2010-жылдын 27-сентябрындагы ПЖ № 204 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ПРЕЗИДЕНТ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
УКАЗ
2005-жылдын 11-январы ПЖ № 6
Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук
агенттигинде кызмат өтөө тартиби жана шарттары жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2006-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 385 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук агенттигинин кызматкерлеринин кызмат өтөө тартибин жана шарттарын аныктоо максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук органда кызмат өтөө жөнүндө тиркелген Жобо жана Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарга контролдук боюнча органынын кызматкерлеринин Анты бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук агенттиги аталган
Жобонун талаптарын кыйшаюусуз аткарууну камсыз кылсын.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Коргоо жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмгө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент Кыргызской Республики |
А Акаев |
№ 2 тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 11-январындагы № 6 Жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук органынын кызматкерлеринин
АНТЫ
(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2006-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 385 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
Мен, _______________________, Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук органына мамлекеттик кызматка киришип жатып жана Кыргызстан элинин алдындагы жогорку жоопкерчиликти түшүнүү менен Кыргыз Республикасына берилгендигине ант берем жана:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамарын ыйык сактоого, мыйзамды ар кандай бузууларга келишпестик менен күрөшүүгө жана Кыргызстан элинин таламдарын жигердүү коргоого, өз ишимде мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк принциптерин жолдоого, кызматтык милдеттеримди так жана акниеттүүлүк менен аткарууга, мамлекеттик кызматчынын этикасынын Кодексинин ченемдерин бекем сактоого салтанаттуу сөз берем;
- бул антты бузуу менин баңгизаттарга контролдук боюнча мамлекеттик органда болушум менен айкалышпай тургандыгын түшүнөм.
2000-жылдын _____________ ______________________________________
Колтамгасы