Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезектеги жыйырма жетинчи сессиясы.
2019-жылдын 24-июну № 27-2
Айыл өкмөтүнө караштуу Айтамга айылындагы жаңы көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө
Айыл тургундарынын жалпы жыйынынын протоколун бекитүү максатында
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Төөлөс айыл өкмөтүнүн, Айтамга айылындагы жаңы көчөсүнүн тургундарынын 2019-жылдын 02-июнундагы жыйынынын №1- протоколу бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
2. Төөлөс айыл өкмөтүнүн, Айтамга айылынын, жаңы көчөсүнө Шайдин уулу Мирбектин ысымы ыйгарылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы,айылдык кенештин “Айыл,суу чарба,жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш,өнөр жай,кайра иштетүү жана энергетика боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Абдырахманов |
02-июнь 2019-жыл. №1 Айтамга айылы
Чогулушка Айтамга айылынын түндүк батыш тарабындагы жаңы куралган көчөсүнүн тургундарынан жалпы 64 жашоочусу катышты. Булардан тышкары айыл башчысы Шерматов Маматемин жана жергиликтүү кеңештин депутаты Жороев Арстан катышты.
Чогулушту айыл башчысы М.Шерматов алып барды.
Күн тартибинде:
Күн тартибиндеги маселе боюнча Айтамга айылынын тургуну Турдубаев Шайдин сөз алып,ал өз сөзүндө жыйынга катышкан элге кайрылып,анын уулу маркум Шайдин уулу Мирбектин ысымын ушул өзүнүн көчөсүнө ыйгарууну жалпы чогулушка сунуш кылды жана колдоп берүүлөрүнө ишеним билдирди.
Жыйынга катышып отурган Матаев Асилбек сөз алып ,бүгүнкү жыйыныбыздын максаты ушул маселе экендигин жана айылдаштар тарабынан башка сунуштар болбогонун эске алып,Турдубаев Шайдин сунуш кылган маркум Шайдин уулу Мирбектин ысымын ушул жаңы көчөгө ыйгаруу жөнүндөгү сунушту колдоп кубаттады жана жыйындын катышуучуларынан ушул сунуш туура экендигин жана бул сунушту колдоп берүүлөрүн айтты.
Талкуу үчүн сөз алып чыккан айыл тургуну Искендеров Ибраим жогоруда айтылган сөздөргө толугу менен кошулаарын айтып, маркум Шайдин уулу Мирбек жөнүндө жакшы эскерүүлөрдү айтып айылдаштарын ынтымакчылыкка чакырып бул сунушту колдоп кубаттаарын айтып өттү.
Айылдык кеңештин депутаты Жороев Арстан,Ушул көчөгө ысымы сунушталган маркум Шайдин уулу Мирбек айылдаштарынын эскерүүсүнө татыктуу экендигин жана бул маселенин туура коюлгандыгын кубаттады.
Башка сунуштар жана суроолор жок.
Айтамга айылынын тургундарынын жалпы чогулушу, күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чечим кылат:
1. Төөлөс айыл өкмөтүнө караштуу Айтамга айылындагы жаңы көчөгө ушул айылдын кулуну маркум Шайдин уулу Мирбектин ысымы ыйгарылсын.
2. Ушул жалпы жыйындын протоколун бекитип берүү жагы Төөлөс айылдык кеңешинен суралсын.
Чечим жалпы жыйын тарабынан бир добуштан кабыл алынды.
Күн тартибиндегии маселе каралып бүттү.
Чогулуштун башчысы М.Шерматов