Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6- чакырылышынын кезексиз 28-сессиясы
2019-жылдын 19-июну № 29-3
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Сарыканды айылынын жаңы көчөсүнө Орунбаев Адил атанын атындагы көчө деп ат коюу жөнүндө
Көк-Жар аыл өкмөтүнө караштуу Сарыканды айылынын жаңы көчөсүнүн жашоочуларынын арызын жана бул тууралуу Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп, жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү мыйзамына ылайык Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Сарыканды айылынын жаңы көчөсүнүн жашоочуларынын арызы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Сарыканды айылынын жаңы көчөсүнүн аты Орунбаев Адил ата атындагы көчө деп макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.Туманов |