Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 01-февралы № 01-5/219
2019-жылдын 5-июлундагы № 01-5/164 токтомунун 3-пунктуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолордү киргизүү жөнүндө
(Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2021-жылдын 19-ноябры № 01-5/51 токтомунун редакциясына ылайык)
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясынын, Кочкор-Ата шаар мэриясынын 2020-жылдын 30-январындагы № 01-36/121 сандуу катын, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаар мэриясынын 2020-жылдын 30-январындагы № 91-36/591 сандуу каты канааттандырылсын.
1) “Тоскоол-Ата” токой чарбасынын “Көлмөн” участкасынын 8,0 га жайыт жеринен шаарга таштанды таштоочу жай ажыратуу максатында, токой фондунун жери категориясынан өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын жана башка жерлердин категориясына которулсун (трансформациялансын);
2) Токой фондунун жерин өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын жана башка жерлердин категориясына которуу (транформациялоо) жагы Ноокен райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын;
3) Которулуучу (транформациялануучу) токой фондунун жайыт жер аянттары төмөндөгү контурларда жайгашкан: К-335, 6,0 га, К-246, 2,0 га жалпысы 8,0 га.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
3. Өндүрүштүк зарылчылыктарга байланыштуу, шаар аймагынан таштандыларды чыгаруу, полигон үчүн жер аянтын трансформациялоо аянтынын өлчөмү 3 гектардан 8 гектарга өзгөртүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу мэр А.Т. Жумаевге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төраганын милдетин аткаруучу | Я.Т. Абдурахманов |