Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-августу №XXVI-1
Ноокат шаарынын 2019-жылдагы 6 айлык жергиликтүү бюджетинин планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Ш.Абдивахидовдун билдирүүсү жөнүндө
Ноокат шаарынын 2019-жылдагы 6 айлык жергиликтүү бюджетинин планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Ш.Абдивахидовдун билдирүүсү жөнүндө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ноокат шаарынын 2019-жылдагы 6 айлык жергиликтүү бюджетинин планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Ш.Абдивахидовдун билдирүүсү эске алынсын.
(Билдирүү тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |
Ноокат шаардык кеңешинин 2019-жылдын 27-августундагы V чакырылыш № XXVI сессиясынын № XXVI-1 токтомуна №1 тиркеме:
Урматтуу төрага!
Урматтуу депутаттар!
Урматтуу бугунку чогулуштун катышуучулары!
Ноокат шаардык мэриясынын 2019-жылдын 6 (алты) айы үчүн бекитилген бюджетинин планы киреше бөлүгү 28 777,0 миң сомду түзөт.
Ал эми 6 ай ичинде киреше жана чыгаша боюнча такталган планы 29 433,0 миң сомду түздү. Жергиликтуу бюджеттин киреше бөлүгү боюнча 6 айга такталган планы 28 777,0 миң сом болсо, 6 (алты) ай ичинде 29 433,0 миң сом же болбосо 656,0 миң сомго коп аткарылып 102,2 % болду.
1. Атап айтсак, киреше салык планы 9806,2 миң сом болсо, аткарылганы 9814,0 миң сомду түзүп, план 8,8 миң сомго коп, же 100,1 % ке аткарылды.
2. Бирдиктүү салык планы 225,0 миң сом болсо, аткарылганы 224,0 миң сомду түзүп, план 99,8 % ке, же 0,5 миң сомго кем аткарылды.
3. Патенттен түшкөн салык планы 8054,3 миң сом болсо, аткарылганы 7858,9 миң сом болуп, план 97,6 % ке, же 195,9 миң сомго кем аткарылды.
4. Кыймылсыз мүлк салыгы 801,3 миң сом болсо, аткарылганы 824,4 миң сомду түзүп, план 102,9 % ке, же 23,1 миң сомго көп аткарылды.
5. Транспорт салыгы планы 632,5 миң сом болсо, аткарылганы 829,0 миң сомду түзүп, план 131 % ке, же 196,5 миң сомго коп аткарылды.
6. Жер салыгы плпн 1183,5 миң сом болсо аткарылганы 1363,9 миң сомду тузуп, план 115,2 % ке аткарылды, же болбосо 180.4 миң сомго коп аткарылды.
7. Сатуудан түшкөн салык планы 4774,4 миң сом болсо, аткарылганы 5094,2 миң сомду түзүп, план 107,4 % ке аткарылды, же 349,1 миң сомго көп аткарылды.
8. Таштанды ташып чыгаруу салык планы 300,0 миң сом болсо, аткарылганы 324,7 миң сомду түзүп, план 108,2% ке, же 24,7 миң сомго көп аткарылды.
9. Калктуу конуштагы жер салыгынын планы 99,9 миң сом болсо, аткарылганы 144,3 миң сомду түзүп, план 144,4 % ке, же 44.4 миң сомго коп аткарылды.
10. Авто токтоочу жайдын (порковканын) планы 315,4 миң сом болсо, аткарылганы 346,0 миң сомду түзүп, план 109,7 % ке, же 30,6 миң миң сомго коп аткарылды.
11. Акы төлөнүүчү кызматтардан түшүүчү акы (Родительский взнос) планы 2628,5 миң сом болсо, аткарылганы 2584,5 миң сомду түзүп, план 98,3 % ке, же 44 миң сомго кем аткарылды.
2018-жылдын 6 айына жалпы тушкон киреше 27166,1 миң сом болсо 2019-жылдын 6 айында түшкөн жалпы киреше 29433,0 миң сом болду.
2018-жылдын 6 айына салыштырмалуу жергиликтүү бюджетке 2019-жылда 2266,9 миң сомго киреше коп аткарылды.
Чыгаша бөлүгү боюнча айтсам 2019-жылдын 1-январына калган калдык 4094,4 миң сом, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2019 жылдын 6 айына такталган план 31581,7 миң сом 2018-жылдын 6 айына бектилген план 28777,0 миң сом болуп, жалпы 6 айда 29433,0 миң сомго план такталган.
Аткарылганы:
701 бөлүм «Өзүн өзү башкаруу» тармагы 83,9,0 % ке аткарылды.
704 бөлүм «Экономикалык чыгымдар» 25,7 % ке аткарылды
706 бөлүм Коммунальдык чарба болум 93,0 % ке аткарылды
708 бөлүм «Маданият тармагындагы башка чыгымдар» 96,9 % ке аткарылды
709 бөлүм «Билим беруу» 61,5 % ке аткарылды
710 бөлүм «Социалдык коргоо тармагы» 104,9 % аткарылды
Жалпы 75,6 % аткарылды.
Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика
бөлүмүнүн башчысы: М.Ш.Абдивахидов