Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2007-жылдын 27-октябры ПЖ № 481 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2005-жылдын 15-октябры ПЖ № 462
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу
органдарынын түзүмүн өркүндөтүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2005-жылдын 4-ноябрындагы ПЖ № 513 Жарлыгынын,
КР Президентинин 2005-жылдын 11-ноябрындагы ПЖ № 533
Жарлыгынын, КР Президентинин 2006-жылдын
19-январындагы ПЖ № 19 Жарлыгынын,
2006-жылдын 24-майындагы ПЖ № 282 Жарлыгынын,
2006-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 308 Жарлыгынын
редакцияларына ылайык)
2005-жылдын 27-сентябрындагы № 153 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана мамлекеттик башкаруу органдарынын системасынын ишин өркүндөтүүгө жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган администрациялык реформаларды андан ары жүзөгө ашыруу, ошондой эле аларды күтүүгө бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42- жана 46-статьяларын жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамына төмөнкүлөр кире тургандыгы аныкталсын:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри;
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын Жетекчиси министри;
Кыргыз Республикасынын министрлери;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитеттеринин төрагалары.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнө кирген аткаруу бийлик органдарынын системасында төмөнкүлөр иштей тургандыгы аныкталсын:
а) министрликтер:
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү илим жана жаштар саясаты министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Өнөржай, соода жана туризм министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;
б) мамлекеттик комитеттер:
Кыргыз Республикасынын миграция жана иш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комитети;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети.
3. Кыргыз Республикасынын жаңы министрликтери менен мамлекеттик комитеттеринин ишин камсыз кылуу максатында:
а) төмөнкүлөр түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик илим жана инновациялык технологиялар фондунун базасында ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин жаштар саясатынын функциясын өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин миграциялык кызмат Департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин калкты иш менен камсыз кылуу Департаментинин базасында Кыргыз Республикасынын миграция жана иш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комитети;
б) төмөнкүлөр кайра түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын эларалык интеграция жана кызматташтык иштери боюнча министринин функциясын ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөржай жана соода министрлигинен экономикалык саясат функцияларын өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу маданиятты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиясы анын карамагына Кыргыз Республикасынын Улуттук китеп палатасын өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигине;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинен туризм функцияларын өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөржай жана соода министрлиги Кыргыз Республикасынын Өнөржай, соода жана туризм министрлигине;
Экология боюнча функцияларды чыгарып салуу менен Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин суу чарба Департаментинин селден коргоо башкармасынын функциялары жана материалдык базасы өткөрүп берилсин.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 4-ноябрындагы ПЖ № 513 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында жана анын жетекчилиги менен төмөнкүдөй администрациялар жана уюмдар иштей тургандыгы белгиленсин:
а) мамлекеттик агенттиктер:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык көзөмөл жана отчеттуулук боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Денетарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архив агенттиги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу маалыматтык ресурстар
жана технологиялар мамлекеттик агенттиги.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Спирт жана алкоголь продукциясын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча мамлекеттик агенттиги;
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 11-ноябрындагы ПЖ № 533 Жарлыгынын,2006-жылдын 19-январындагы ПЖ № 19 Жарлыгынын, 2006-жылдын 24-майындагы ПЖ № 282 Жарлыгынын редакцияларына ылайык)
б) мамлекеттик инспекциялар:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекция;
в) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тикелей баш ийген юридикалык жактар (мамлекеттик ишканалар, уюмдар жана мекемелер).
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 24-майындагы ПЖ № 282 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
5. Жаңы администрациялык всдомстволордун иштешин камсыз кылуу максатында төмөнкүлөр түзүлсүн:
а) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой кызматынын базасында ага Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинен экология функцияларын тийиштүү штаттарын жана финансы каражаттарын өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинен спорт боюнча функцияларды жана тийиштүү штаттарды жана материалдык ресурстарды өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Денетарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын антимонополиялык саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча Улуттук агенттигинин энергетика жана газ боюнча Мамлекеттик инспекциясынын базасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекциясы;
б) төмөнкүлөр кайра түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссиясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттигине;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик комиссиясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттигине;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архив кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архив агенттигине;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттикке.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 11-ноябрындагы ПЖ № 533 Жарлыгынын, 2006-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 308 Жарлыгынын редакцияларына ылайык)
6. Төмөнкүлөр жоюлсун:
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана региондук өнүктүрүү иштери боюнча министринин кызмат орду;
эларалык интеграция функцияларын Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине берүү менен Кыргыз Республикасынын Эларалык интеграция жана кызматташтык иштери боюнча министринин кызмат орду;
жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитети.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 11-ноябрындагы ПЖ № 533 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:
- бир айлык мөөнөттө жаңы милдеттер менен функцияларды эске алуу менен мамлекеттик органдарды башкаруу схемасын жана алар жөнүндө жоболорду иштеп чыксын жана бекитсин;
- ушул Жарлыктан келип чыккан маселелерди, анын ичинде жогоруда аталган мамлекеттик органдардын уюштуруу, финансылык маселелерин жана материалдык-техникалык базасынын маселелерин, ошондой эле аталган органдардын кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу бошогон кызматкерлерди ишке орноштуруу боюнча маселелерди чечсин;
- ушул жарлыктан келип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагынан жаратылышты коргоо функцияларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттикке өткөрүп берүү маселесин иликтесин жана зарыл болсо бул маселе боюнча тийиштүү чечим кабыл алсын;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
8. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасыныны Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети менен бирдикте жоюлган жана кайра уюшулган мамлекеттик башкаруу органдарынын мамлекеттик администрациялык имараттарын, автотранспорттук жана башка материалдык-техникалык каражаттарын белгиленген тартипте өткөрүп берүүнү жана кабыл алууну камсыз кылсын жана аларды андан ары пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна сунуш киргизсин.
9. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы № 363 "Мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарын кайра уюштуруу жөнүндөгү" Указы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 21-январындагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы № 363 "Мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарын кайра уюштуруу жөнүндөгү" Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Указы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 25-ноябрындагы № 342 "Кыргыз Республикасынын Токой кызматы жөнүндөгү" Указынын 4-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 4-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Токой кызматынын маселелери жөнүндөгү" Указынын 4-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 30-майындагы № 134-а "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы № 363 "Мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарын кайра уюштуруу жөнүндөгү" Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Указы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 14-сентябрындагы № 247 "Спирт жана алкоголь продукцияларын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу боюнча кошумча чаралар жөнүндөгү" Указынын 4-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 26-сентябрындагы № 255 "Кыргыз Республикасынын финансы системасын башкаруу органдарын андан ары реформалоо боюнча чаралар жөнүндөгү" Указынын 6-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 13-июнундагы № 180 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы № 363 "Мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарын кайра уюштуруу жөнүндөгү" Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 17-июнундагы № 182 "Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарга контролдук боюнча агентствосун түзүү жөнүндөгү" Жарлыгынын 4-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 11-сентябрындагы № 297 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Жарлыгынын 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 7-февралындагы № 39-а "Аткаруу бийлигинин борбордук органдарынын структурасын андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндөгү" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 1-апрелиндеги № 117 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы № 363 "Мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарын кайра уюштуруу жөнүндөгү" Указына толуктоолорду киргизүү тууралу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 8-сентябрындагы № 295 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 21-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик илим жана инновациялык технологиялар фондун түзүү жөнүндөгү" Жарлыгынын 5-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 23-мартындагы № 84 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 18-апрелиндеги № 105 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы "Мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарын кайра уюштуруу жөнүндөгү" Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 20-апрелиндеги № 120 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы "Мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарын кайра уюштуруу жөнүндөгү" Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 30-апрелиндеги № 149 "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуу жагындагы институттук жана түзүмдүк кайра түзүүлөр жөнүндөгү" Жарлыгынын 5-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 25-майындагы № 198 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы "Мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарын кайра уюштуруу жөнүндөгү" Указына толуктоолорду киргизүү тууралу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 13-июнундагы № 227 "Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 30-апрелиндеги № 149 "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуу жагындагы институттук жана түзүмдүк кайра түзүүлөр жөнүндөгү" Жарлыгынын 1-пунктунун 9- жана 10-абзацтары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 25-июнундагы № 252 "Кыргыз Республикасынын маалыматтык ресурстар, технологиялар жана байланыш Улуттук агенттигин түзүү жөнүндөгү" Жарлыгынын 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 12-июлундагы № 273 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү" Жарлыгынын 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-сентябрындагы № 419 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык көзөмөл жана отчеттуулук боюнча мамлекеттик агенттикти түзүү жөнүндөгү" Жарлыгынын 5-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 10-октябрындагы № 448 "Кыргыз Республикасынын антимонополиялык саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча Улуттук агенттигин түзүү жөнүндөгү" Жарлыгынын 3-пункту.
10. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |