Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-июлу № 01-5/164
Тоскол-Ата токой чарбасына караштуу Гөлмөн участкасынан 3 га жерди полигонго ажыратуу маселесин кароо жөнүндө
(Кочкор-Ата айылдык кеңешинин 2020-жылдын 1-февралындагы № 01-5/219 токтомунун редакциясына ылайык)
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIХ сессиясы, шаар мэриясынын 2019-жылдын 13-майындагы №01-36/591 сандуу катын, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаар мэриясынын 2019-жылдын 13-майындагы №01-36/591 сандуу каты канаттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу
комиссиянын корутундусу эске алынсын.
3. Тоскол-Ата токой чарбасына караштуу Гөлмөн участкасынын 54-кварталында жайгашкан колоттон 8 га жер аянтын ажыратуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү Кочкор-Ата шаарынын мэри А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
(Кочкор-Ата айылдык кеңешинин 2020-жылдын 1-февралындагы № 01-5/219 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу | Я.Т. Абдурахманов |