү борборун жоюу же кайра уюштуруу маселеси тууралуу токтомду айылдык кеёеш кабыл алат.
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн
жооптуу катчысы А.К.Сатыбалдыева