Загрузка документа…
ТҮП АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVII-чакырылышынын ХVII-сессиясы
2019-жылдын 31-январы № 36
2019- жылга Түп айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджети жана 2020-2021 жылдарга бюджеттин болжолу жѳнүндѳ
Түп айыл аймагынын 2019 -жылга жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча 2020-2021 жылдардын кирешелеринин долбоору жѳнүндѳ Түп айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Түп айылдык Кеӊешинин ХХVII- чакырышынын XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылга Түп айыл аймагынын жергиликтүү бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 26 727,7 мин сом атайын каражаттын эсебинен 1925,0 мин сом баардыгы 28 652,7 мин сом кѳлѳмүндѳ № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттен 2019- жылы каржылануучу чыгашаларынын кѳлѳмү мекемелер жана чыгашалардын экономикалык беренелери боюнча №,№ 2,2-1 тиркемелерге ылайык бекитилсин.
3. 3111 «Имараттар жана курулуштар» беренеси боюнча каржылоого бѳлүнгѳн каражаттар объектилер боюнча №3 тиркемеге ылайык каралсын.
4. 2020-жылга киреше жана чыгашалардын долбоору 31 869,7 миӊ сом кѳлѳмүндѳ, 2021-жылга киреше жана чыгашалардын долбоору 35021,7 миӊ сом кѳлѳмүндѳ №4 тиркемеге ылайык жактырылсын.
5. Чыгашалардын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер, комуналдык кызматтар жана кѳмүр алуу боюнча жүргүзүлсүн.
6. Айыл аймагынын башчысынын резервдик фондусу 264.6 миӊ сом ѳлчѳмүндѳ каралсын.
7. Бюджеттик мекемелерге казына системасын четтеп ѳтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Кѳрсѳтүлгѳн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы жергиликтүү бюджеттин кирешесине алынат.
8. 2019- жылы биринчи январына карата айыл аймактын жергиликтүү бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 30,0 мин сом суммасында белгиленсин.
9. Айыл аймактын бюджети айыл ѳкмѳтүнүн финансы-экономикалык бѳлүмү тарабынан түзүлгѳн кирешелердин жана чыгашалардын жазылышы боюнча бекитилген мекемелердин чыгашалар сметасына ылайык аткарылат.
10. Ушул токтом 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнѳ кирет.
11. Бул токтомдун ишке ашыруу жагы айыл ѳкмѳтүнѳ тапшырылсын.
Төрага | Б. Умралиев |
№3 тиркеме
Түп айылдык кенешинин
XXVII чакырылышынын
XVII - сессиясында № 36
чечими менен бекитилди.
2019 -жылга Түп айыл өкмөтүнүн бюджетинин 3111-статьясы «Имараттар жана курулмалар» мекемелер боюнча бѳлүнүшү
Түп айыл окмотү боюнча «Имараттар жана курулмалар» үчүн каралган акча каражаты баардыгы- 11931,0 миң сом анын ичинен;
Аппарат- 1312,9 мин сом
Административтик имаратты ондоого-662,9 мин сом;
Шаты, Бирлик айылдарына интернет киргизүүгө- 650,0 мин сом.
Турак жай коммуналдык чарба боюнча- 3 200,0 миң сом анын ичинен:
-Боромбай көчөсүнө тротуар салууга – 1200,0 мин сом;
- Бирлик айылындагы салынган көпүрөгө суунун уугун буруга- 1 000,0 мин сом;
-Түп айыл өкмөтүнө гараж салууга- 1000,0 мин сом.
Көчөлөрдүү жарыктандыруу- 5657,4 мин сом
-Түп айылындагы көчөлөрүнө жарыктандыруу- 4757,4 мин сом;
-Шаты айылынын жаны конуштарына электр зым тартууга-900 мин сом.
Билим берүү- 1510,7 мин сом.
Бакыт бала бакчасы 239,1 мин сом
Балдар ойночу аянтчаларды курууга-239,1 мин сом.
Жеткинчек бала бакчасы –1271,6 мин сом анын ичинен:
Балдар ойночу аянтчаларды курууга-427,0 мин сом;
Тротурларды салууга-844,6 мин сом;
Саламаттыкты сактоо
Бирлик айылындагы ФАПты ондоого-250 мин сом.