Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-декабры №1
Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин2018-жылдын 17-октябрындагы №01-18/26 буйругунун 3-пунктуна ылайык Каныш-Кыя айыл аймагындагы бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамын бекитүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобого ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын жобосу бекитилсин.
2. Каныш-Кыя айыл аймагындагы бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин беренелерине ылайык иш алып баруу жагы түзүлгөн комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |
Каныш-Кыя айылдык Кенешинин
VI чакырылышынын кезексиз ХVII сессиясынын
№1 токтомуна тиркеме
Каныш-Кыя айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын курамы
1.Осмонбеков Кубаныч-Чаткал райондук аксакалдар кенешинин
төрагасы,комиссиянын төрагасы
2.Сулайманкулов Актан-Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысынын орун
басары,комиссиянын торагасынын орун басары
3.Дубанаева Токтобү-Каныш-Кыя айыл аймагынын жооптуу
катчысы,комиссиянын катчысы
4.Алмырзаев Абдыразак-Каныш-Кыя айылдык кенешинин
депутаты,комиссиянын мучосу
5.Алибеков Абдразак- Каныш-Кыя айылдык кенешинин
депутаты,комиссиянын мучосу
6.Жолдошев Саматбек- Каныш-Кыя айылдык кенешинин
депутаты,комиссиянын мучосу
7.Абдыкеримов Чынгыз- Каныш-Кыя айылдык кенешинин
депутаты,комиссиянын мучосу
Каныш-Кыя айылдык кенешинин катчысы: Т.Дубанаева