Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6- чакырылышынын кезексиз 28-сессиясы
2019-жылдын 28-майы № 28-3
Көк-Жар айылдык кеңешинин 2018-жылдын 18-декабрындагы 6-чакырылышынын кезектеги 21-сессиясынын №21-1 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу “Дедек бүбү” толук эмес орто мектебине МЕРСИКО уюму тарабынан мектепти ысык тамак-аш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү жаралгандыгына байланыштуу, жогоруда аталган мектептин директорунун сураныч катына жана Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын сунушуна негиз, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 21-главасынын 115-беренесинин 4-пунктуна негиз Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айылдык кеңешинин 2018-жылдын 18-декабарындагы 6-чакырылышынын 21-сессиясынын №21-1 токтомунда бекитилген Көк-Жар айыл өкмөтүнүн бюджетинин экономикалык меселелер бөлүмүнө бекитилген акча каражаттарынын эсебинен “Дедек бүбү” толук эмес орто мектебинин ашканасынын ремонту үчүн 1-тиркемеге негиз өзгөртүүлөр киргизилип 261 800 (эки жүз алтымыш бир миң сегиз жүз) сом акча каражаты ажыратылсын.
2. Бөлүштүрүлгөн акча каражатын мыйзамдуу түрдө статьяларына коюп иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Миңбаев Саттарилиге жана ФЭБ башчысы Тургунбай уулу Айтибекке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
| Төрага | Н.Туманов | |||||||
Көк-Жар айылдык кенешинин |
| ||||||||
6-чакырылышынын кезексиз |
| ||||||||
№28-3 токтомуна 1-тиркеме |
| ||||||||
| |||||||||
Бөлүм | Берене | 2-квартал (тыс.сом) | 3-квартал (тыс.сом) | Бөлүм | Берене
| 2-квартал (тыс.сом)
| 3-квартал (тыс.сом)
|
70491 | 3111 | -101,2 | -160,6 | 70921 | 3111
| +101,2
| +160,6
|
Жалпысы |
| -101,2 | -160,6 |
|
| +101,2
| +160,6
|
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн
ФЭБнүн башчысы: А. Тургунбай уулу