Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6- чакырылышынын кезексиз 28-сессиясы
2019-жылдын 28-майы № 28-6
Көк-Жар айылдык кеңешинин 2018-жылдын 18-декабрындагы 6-чакырылышынын кезектеги 21-сессиясынын №21-1 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Жар айылында жайгашкан балдар бакчасына суу сактоочу кампа куруу зарылчылыгы келип чыккандыгына байланыштуу Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын сунушуна негиз, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 21-главасынын 115-беренесинин 4-пунктуна негиз Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айылдык кеңешинин 2018-жылдын 18-декабарындагы 6-чакырылышынын 21-сессиясынын №21-1 токтомунда бекитилген Көк-Жар айыл өкмөтүнүн бюджетинин экономикалык меселелер бөлүмүнө бекитилген акча каражаттарынын эсебинен балдар бакчасына суу сактоочу кампа куруу үчүн 1-тиркемеге негиз өзгөртүүлөр киргизилип 159 500 (бир элүү тогуз миң беш жүз) сом акча каражаты ажыратылсын.
2. Ажыратылган акча каражатын мыйзамдуу түрдө статьяларга коюп иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Миңбаев Саттарилиге жана ФЭБ башчысы Тургунбай уулу Айтибекке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Туманов |
Көк-Жар айылдык кенешинин | ||||||
6-чакырылышынын кезексиз | ||||||
№28-6 токтомуна 1-тиркеме | ||||||
Бөлүм | Берене | 3-квартал (тыс.сом) | Бөлүм | Берене
| 3-квартал (тыс.сом)
|
70491 | 3111 | -159,5 | 70911 | 3111
| +159,5
|
Жалпысы |
| -159,5 |
|
| +159,5
|