Загрузка документа…
КР Президентинин
2009-жылдын 15-январындагы ПЖ № 31 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2005-жылдын 21-январы ПЖ № 23
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу илим
жана инновациялык технологиялардын кыргыз
мамлекеттик Фондун түзүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2005-жылдын 15-октябрындагы ПЖ № 462 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
Илимдин финансылык ресурстарын илим жана техниканын артыкчылыктуу багыттары боюнча изилдөөлөргө топтоону камсыз кылуу жана алдыңкы илимий-техникалык жана инновациялык иштерге колдоо көрсөтүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агентствосунун илим Башкармасынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агентствосуна караштуу "Инновация" мамлекеттик инновациялык технологиялар Борборунун жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигине караштуу агрардык илим жана консультациялык кызмат Борборунун имарат-жайларын, материалдык-техникалык базасын жана кызматкерлеринин штатын 2005-жылга эмгек акы фонду менен бирге өткөрүп берүү менен аталган илим Башкармасынын, мамлекеттик инновациялык Борбордун жана агрардык илим жана консультациялык Борборунун базасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу илим жана инновациялык технологиялардын Кыргыз мамлекеттик фонд (мындан ары - Фонд) түзүлсүн.
2. Фонддун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр санала тургандыгы аныкталсын:
- изилдөөлөрдүн, иштеп чыгуулардын, технологиялардын жана илимийинновациялык иштердин республика үчүн артыкчылыктуу жана керектүү багыттарын болжолдоо жана табуу;
- конкурстук негизде фундаменталдык жана прикладдык илимийизилдөөлөрдү финансылоо;
- конкурстук тандап алуунун натыйжалары боюнча кайтарылма негизде республика үчүн артыкчылыктуу багыттар боюнча илимий-техникалык программаларды, долбоорлорду, иштеп чыгууларды жана илимий-инновациялык иштерди финансылоо;
- рыноктук механизмдерге жана инновациялык иштин жана илимий-техникалык чөйрөдөгү ишкердиктин субъекттеринин мамилелерине негизделген инновациялык чөйрөнү калыптандыруу көмөктөшүү;
- өз ишинин эсебинен Фондго топтолгон финансы каражаттарынын көлөмүн арттыруу жана аларды Фонддун максаттарында натыйжалуу пайдалануу боюнча чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу.
3. Фонддун каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлө тургандыгы белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясын финансылоо үчүн арналган каражаттардан тышкары тармактык жана жогорку окуу жайынын илимин өнүктүрүү үчүн жыл сайын каралган республикалык бюджеттин каражаттарынан, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агентствосуна караштуу "Инновация" мамлекеттик инновациялык технологиялык Борбору жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигине караштуу агрардык илим жана консультациялык кызматтар Борбору пайдаланган каражаттардын;
- Фонддун эсебине которулган кайра кайтарылма каражаттардын;
- иштерди аткарууга кызыкдар заказчылардын анын ичинде четөлкөлүк заказчылардын максаттуу взносторунун, ыктыярдуу чегерүүлөрүнүн жана республикалык жана четөлкөлүк мекемелердин, уюмдардын, коомдордун жана айрым жарандардын, анын ичинде четөлкөлүктөрдүн кайрымдуулук салымдарынын;
- Фонддун зсебине уюмдар, мекемелер, фонддор, анын ичинде четөлкөлүктөр Фонд көрсөткөн маалыматтык, эксперттик жана башка кызматтар үчүн которгон каражаттардын;
- маалыматтык, басма жана Фонддун башка ишинен түшкөн каражаттардын;
4. Фондго илим жагындагы функцияларын өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агентствосу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агентствосуна кайра түзүлсүн.
5. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы ПЖ № 462 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө:
- Фонд жөнүндө Жобону иштеп чыксын жана бекитсин;
- Фондду Бишкек шаарынын Исанов көчөсүндөгү № 87 үй дареги боюнча имараттын үчүнчү кабатына жайгаштырсын;
- Фондду түзүүгө байланыштуу уюштуруу, финансылык материалдык-техникалык жана башка маселелерди чечсин;
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
7. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |