Загрузка документа…
БАШ-КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
БАШ-КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН XVII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ ОН ЭКИНЧИ СЕССИЯСЫ
2018-жылдын 11-майы № 17-12/1
Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндөгү» Мыйзамынын 8-беренесине ылайык жайыт жерлерин натыйжалуу, сарамжалдуу башкаруну жана пайдалануу үчүн жайыт акынын баасын бекитүү, чабандардын мал баккандыгы үчүн төлөнүүчү акысын бекитүү, жаздоо, жайлоо, кыштоолорго көчүү-конуу убактыларын бекитүү боюнча Баш-Кууганды айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы У.Жамгырчиевдин 2017-жылдагы аткарылган иштерин жана 2018-жылда аткара турган иштери жөнүндө маалыматты угуп Баш-Кууганды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XVII чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Кууганды айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жылдык бюджети 275064 сом болуп бекитилсин.
2. Жайыт акы үчүн ар бир баш кой, эчкиге 12 сомдон, бодо малга 60 сомдон төлүнсүн.
3. Мал баккандыгы үчүн бадачынын акысы кой, эчкиге 30 сом, бодо малга 300 сом болуп бекитилсин.
4. Баш-Кууганды айыл аймагынын жашоочуларына 2018-жылдын 15-апрелине чейин мал (бодо жана майда жандык) айдоо аянтына кирсе – мал ээсине эскертүү берилсин. 2018-жылдын 15-апрелинен кийин айдоо аянтына кирсе бодо малга биринчи жолу 100 сом, майда жандыктарга 10 сом, экинчи жолу кирсе бодо малга 200 сом, майда жандыктарга 20 сом айып салынсын. Эгерде тартип бузуу кайталанса мал ээси мыйзам алдында жооп берет. Малчы же жайыт пайдаландуучу өзүм билемдик менен жайыт пайдаланып же мал акысын көтөргөн малчылар үчүн 5000 (беш миң) сом айып салынсын.
5. Жаздоого 15-апрельден калбай, жайлоолорго 15-июньдан кеч эмес көчүрүлсүн. Күздөөгө 1-октябрьдан эрте көчүп келбесин. Өз убагында көчпөгөн же эрте көчүп келген малчыларга 5000 (беш миң) сом айып салынсын. Ар бир жаздоо, жайлоого көчпөгөн күн үчүн 2% туум эсептелсин.
6. Жайыт эсебиндеги жерлерди башка максаттарга пайдаланып жаткан аянттарынын ар 1 (бир) сотыхга 5 (беш) сомдон төлөнсүн.
7. Ар бир жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүлсүн жана комиссия менен бирдикте санак жүргүзүлсүн, малын санатпаган жайыт пайдалануучуларга мыйзам чегинде чара көрүлсүн.
8. Малын кем санаткан жайыт пайдалануучуларга ар бир кой, эчкиге 100 (жүз) сомдон, ар бир баш бодо малга 500 (беш жүз) сомдон айып салынсын.
9. Бул токтомдун аткарылышы Баш-Кууганды айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Жамгырчиев Уланга милдеттендирилсин.
10. Бул Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.jumgalrma.kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | К. Ажыгулов |
«Бекитемин»
Баш-Кууганды айылдык кенешинин
Торагасы ______________К.Ажыгулов.
«____» _______________ 2018 жыл
Баш-Кууганды айыл окмотунун жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018 жылга карата
БЮДЖЕТИ
№ п/п | Малдын туру. | Саны (баш) | 1 баш малга (сом) | Баардык сумма; (сом) |
1 | КИРЕШЕ БОЛУК | |||
1.1 | Ири муйуздуу мал уй-топоз | 1252 | 60 | 75120 |
1.2 | Жылкы. | 1200 | 60 | 72000 |
1.3 | Кой-Эчки. | 12761 | 12 | 153132 |
| Жалпы 1 статья |
|
| 300252 |
| Баары 1 статья. |
|
| 300252 |
ЧЫГАША БОЛУК
1 | Жайыт инфраструктурасын жакшыртуу. |
|
|
|
1.1 | Жол ремонту 2 колмо жайлоосунун жолу жол кара капчыгайынын жолу .10 км | 3 | 42000 | 126000 |
1.2 | Купка ремонту .(айланасын тосуу суу келучу трубаларын коюу) | 1 | 30000 | 30000 |
| Жалпы 1 статья |
|
| 156000 |
2 | Эмгек акы |
|
|
|
2.1 | ЖК торагасы | 12 | 6000 | 72000 |
2.2 | Соц фондго чегеруу 17.25% (айлык акы фондунан 12420 )сом. | 12 | 17,25 % | 12420 |
| Жалпы 2 статья |
|
| 84420 |
3 | Башка административдик жана операциялык чыгымдар | |||
3.1 | Командировка чыгымы,куйуучу май. | 12 | 2050 | 24600 |
3.2 | Канцелярдык чыгым(тонер,картридж,кагаз,ручка) | 12 | 420,3 | 5044 |
3.3 | Жайыттын жер налогу 10767 га | 10764 га | 2,34 | 25188 |
| Жумгал жайыты асоцациясына | ---- | ---- | 5000 |
| Жалпы 3 статья |
|
| 59832 |
| Баардык чыгымдар 1,2 жана 3 статья |
|
| 300252 с |
| Эскертуу: Кыйыр салыктар эске алынып тузулгон 1 жылдык бюджет |
|
| 300252 с |
| Жайыттын жер салыгы 1 жылга |
|
| 25188 |
| Жайыт комитетинин салыктар эсептелинбеген 1 жылдык чыгымы: |
|
|
275064 |
Жайыт комитетинин торагасы: У. Жамгырчиев