Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-июну № 16
“Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугуна” толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Баткен шаардык Кеңешинин 3-чакырылышынын 2006-жылдын 29-мартындагы №13 токтому, Эл Аралык ЮСАИД уюмунун “кыргыз Республикасында жер реформасы” долбоорунун колдоосу менен бекитилген “Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугу” (“Правила застройки и землепользования города Баткен”) китебинин 1.7-главасынын 22-статьясынын 1-пункутуна ылайык жана Баткен шаардык Кенешинин курулуш куруу жана коммуникация маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 18-июндагы отурумунун протоколунун, Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2019-жылдын 18-июндагы №02-6/265; 18.0619№02-6/266; 03.06.19 №02-6/241; 23.04.19 №02-6/200 каттарынын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугунун” 2-бөлүмүнүн 25-беренесинин 1-пунукутуна, 26-берененин 2-пунукутуна өзгөртүүлөр киргизилсин: (тиркеме тиркелет)
2. Тиркемеге ылайык категориялары өзгөртүлгөн жер аянтынын карталары “Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугу” китебине тиркеме катары киргизүү жагы шаар куруу жана архитектура башкармасына /К.Эргешов/ жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин курулуш, өнөр жай , коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Добутов/ тапшырылсын.
Төрага | А.Ташбеков |
Баткен шаардык Кенешинин VI
чакырылышынын кезектеги XVI
сессиясынын № 16 токтомуна №1 тиркеме
мамлекеттик: Аэропорт кварталындагы Кызыл Ай коомунун Баткен облустук өкүлчүлүгүнүн ээлеген имаратынын С-4 багытындагы 1000 м2 жер аянты Ц-1 багытына;
2.Чет-Булак кварталындагы Баткен облусунун райондор аралык сотунун административдик имарат куруу үчүн 2376 м2 Ж-4 багытындагы жер аянты, кызматкерлер үчүн кызматтык турак-жай куруу үчүн Ж-2 багытына;
жеке менчик жер аянттары:1.Курманжан Датка көчөсүндөгү М.Үсөновдун “Аймактык коллеждин имараты үчүн” жеке менчик П-1 багытындагы 0,56 га өлчөмүндөгү жер аянты С-1 багытына;
2.М.Нургазыев көчөсүндөгү №51 С.Тажибаевдин жеке менчик короосунун Ж-1 багытындагы, 570 м2 бөлүктөгү жер аянты, Ц-2 багытына;
3.Аэропорт кварталынын Файзуллаев көчөсүндөгү С.Мураталиеванын жеке менчик 750 м2 Ж-1 багытындагы жер аянтынан 185,5 м2 бөлүгү Ц-1 багытына;
4.Ж.Бөкөнбаев көчөсүнүн Р.Баратовдун жеке менчик 750 м2 Ж-1 багытындагы жер аянтынын 38,4м2 бөлүгү Ц-2 багытына;
5.Ж.Бөкөнбаев көчөсүндөгү Г.Өкүмовдун 840 м2 Ж-1 багытындагы жер аянты толугу менен Ц-1 багытына;
6.М.Нургазыев көчөсүнүн №15 М.Мыктаралиевдин 800 м2 Ж-1 багытындагы жер аянтынын 68,6 м2 бөлүгү Ц-1 багытына
7.М.Салихов көчөсүндөгү С.Парпиевдин жеке менчик 1500 м2 Ж-1 багытындагы жер участогунун 1004м2 өлчөмү Ц-1 багытына.
8.Кызыл-Дөң кварталынын Тамаша Жай участкасындагы Сатыбалдыева Айымбаны 2400 м2 Ж-1 багытындагы жер аянтынын 616,11 м2 жер аянты Ц-3 багытына.
Жооптуу катчы: Ж.Алдашова