Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
2019-жылдын 02-августу № 49
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 08.02.2019-жылдагы кезектеги X сессиясынын № 34 токтомунун 6-тиркемесине өзгөртүү киргизүү жана үнөмдөлгөн акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына, “Бюджеттик Кодекстин” талаптарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековдун 29.07.2019-жылдагы чыгыш № 01-34/427 сунушу “Бюджет, экономика, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу, шаардык кеңештин 08.02.2019-жылдагы № 34 токтомунун 6-тиркемесине өзгөртүү киргизүү жана үнөмдөлгөн акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу айрым өзгөртүүлөр менен жактырылгандыгы белгиленсин.
2. Корутундуга ылайык акча кажаттарды кыскартуу жана аларды чыгымдоо багыттары ушул токтомдун тиркемесине ылайык жүргүзүлсүн.
3. Ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөр боюнча планга тактоо киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековго жүктөлсүн.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин “Бюджет, экономика, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясына (А.Касымов) тапшырылсын.
7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М.Н.Жусупахунов |
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын
02.08.2019-жылдагы кезектеги XVI сессиясынын № 49 токтомуна
Тиркеме
Таблица 1
№ | Статьясы | Мазмуну | Сумма (миң сом) |
1 | 3111 | Тендер өткөрүүнүн жыйынтыгында үнөмдөлгөн акча каражаты | 137,4 |
2 | 3111 | Яма Беккари курууну кыскартуу | 350,0 |
3 | 3111 | ДЮСШ күрөш залынын жуунуучу жайын оңдоп түзөөдөн кыскартуу | 36,9 |
Атайын каражаттар | |||
1 | 3112 | Тендер өткөрүудөн үнөмдөлгон (балдар ойноочу аянтчадан) | 50,6 |
|
| Жалпы: | 574,9 |
Таблица 2
№ | Статьясы | Каражатты колдонуу багыты | Сумма (миң сом) |
1 | 2221 | Кесиптик лицейдин кезектеги ремонтуна (атайын каражаттын эсебинен) | 50,6 |
2 | 2221 | Бөкөнбаев мектеби - Мейманкананын кезектеги оңдоп-түзөө иштерине | 21,7 |
3 | 2221 | № 2 “ Арча-Бешик” б/б- Төрөгелдиев К үйүнүн кезектеги оңдоп түзөө иштерине | 26,4 |
4 | 2213 | Ижара акы үчүн ( мейманкана, жеке үй) | 420,0 |
5 | 3112,2215 | Жаштар кеңешинин иш-чараларына | 8,4 |
6 | 2215 | “Наристе” балдар бакчасына | 47,8 |
|
| Жалпы: | 574,9 |
Төрага: М.Н.Жусупахунов