Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
алтынчы чакырылышынын 26-сессиясынын кезексиз отуруму
2019-жылдын 13-июну №3
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы Таза суулар ишканасынын Дароот-Коргон айылы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин Ош шаары жана Ош областы боюнча бөлүмү менен макулдашылган тарифин бекитүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы Таза суулар ишканасынын Дароот-Коргон айылы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин Ош шары жана Ош областы боюнча бөлүмү менен макулдашылган тарифин бекитүү боюнча сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттары карап талкуулап 27-сессиясынын кезексиз отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы Таза суулар ишканасынын Дароот-Коргон айылы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин Ош шаары жана Ош областы боюнча бөлүмү менен макулдашылган тарифи № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул бекитилген тарифтин негизинде иш алып баруу Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы Таза суулар ишканасына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага | Н.Маматназаров |
Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2019-жылдын 13-июнундагы 27-сессиясынын кезексиз отурумунун № 3 токтомунун №1-тиркемеси
№ | Акы алып кызмат көрсөтүүнүн түрү | Өлчөө бирдиги | Суммасы (сом менен ) |
1 | Дароот-Коргон айылынын ашоочулары: |
|
|
| Ичүүчү сууну көчөдөн алганда | 1м3 / сом | 20 |
| Ичүүчү сууну короодон алганда |
| 30 |
2 | Мекеме ишканалар: |
|
|
2.1 | Бюджеттик мекемелер | 1м3 / сом |
|
| Ичүүчү сууну көчөдөн алганда |
| 35 |
| Ичүүчү сууну короодон алганда |
| 45 |
2.2 | Коммерциялык ишканалар | 1м3 / сом |
|
| Ичүүчү сууну көчөдөн алганда |
| 40 |
| Ичүүчү сууну короодон алганда |
| 45 |
| Суу түтүгүнүн системасына кошулуу үчүн | 1 жолу/ сом | 3000 |
«Чоң-Алай таза суулары» муниципалдык ишканасынын акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнүн таза сууну өндүрүү жана керектөөлөргө сатуу боюнча тарифтери төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү.
-бир жылда берилген сууну өндүрүүгө кеткен чыгым 2 210 710 сом
- бир жылда өндүрүлгөн суунун көлөмү 111 791 м3
-1м3 керектелүүчү суунун өздүк наркы: 2 210 710 сом: 112 791м3=19,60 сом за 1 м3.
Өндүрүлгөн 1 м3 суунун баасы 19,60 сомду түздү, андан:
№ | Аталыштары | Рентабелдүүлүк | Суммасы | Баасы (сом) |
1 | Элге : |
|
|
|
| Көчөдөн алганда | 2% | 0-40 | 20-00 |
| Короодон алганда | 53% | 10-40 | 30-00 |
2 | Мекеме ишканаларга: |
|
|
|
| Бюджеттик мекемелер көчөдөн алганда | 79% | 15-40 | 35-00 |
| Короодон алганда | 104% | 20-40 | 40-00 |
3 | Коммерциялык ишканалар: |
|
|
|
| Көчөдөн алганда | 104% | 20-40 | 40-00 |
| Короодон алганда | 130% | 25-40 | 45-00 |
4 | Суу түтүгүнө кошулуу үчүн | 1 жолу |
| 3000-00 |