Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2019-жылдын 20-майы № 45
“Теплоключенка” коомдук алдын алуу борборунун Уставын бекитүу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы №747 “Коомдук алдын алуу борборунун типтүү уставын бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Теплоключенка” коомдук алдын алуу борборунун Уставы бекитилсин, тиркелет.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталсын жана юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш. Кобонбаевге жуктөлсүн.
Төрага | Э.А.Темиров |
Теплоключенка айылдык кеңештин
2019-ж. 20.05. №45 токтому менен бекитилди
1. Коомдук алдын алуу борбору (мындан ары – КААБ) – Теплоключенка айылдык аймагынын айыл өкмөтү (мындан ары – айыл өкмөтү) тарабынан көрсөтүлгөн административдик-аймактык бирдиктердин жана алардын курамына кирген айрым участоктордун, калктуу конуштардын тиешелүү аймактарында укук бузуулардын алдын алууну уюштурууга жана жүргүзүүгө айыл өкмөтү менен жарандардын биргеликте катышуусу максатында тиешелүү административдик аймакта түзүлүүчү коммерциялык эмес уюм.
2. Коммерциялык эмес уюмдун толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Теплоключенка” коомдук алдын алуу борбору;
- расмий тилде: Общественно-профилактический центр “Теплоключенка”.
Коммерциялык эмес уюмдун кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Теплоключенка” КААБ.
- расмий тилде: ОПЦ “Теплоключенка”.
3. КААБ өз ишин “Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын алдын-алуу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана ушул Уставга ылайык ишке ашырат.
4. КААБдун иши мыйзамдуулук, ыктыярдуулук, инсанды урматтоо мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана калк менен өз ара аракеттенүү принциптеринде уюштурулат.
5. Коммерциялык эмес уюмдун юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Теплоключенка айылы, Кыдыр-Аке көчөсү, н/ж.
6. КААБдун туруктуу иш алып баруучу органынын - кеңешинин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Теплоключенка айылы, Кыдыр-Аке көчөсү, н/ж.
8. КААБдун максаты: айыл өкмөтүнүн, жергиликтүү коомдоштуктун, жарандык коомдун, шаардын, айылдын тиешелүү аймагында жайгашкан, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын жана мекемелердин күч-аракеттерин мыйзам бузуулардын алдын алууга, аныктоого, бөгөт коюуга, аларды жасоого мүмкүндүк берүүчү жагдайларды жоюу, жарандардын тартибин жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүгө бириктирүү.
9. КААБдун ишинин артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- жалпы алдын-алууну камсыз кылуу (социалдык, экономикалык, саясий, укуктук жана башка кылмыштуулукка каршы факторлорду активдүү пайдаланууда мыйзам бузууларга жол бербөө);
- жекече алдын алуу (мыйзам бузууларга бара турган адамдарды аныктоо жана коомго каршы көз караштарды жана көрсөтмөлөрдү жеңүү);
- түздөн-түз алдын алуу (конкреттүү адамдын мыйзамга каршы мамилесинин фактыларына жол бербөө);
- эрте алдын алуу (балдар жана өспүрүмдөр тарабынан мыйзамга каршы аракеттердин жасалышына жол бербөө).
10. КААБдун милдеттери өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- мыйзам бузууларды жана коомго каршы аракеттерди алдын алуу, аларды жасоого мүмкүндүк берүүчү себептерди жана шарттарды аныктоо жана жоюу жолу менен жарандардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мыйзамга каршы аракеттерден коргоону камсыз кылуу;
- мыйзамга каршы жүрүм-турумдагы адамдарга карата жекече алдын алуу аракеттерин көрүү;
- мыйзам бузуулардын алдын алууга багытталган алдын алуучу чараларды көрүү;
- мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер жана жарандар менен мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү уюштуруу;
- укуктук билимдерди пропагандалоо;
- жашы жете электердин көзөмөлсүз калуусун алдын алуу боюнча иш-чараларга катышуу;
- тиешелүү шаардын, айылдык аймактын жана тиешелүү шаардын, айыл аймагынын курамдарына кирүүчү айрым участоктордун, калктуу конуштардын аймактарында мыйзам бузуулардын абалына жана динамикасына мониторинг жүргүзүү;
- мыйзам бузуулардын алдын алууга тиешелүү мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун талкуулоого, тийиштүү сунуштарды даярдоого катышуу;
- мыйзам бузуулардын алдын алуу системасын өнүктүрүү боюнча сунуштарды, сунуштамаларды даярдоо, аларга жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн катышуусун активдештирүү;
- өз жыйындарында коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү, мыйзам бузуулардын себептерин жана шарттарын жоюу (нейтралдаштыруу), жарандардын мыйзамга баш ийүүсүнө дем берүү маселелерин кароо жана бул багыттар боюнча мамлекеттик органдар үчүн конкреттүү сунуштамаларды иштеп чыгуу.
11. КААБдун иши тейлеген аймагында кылмыштуулуктун жана мыйзам бузуулардын абалын талдоонун негизинде иштелип чыккан алдын алуу иш-чараларынын планына ылайык ишке ашырылат.
12. КААБ өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнүн иши жөнүндө маалыматтарды эркин жайылтууга;
- мамлекеттик бийлик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана коомдук бирикмелерде өз укугун, КААБдун мүчөлөрүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого жана билдирүүгө;
- өзүнүн уставдык максаттарын ишке ашырууга тиешеси бар маселелер боюнча демилге менен чыгууга, мамлекеттик бийлик органдарына жана айыл окмөтүнө сунуштарды киргизүүгө;
- мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук бирикмелерден жана кызмат адамдарынан зарыл болгон маалыматты жана материалдарды белгиленген тартипте суроого;
- өз жыйындарына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын жана мекемелердин, уюмдардын кызмат адамдарын коомдук бирикмелердин өкүлдөрүн чакырууга;
- зарыл болгон учурда өз өкүлдөрүн мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөргөн жыйындарга, конференцияларга, семинарларга КААБдун компетенциясына кирген маселелер боюнча катышууга жиберүүгө;
- тейлеген аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин, коммерциялык түзүмдөрдүн жетекчилери менен укуктук тартипти чыңдоо маселелери боюнча кызматташууга;
- мамлекеттик жана жеке уюмдар, жеке жактар менен келишимдик мамилелерди түзүүгө, КААБдун ишинин максаттарына шайкеш келген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш-аракеттерди жасоого;
- жалпы максаттарга жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында ассоциацияларды жана бирикмелерди түзүүгө, ички жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга, гранттарды жана башка трансферттерди, анын ичинде чет өлкөлүк уюмдардан жана мекемелерден алуу максатында укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча программалардын ар түрдүү долбоорлорун иштеп чыгууга.
13. КААБ төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, өз ишинин чөйрөсүнө тиешеси бар эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле ушул уставда жана башка уюмдаштыруучу документтерде каралган ченемдерди сактоого;
- дайыма, жылына бирден кем эмес жолу жергиликтүү коомдоштуктун, жергиликтүү кеңештин жана тиешелүү деңгээлдеги укук коргоо органдарынын координациялык кеңешмесинин алдында мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча өз иши жөнүндө отчет берүүгө;
- мыйзам бузуу фактылары жөнүндө ички иштер органдарына (мындан ары - ИИО) маалымдоого, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүүгө;
- коомдук бирикмелерди каттаган органдын суроо-талабы боюнча КААБдун жетектөөчү органдарынын жана кызмат адамдарынын чечимдери менен документтерди берүүгө;
- жарым жылдыктын жана жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзүнүн иши жөнүндө дайыма маалымат берүүгө;
- тиешелүү мамлекеттик органдарга ченемдик укуктук актыларда белгиленген мөөнөттө жана тартипте тийиштүү маалыматтарды жана отчетторду өз убагында берүүгө;
- жалпыга маалымдоо каражаттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын сайты аркылуу коомчулукка КААБдун иши жөнүндө мезгил мезгили менен маалымдап турууга;
- КААБдун кадыр-баркы жана имиджи жөнүндө кам көрүүгө, анын идеяларын пропагандалоого.
14. КААБго мүчөлүк ыктыярдуу негизде, жеке жана (же) жамааттык тартипте, жеке жана (же) жамааттык кайрылуунун негизинде ишке ашырылат.
15. Ошол айылдык аймакта туруктуу жашаган же иштеген, 18 жашка толгон, иш-аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жарандары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, ИИОнын кызматкерлери, ИИОнын жана эмгектин ардагерлери, аксакалдар сотторунун, аялдар жана жаштар кеңешинин, комерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле ишканалардын, окуу жайлардын жетекчилери, айылдык, шаардык кеңештердин депутаттары, кварталдык, турак-жай комитеттеринин, кондоминиумдардын төрагалары жана өзүнүн моралдык-иштиктүү сапаттары боюнча коомдук тартипти коргоо милдеттерин ийгиликтүү аткарууга жөндөмдүү жарандар КААБдун мүчөлөрү боло алышат.
16. КААБдун мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууда мамлекеттин коргоосунда болушат. Алардын кол тийбестиги, ар-намысы жана кадыр-баркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте корголот.
17. КААБдун мүчөлөрү бирдей укукка ээ болушат жана бирдей милдеттерди аткарышат.
18. КААБдун мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
- жалпы чогулуштарга катышууга;
- КААБго анын иши менен байланышкан маселелер боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- КААБдун пландалган иш-чаралары жөнүндө маалымат алууга;
- КААБ тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга катышууга.
19. КААБдун мүчөсү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- КААБдун Уставын сактоого;
- КААБдун ишине катышууга;
- КААБдун жетектөөчү органдарынын чечимдерин аткарууга;
- КААБ тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга, жалпы чогулуштарга катышууга.
20. КААБна мүчөлүк төмөнкү учурларда токтотулат:
- жеке арызынын негизинде;
- КААБдун жетектөөчү органынын чечиминин негизинде КААБдун мүчөлүгүнөн чыгаруу;
- КААБдун мүчөсү каза болгондо;
- КААБдун мүчөсү ден-соолугунун абалы боюнча өз милдеттерин аткарууга жөндөмсүз болгондо;
- КААБдун мүчөсү ишке жөндөмсүз деп таанылган учурда;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.
21. КААБнан чыгаруу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- ушул Уставдын талаптарын бузганда;
- жарандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүүчү жоосундарды жасаганда;
- КААБдун ишине үч жолудан ашык катышуудан баш тартканда.
22. КААБдун жогорку органы болуп жалпы чогулуш эсептелет.
23. Жалпы чогулуш эгерде, чечим кабыл алууга анын мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмеси, ал эми калктын 100дөн ашуун мүчөсү болгон учурда - 25 мүчөсүнөн кем эмеси катышса кворумга ээ болот.
24. Жалпы чогулуштун өзгөчө компетенциясын төмөнкү маселелер түзөт:
- Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
- КААБдун ишинин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо, анын мүлкүн пайдалануу тартиби;
- КААБдун мүчөлөрүн кабыл алуу же андан чыгаруу (эгерде уставда башкача белгиленбесе);
- башка юридикалык жактардын ишине катышуу;
- кайра уюштуруу жана жоюу;
- башка маселелер.
25. КААБ жалпы чогулуштун жыйындарын өткөрүү жана мүчөлөрдү кат жүзүндө сурамжылоо менен чечим чыгарышы мүмкүн.
26. КААБдун жалпы чогулушу зарылдыкка жараша, бирок жылына бирден кем эмес жолу чогулат.
27. КААБ жылына бир жолу айылдык кеңешке отчет берет.
28. КААБдун курамында кеңеш түзүлөт: ИИБнүн кызматкерлери (ыйгарым укуктуу өкүлдөрү), ардагерлер кеңеши, аялдар кеңеши, аксакалдар соту, жаштар кеңеши.
29. Кеңештин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча иштердин программаларын ишке ашыруу;
- КААБдун планын жана иш-чараларын түзүү;
- мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелерин жана башка социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө активдүү катышкан жарандарды, коомчулукту сыйлоо жөнүндө өтүнүч каттарын киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, ЖӨБОнун локалдык актылары менен киргизилген, ушул Уставга каршы келбеген башка маселелер.
30. Кеңеш коомдук башталышта иш алып барат. Кеңештин жетекчиси – ИИБнүн ыйгарым укуктуу өкүлү жетекчилик кылат.
31. КААБдун кеңешинин жетекчисинин компетенциясына төмөнкү маселелер кирет:
- КААБдун жалпы чогулушунун чечимдеринин аткарылышын контролдоону уюштуруу;
- баардык мамлекеттик, жеке, коомдук уюмдарда жана бирикмелерде КААБдун атынан ишеним катсыз чыгуу;
- келишимдерди, макулдашууларды түзүү жана аларды бузуу;
- КААБдун жалпы чогулушунун, кеңештин өзгөчө компетенциясына кирбеген башка ыйгарым укуктар.
32. Кеңештин чечими менен анын ишинин артыкчылыктуу багыттары боюнча кеңештин жыйындарына материалдарды жана сунуштарды даярдоо, башка маселелерди чечүү үчүн туруктуу жана убактылуу жумушчу топтор жана секциялар түзүлүшү мүмкүн, алардын иштерине кеңештин мүчөлөрү жетекчилик кылышат.
33. Кеңештин жыйыны кварталда бирден кем эмес жолу өткөрүлөт. Зарыл болгон учурда кеңештин кезексиз жыйындары өткөрүлүшү мүмкүн.
34. Кеңештин жыйынын кеңештин жетекчиси (ИИБ ыйгарым укуктуу өкүлү) алып барат.
35. Кеңештин жыйыны эгерде, ага кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышса укуктуу деп саналат.
36. Кеңештин чечими жыйынга катышкан кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет, ага кеңештин жетекчиси (ИИБ ыйгарым укуктуу окүлү) кол коёт .
37. Кеңештин чечими сунуштама мүнөзүнө ээ. Кеңештин кабыл алынган чечимдери, сунуштары, сунуштамалары жөнүндө маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттары, коммуникативдүү байланыш аркылуу бийлик органдарына, коомчулукка жеткирилет.
38. КААБдун Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү КААБдун жалпы чогулушунун чечими же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча жана тартипте соттун чечими менен ишке ашырылат.
39. КААБдун Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечим жалпы чогулушка катышкан КААБдун мүчөлөрүнүн 2/3төн кем эмес добушу менен кабыл алынат.
40. КААБдун Уставындагы баардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоого тийиш жана ошол катталган учурдан тартып юридикалык күчкө ээ болот.
41. КААБдун иши төмөнкү булактардан каржыланат:
- айыл өкмөтү менен макулдашуу боюнча жергиликтүү бюджеттен;
- гранттар жана башка бекер жана кайтарымсыз жардамдардан;
- кандай формада болбосун кайтарылуучу жана төлөнүүчү карыз алууларды тартуудан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардан.
42. Айыл өкмөтү коомдук тартипти коргоого, анын ичинде мыйзам бузуулардын алдын алууга көмөк көрсөтүүнүн айрым маселелерин аткарууну, ошол эле учурда берилүүчү ыйгарым укуктарды финансылык камсыздоо каражаттарын же булактарын аныктоо жана өткөрүп берүү менен КААБга өткөрүп берүүгө укуктуу.
43. Мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү, аларды финансылык камсыздоону аныктоо жөнүндө чечим тиешелүү жергиликтүү кеңеш менен макулдашуу боюнча айыл өкмөтү тарабынан кабыл алынат.
44. Менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде КААБго материалдык жана моралдык колдоо чараларын көрө алышат.
45. КААБго берилген материалдык жана материалдык эмес активдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте КААБдун ыкчам башкаруусуна өткөрүлүп берилүүгө тийиш.