Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-февралы № 25/4
Жошолу айыл өкмөтү жана АРИС ортосундагы алкактык келишимдин негизинде сатылып алынган эксковатор погрузчик Амкадор - 702 EМ Беларус-892,2 техникасын баланска кабыл алуу жана элге кызмат көрсөтүүдөгү тарифин бекитүү жөнүндө
Айыл өкмөттүн салык жана жыйымдар боюнча башкы адиси А.Жеенбековдун айыл өкмөткө сатылып алынган техниканы баланска кабыл алуу жана элге кызмат көрсөтүүдөгү тарифин бекитүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап Жошолу айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХV заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтү жана АРИС ортосундагы алкактык келишимдин негизинде сатылып алынган эксковатор погрузчик Амкадор - 702 EМ Беларус-892,2 техникасы айыл өкмөттүн балансына кабыл алынсын.
2. Механизатордун укугу жана милдети түзүлгөн келишимге ылайык бекитилсин жана механизаторго бекитилген талаптарга ылайык иш алып баруу жагы милдеттендирилсин. (№ 1 тиркеме тиркелет).
3. Жошолу айыл өкмөтү жана АРИС ортосундагы алкактык келишимдин негизинде
сатылып алынган эксковатор погрузчик Амкадор - 702 EМ Беларус-892,2
техникасынын элге кызмат көрсөтүүдөгү тарифи 1 мото саат иштесе 1804 сом 40
тыйын, ал эми 1саат иштесе 1262 сом 88 тыйын деп бекитилсин (тариф тиркелет).
4. Механизатордун укугу жана милдети түзүлгөн келишимге ылайык бекитилсин жана механизаторго бекитилген талаптарга ылайык иш алып баруу жагы милдеттендирилсин. (№ 1 тиркеме тиркелет).
5. Айыл өкмөт башчысынын жана жайыт комитетинин уруксаты менен айыл өкмөткө тиешелүү жумуш болбогон бош убакытта техника Жошолу айыл өкмөтүнүн тургундарынын кайрылуусу боюнча буюртмаларды аткарууга чыгарылсын.
6. Айылдык кеңешке квартал сайын техниканын аткарган иши боюнча отчет берип туруу жагы айыл өкмөт башчысы жана жайыт комитетине жүктөлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңештин уюштуруу укуктук маселелер, мыйзамдуулук, мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруунун аймактык органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | З. Боронов |
Жошолу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын
кезексиз ХХV заседаниесинин
2019-жылдын 21-февралындагы № 25/4 токтомуна № 1 тиркеме
Механизатордун укугу:
* Механизатор- спецтехниканы башкарып-иштетүүгө;
* Мотосаат жеткенде токтотуп коюуга;
*Буюртма берген жарандын аткарта турган жумушу менен алдын ала көрүп, таанышып келүүгө (техниканын күчү жетпей турган иш болуп калуусу мүмкүн).
Механизатордун милдети:
* техниканы келишимдин негизинде өткөрүп алгандан кийин ар дайым оң абалда кармоого.
* ТО-1,ТО-2,ТО-3,ТО-4,ТО-5 жана башка техникалык кароодон өз убагында өткөрүп туруу.
* Техниканы өз убагында (ТО-1денТО-5)кароодон өткөрбөй, шалаакылык менен техникага зыян алып келсе, келтирилген чыгым механизатордун эсебинен ордуна коюлат.
* Техниканын жолдо жүрүү эрежелерин, өрт коопсуздугун, жумуш учурунда коопсуздук эрежелерди сактабай техникага зыян алып келинсе келтирилген чыгым механизатордун эсебинен төлөнүп берилет.
* Кыргыз республикасынын мыйзамдарынын негизинде бардык төлөмдөрдү(патент,страховой полюс,транспорт салыгын жана башка) өз убагында төлөөгө милдеттүү.
* Техниканын узак мөөнөткө кызмат кылуусу үчүн анын сакталышын камсыздоо максатында (жабык гаражда же болбосо навесте) кармоого милдеттүү.
* Техниканы башка бирөөгө башкарууга берүүгө укуксуз.
* Түнкүсүн иштөөгө тыюу салынат;
* Техникага терс таасирин тийгизген кооптуу( таштак,жар,дарыя,суу, ж.у.с.)жерлерде иштөөгө тыюу салынат жана андай жерде ииштөодөн баш тартууга укуктуу.
Айыл өкмөт башчысынын жана жайыт комитетинин укугу жана милдети:
Техниканы, механизатор келишимде көрсөтүлгөн жоболорду аткарбаган учурда кайтарып алууга укуктуу.
Техниканын ар-дайым оң абалда болуусун текшерип турууга милдеттүү.
Техниканын сакталышын(үстү жабык жайда же болбосо атайын гаражда) камсыздоого милдеттүү.
Бекитемин: Макулдашылды
Жошолу айылдык Жошолу айыл өкмөтүнүн башчысы:
кеңешинин төрагасы: _______________ Т.Абдырахманов
______________З.Боронов “____”____________ 2019-ж
“_____”____________ 2019-ж
Амкадор МТЗ 892,2 Эксковатор погрузчик 1 мото саатына жер казуу, жкт кызматын аткаргандагы колдонулуучу тариф:
№
| Чыгымдар | Атайын техника | ||||
Өлчөө бирдиги | чыгаша 1 м/саат | Баасы сом | Сумма сом | Эскертүү | ||
1. | Топуракка механикалык иштөө берүү менен жүк жүктөө учурундагы күйүүчү майдын чыгымы | Мото/саат | 8 | 44 | 352 | МТЗ-892,21 мото саатта 6-8 литр күйүүчү май чыгымдайт |
2. | Майлоочу материал | кг | 0,01248 | 60 | 0,74 |
|
3. | Эксковаторщиктик эмгек акысы | сом |
|
| 150 |
|
Атайын техниканын жалпы чыгымы 502,74 | ||||||
1. | Кызмат үчүн | сом | 1 |
| 352 | 502,74*70%=352 |
Баары: |
|
|
|
| 854,65 |
|
1. Жайыт үчүн чыгымдар убакытка карата эсептелди: 854,65 сом
2. Ички чарбалык жолдорго элге кызмат кылуу үчүн 10% кошулганда 940,5
3. Коммерциялык иштесе 20 % жогору 1024, 45
4. Сырттан келгендери үчүн башка өкмөттөргө 50% 1281,65
Бирдиктүү тариф айылдарда өткөрүлүүчү элдик жыйындарда талкууланып жактырылат.
Атайын техниканы күтүү үчүн 1 жылга карата утурумудук ондоолорго жумшалуучу чыгымдар:
№ | Чыгымдар | Өлчөө бирдиги | Бирдик баасы | Сумма | Эскертүү |
1 | Салык | Тарифке макулдук | 2500 | 2500 |
|
2 | Техниклык кароо |
| 3000 | 3000 |
|
3 | Майлоочу материаладар |
| 10 000 | 10 000 |
|
4 | Керектүү тетиктер |
| 30 000 | 30 000 |
|
5 | Күтүлбөгөн чыгымдар |
| 10 000 | 10 000 |
|
6 | Баары: |
| 55500 | 55500 |
|
Жайыт комитетинин төрагасы: Б.Абдылдаев