Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-ноябры №5
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү жерлердин аймактарын кеӊейтүү үчүн генпландан сырткары кошумча жер аянттарын берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22-январь 2008-жылдагы №19- токтомунун 6-пунктуна ылайык айыл жерлеринин аймактарын кеӊейтүү үчүн айыл чарба багытындагы жерлерди бир категориядан башкасына которуу (трансформация) максатында Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин ( XXI шайланышынын) кезектеги чакырылган ХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казарман айылынын күн чыгыш тарабындагы
Ынтымак участкасынан - 14 га суу баскан аянт
Дөдөмөл айылынын күн чыгыш тарабындагы 15 га суу баскан аянт
Өрнөк айылынын Кара-Табылгы участкасындагы 8 га суу баскан аянт
Кош-Булак айылынын түштүк тарабынан чоӊ жолго чейин 2 гектар кайрак жер айылдарды кеӊейтүү үчүн которулсун. (трансформациялансын)
Баардыгы 39( отуз тогуз) гектар суу баскан аянт.
2. . Бул токтомду бекитип берүү жагы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Р. Ажыбаев |