Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 08-февралы № 4
Кыргыз Республикасынын Президенти С. Ш. Жээнбековдун «2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү» жылы деп жарыялангандыгына байланыштуу Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Эпеевдин иш-планын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылына» карата Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Эпеевдин иш-планы кабыл алынсын (тиркеме тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Топоев |
БЕКИТИЛДИ
Көк-Ирим айыл аймагынын айылдыкКеӊешинин
IV шайланган депутаттарынын XIX сессиясынын
08.02.2018-жылдагы №4- токтому
2018-жыл «Аймактарды өнүктүрүү» жылына карата Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Эпеевдин иш-планы
№ | Милдеттер | Иш чаралар | Аткаруу мѳѳнѳтү
| Күтүлүүчү жыйынтык | Жооптуулар |
| |||||
1-Приоритеттүү багыт. Билим берүү жана мектеп жашына чейинки билим берүү |
|
| |||||||||
1 |
Бирдик айылына 50 орундуу бала-бакчанын имаратын куруулушун аяктоо | 13 320,0 сом АРИСтен 600,0 сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнөт -Сметанын жана долбоордун болушу -Каржылай турган булактын болушу -Сатып алууларды билдирген документтин болушу Кабыл алуу тууралуу акт |
| ||||||||
2018-жыл | Бирдик айылындагы 50 бөбөк бала бакчага барат. Көзөмөлсүз калган балдардын саны азайат. Балдарга карата зордук- зомбулук жоюлат. | А/Ѳ, АК, |
| ||||||||
2 | Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнө айыл аймактык сайт ачуу | 15 миӊ сом тендерге жарыялоого бөлүнөт 15 миӊ сайтты ачууга аркандай чыгымдарга жумшалат | 2018-жыл | Айыл өкмөтүнүн жана Кеӊешинин токтом, буйруктары сайтка жарыяланат. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалымат таратууну камсыз кылуу боюнча иш алып барылат. | А/Ѳ, ФЭБ башчы Жооптуу катчы |
|
| ||||
3 | Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнө Wi-fi роутер алуу | Жергиликтүү бюджеттен 3 миӊ сом каралат | 2018-жыл | Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүндө интернет почта менен иштөө колго алынат | А/Ѳ, ФЭБ башчы
|
|
| ||||
4 | Арал айылынын Бейше атындагы орто мектебине кошумча корпус курууну аяктоо | АА деңгээлинде комиссия түзүү 55 миң «Жер үйдөн» каржыланат -Сметанын жана долбоордун болушу -Каржылай турган булактын болушу -Сатып алууларды билдирген документтин болушу Кабыл алуу тууралуу акт | 2018-2019-ж | №3 Бейше атындагы орто мектебинде жаӊы корпустун имаратынын ишке берилиши менен окутуу системасы жаӊыланат. Мугалимдердин окутуу системасына талап күчөтүлөт. Окуучулардын билим деӊгээли жогорулайт. | А/Ѳ, АК, мектеп директору |
| |||||
II- Приоритеттүү багыт Маданият жана спорт |
|
| |||||||||
1
| Арал маданият үйүнүн жана кѳрүү залынын жылытуу системасын оңдоо | Арал маданият үйүнүн жана кѳрүү залынын жылытуу системасын оңдоо залына маданий тейлѳѳ шарттарды түзүү планын иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүу Жумушчу топ түзүлѳт Деффектный актысы тузулот Сметасы даярдалат | 2018-жыл | Ар кандай маданий иш чаралар, элдик жыйындар, шайлоолор мектептин имаратына өтпөй клубда отот. | Клуб башчы уюштурат |
| |||||
2 | Арал маданият үйүнүн инвентардык жабдыктарын жаңылоо | Керектүү жабдыктардын сметасын түзүү Смета даярдалат | 2018-жыл | Ар кандай маданий иш чараларды өкөрүүдө стол, стулдарды мектептен ташуу токтотулат | Клуб башчы |
| |||||
2. СПОРТ |
| ||||||||||
2.1 | Арал , Бирдик айылдарына кичи спорт площадка куруу | - Арал , Бирдик айылдарына кичи спорт площадка куруу үчүн АПУ чийдирүүгө 54 миӊ сом - ПСД жасатууга 50 миӊ сом, | 2018-жыл | - футбол оюндары атайын площадкада ойнолот. - жаштар арасында ар кандай кылмыштуулук жоюулат |
|
| |||||
III-Приоритеттүү багыт ИЧКИ ЖОЛДОР ЖАНА КѲПYРѲѲЛѲР,КѲЧѲ ЖАРЫКТАРЫ |
|
| |||||||||
1 | Арал Бирдик айылдарынын ички кѳчѳлѳрүн оңдоо | Арал айылынын Т. Жээналиев атындагы көчөсүнө асфальт төшөө, спонсорлорду табуу жана аларга кат жөнөтүү | 2018-жыл | 2 км узундуктагы көчө асфальтталат | Т. Жээналиев атындагы көчөсүнүн көчө комитеттери жана тургундары |
| |||||
Арал айылынын А. Аттокуров көчөсүнө шагыл төгүү. Жашоочуларды жолду оӊдоо иштерине тартуу | 2018-жыл Июль-сентябрь | 300 метр узундуктагы көчөгө шагыл төгүлөт | .А.Аттокуров көчөсүнүн көчө комитети жана тургундары |
| |||||||
Арал айылынын Рысалиев көчөсүнөн Эмилбек-2 көчөсүнө Курманбаев Шербектин үйү менен Аштыкчиев Бектурсундун ортосунан өтүүчү жолго шагыл төгүү. Жашоочуларды жолду оӊдоо иштерине тартуу. | 2018-жыл | 1км 200 метр узундуктагы көчөгө шагыл төгүлөт | Эмилбек жана Рысалиев көчөсүнүн кѳчѳ комитеттери, жана тургундары |
| |||||||
|
| ||||||||||
| |||||||||||
Бирдик айылынын Акматбек көчөсүнө шагыл төгүү. Жашоочуларды жолду оӊдоо иштерине тартуу | 2018-жыл | 1 км 200 метр узундуктагы көчөгө шагыл төгүлѳт.
| Мырзабеков С-айыл башчы С.Жапаркулов көчөсүнүн көчө комитети жана тургундары |
| |||||||
2 | Арал, айылдарынын ички кѳпүрѳѳлѳрүн оңдоо | Эмилбек - 2 көчөсүндөгү Тойчунов Нурлан менен Турусов Памирдин үйүнүн ортосундагы арыкка 5 м 1 даана труба коюу Ошол эле көчөнүн тургуну Омуралиев Анарбектин үйүнүн артындагы арыкка труба коюу. Найманов Турар менен Курманалиев Эрмектин ортосуна труба коюу. Насирдинов Таланттын үйүнүн тушуна труба коюу. М.Рысалиев көчөсүнүн тургуну Курманбаев Шеринбек менен Аштыкчиев Бектурсундун ортосундагы арыкка труба коюу. | 2018-жыл Июль-сентябрь | Эмилбек көчөсүндөгү суу жеп кеткен жолдорго 5 жерге 5 метрлик трубалар коюлуп, автоунаа жана жөө адамдар өтүүгө жолдор оӊдолот.
| А/О башчы Эмилбек, Рысалиев Көчөсүнүн жашоочулары |
| |||||
3 | Бирдик айылынын ички кѳпүрѳѳлѳрүн оңдоо | Бирдик айылынын Аралча көчөсүнө жөө адамдар өтүүчү көпүрө салуу . | 2018-жыл | Узуну 4 метр, Туурасы 1 метр көчө оӊдолот
| Мырзабеков С-айыл башчы Аралча көчөсүнүн жашоочулары |
| |||||
(III-Приоритеттүү багыттын КѲЧѲ ЖАРЫКТАРЫ подпункуту) |
| ||||||||||
1 | Арал жана Бирдик айылдарынын кѳчѳлѳрүнѳ шам чырактарды коюу
| Бирдик айылындагы Акматбек көчөсүн жарыктандыруу боюнча иш чара иштеп чыгуу
| 2018-жылы | 1,5 км кѳчѳгѳ 12 лампа коюлат | Айыл башчы Жумушчу топ Жер адис |
| |||||
Арал айылындагы М. Рысалиев көчөсүн жарыктандыруу
| 2018-жыл | 1,5км көчөгө 15 лампа коюлат | А/о башчы Жумушчу топ Жер адис |
| |||||||
IV-ПРИОРИТЕТТYY БАГЫТ-ИЧYYЧY ТАЗА СУУ |
| ||||||||||
1 | Арал, Бирдик айылдарынын кѳчѳлѳрүнѳ суу түтүктѳрүн тартуу | Таза суу түтүктѳрүн тартууга гранттык каражаттарды издѳѳ Жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бѳлүү
| 2018-жыл | Консультациялык иш чаралар ѳткѳрүлѳт | Айыл ѳкмѳтү, СООПВ жетекчиси. Жалпы жамаат |
| |||||
Сунун анализдерин чыгаруу үчүн лабараторияларга берүү Жергиликтүү бюджеттен акча бөлүнөт | 2018-жыл | Суунун анализдери чыгат | Жумушчу топ, эксперттер |
| |||||||
V- ПРИОРИТЕТYY БАГЫТ - КАЛКТЫ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАКТАН ТЕЙЛѲѲ |
| ||||||||||
1 | Арал айылына дары-дармектерди сатууга аптека ачуу | -Аптека үчүн атайын бѳлмѳ даярдоо -Дары сактоо үчүн муздаткычтарды алуу -Саламаттык сактоо министрлиги менен дары сатууга келишим түзүү | 2018-2023-жыл | Арал айылынын эли Районго барбай дарыланышат | А/Ѳ, АК депутаттары, ФАПтын башчысы |
| |||||
VI- ПРИОРИТЕТТYY БАГЫТ – АЙЫЛ ЧАРБАСЫ, ОРТО ЖАНА ЧАКАН БИЗНЕСТИ ѲНYКТYРYY |
| ||||||||||
1 | Айыл чарбасында түшүмдүүлүктү жогорулатуу | -Айыл чарбасындагы жаңы технологияларды жайылтуу -Айыл чарбаны колдоо, инфраструктураны түзүү | 2018-жыл | Айыл чарбасында түшүимдүүлүк 40% га жогорулайт | А/Ѳ, депутаттар, Жумушчу топ, ишкерлер |
| |||||
2 | Мал чарбасынын асыл тукумдуулугун арттыруу, жайыттын инфраструктурасын жакшыртуу | Мал чарбасында эт, сүт багытында асылдуулугун арттыруу | 2018-жыл | Эт багытында малдын саны көбөйөт, элдин киреше булагы өсөт | А/Ө Жайыт комитети |
| |||||
3 | Кичи жана орто ишкердүүлүк | -Ички жана тышкы инвесторлорду тартуу үчүн инвестициялык сунушту иштеп чыгуу (күнөскана, тоок багуу, аарычылык боюнча) | 2018--жыл | айыл эли жумуш менен камсыз болот | АК, А/Ѳ, жумушчу топ |
| |||||
VII--ПРИОРИТЕТТYY БАГЫТ – Экология |
| ||||||||||
1 | Кѳк-Ирим айыл аймагынын экологиясын сактоо, жашылдандыруу кѳрктѳндүрүү иштерин жүргүзү | -Айыл ичине бак-дарактын кѳчотторун отургузуу -Жашылдандыруу кѳрктѳндүрүү иштерин колго алуу | 2018-жыл
| Элдин саламаттыгы жакшырат -айыл аймак корктуу кооз айыл болот | А/Ѳ, АК жумушчу топ |
| |||||
2 | Бирдик айылдагы парктын айланасын тосуу көчөттөрдү отургузуу | -Кѳчөт алуу үчүн смета түзүү -Айланысын тосуучу тосмлордун сметасын түзүү -Кѳчѳт алуу үчүн токой чарбасы менне келишим түзүү | 2018-жыл | Бирдик паркынын айланасы тосулат, Кочоттор отругузулат | Айыл окмот Айыл башчы |
| |||||
3 | Арал айылына парк уюштуруу | -Парк уюштуруу үчүн жер бѳлдүрүү -айланасын тосуу -тосмолор жана кѳчѳттѳр үчүн смета түзүү -кочотторду отургузуу | 2018-жыл | 2018-2023-жыл | Айыл окмот Айыл башчы |
| |||||
4 | Айылдын санитардык абалын жакшыртуу, Таштандыларды чогултуп чыгаруу | -Таштанды чыгаруу үчүн болүнгон жердин айланасын тосуу -Иш план иштеп чыгуу -айыл эли менен келишимдерди түзүү -таштандыларды айыл ичинен тазалоо | 2018-жыл | Тазалыкка болгон муктаждык чечилет,
| Айыл ѳкмѳт Айыл башчы |
| |||||
VIII --ПРИОРИТЕТТYY БАГЫТ – Ички арыктар жана ирригация |
| ||||||||||
1 | Арал айылындагы Ак-Талаа каналын толугу менен оӊдоо | -Жумушчу топ түзүлөт -Смета иштелип чыгат - Республикалык бюджеттен 3 млн сом каржыланат
| 2018-ж | СПА нын иштеши колго алынат, Суугат иштери өз убагы менен аткарылат | А/О Айыл башчы СПАнын башчысы СПАнын мүчөлөрү |
| |||||
| |||||||||||
Көк-Ирим айыл аймагынын айыл
өкмөтүнүн башчысы: К. Эпеев