Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-апрели № 23/91
Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагында сугат-суу үчүн төлөмдүн наркын (тарифин) бекитүү жөнүндө
Аталган маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Абыкеевдин маалыматын угуп жана талкуулап, аталган нарктарды (тарифтерди) эл менен тааныштыруу жана макулдашуу боюнча өткөрүлгөн элдик жыйындардын чечимдерин эске алуу менен, (2019-жылдын 2-апрелиндеги № 5 элдик жыйындын протоколу) Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 14-пунктуна ылайык, Кош-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Абыкеевдин Кош-Дөбө айыл аймагында сугат-суу үчүн төлөмдүн наркын (тарифин) бекитүү жөнүндөгү билдирүүсү жана сунуштары тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет).
2. Кош-Дөбө айыл аймагында сугат-сууга болгон төлөмдүн наркы (тарифи) айыл өкмөтү тарабынан гектарына 116 сомдон берилген субсидияны кошкондо гектарына 366 сомдон, огородго 100 сомдон, ал эми Ак-Кыя жана Семиз-Бел айыл өкмөттөрүнө гектарына 366 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Субсидиянын акчасын таап берүү жагы айыл өкмөт башчысы Т. Абыкеев милдеттендирилсин.
4. Айыл өкмөт башчысы “Суу пайдалануучулар ассациясынын (СПА) төрагасы менен мыйзам чегинде айыл өкмөтү тарабынан берилген субсидияны көрсөтүү жолу менен тиешелүү келишим түзүү жаны тапшырылсын.
5. Ак-Кыя,Семизбел айыл аймагынын элдерине түшүндүрүү иштери жүргүзүү жагын СПА советине жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Ырысбек Бектен |
“Сугат суу менен камсыздоо боюнча кызмат
көрсөтүүнүн тарифин бекитүү жөнүндө”
Кош-Дөбө айыл аймактык кеңешинин кезексиз
2019-жылдын 30 апрелиндеги № 23 \91 токтомуна тиркеме.
№ |
Айылдардын Аталышы | Сугат суу пайдалануучыларынын жер аянтары жана огородтору | Кош-Дөбө айыл аймагы жана Ак-Кыя, Семиз-Бел айыл өкмөттөрү боюнча сугат сууга болгон төлөм. | Кош-Дөбө айыл өкмөтү тарабынан берилген гектарына субсидия өлчөмү | Айыл өкмөтү тарабынан берилген гектарына 116 сомдон субсидияны кошкондо сугат сууга болгон төлөм.
|
1 | Кара-Саз айылы | 838 гектар | 1 га жерге 250 сом | 1 га жерге 116 сом | 1 га жерге 366 сом |
2 | Кара-Күнгөй айылы | 891 гектар | 1 га жерге 250 сом | 1 га жерге 116 сом | 1 га жерге 366 сом |
3 | Кара-Саз огород | 276 огород | 1 огородго 100 сом | берилбейт | 1 огородго 100 сом |
4 | Кара-Күнгөй огород | 285 огород | 1 огородго 100 сом | берилбейт | 1 огородго 100 сом |
5 | Ак-Кыя айыл өкмөтү | 220 гектар | 1 га жерге 366 сом | берилбейт | 1 га жерге 366 сом |
6 | Семиз-Бел айыл өкмөтү | 158 гектар | 1 га жерге 366 сом | берилбейт | 1 га жерге 366 сом |
Төрага: Ырысбек Бектен