Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 03-апрели № 26/4
Жошолу айыл өкмөтүнүн кулуну Жусупов Улан Доорановичке «Ардактуу атуул» наамын берүү жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүнүн кулуну Жусупов Улан Доорановичке «Ардактуу атуул» наамын берүү жөнүндө Ленин-Жол айылынын 2019-жылдын 14-февралындагы элдик жыйынынын № 01 протоколунун негизинде Жошолу айылдык Кенешинин VI чакырылышынын ХХVI заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин-Жол айылынын 2019-жылдын 14-февралындагы элдик жыйынынын № 01 протоколунун, айылдык Кеңештин депутаттарынын макулдугу менен айыл өкмөтүнө караштуу Ленин-Жол айылынын инфраструктурасын көтөрүүгө, аталган айылдагы А.Бейшеев атындагы негизги мектебинин материалдык-техникалык базасын чыңдоого кошкон салымы үчүн Жошолу айыл өкмөтүнүн кулуну Жусупов Улан Доорановичке Жошолу айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу » наамы берилсин. ( 14.02.2019-ж. Ленин-Жол айылынын элдик жыйынынын № 01 протоколу тиркелет).
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңешинин уюштуруу укуктук маселелер, мыйзамдуулук, мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруунун аймактык органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | З. Боронов |
Жошолу айыл өкмөтүнүн Ленин-Жол айылынын элдик жыйынынын
ПРОТОКОЛУ
«_____»____________ 2019-жыл №_____ Ленин-Жол айылы.
Жыйындын төрагасы: А.Жеенбеков – Ленин-Жол айылынын тургуну:
Катчы: М.Арзиматов – Ленин-Жол айылынын айыл башчысы.
Катышкандар: Ленин-Жол айылынын тургундары, жалпы 86 адам.
Күн тартиби:
Ленин-Жол айылынын кулуну Жусупов Улан Дооранавичти Жошолу айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу» наамына көрсөтүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселе боюнча жыйындын төрагасы А.Жеенбековго сөз берилди:
Ассалоому аллейкум урматтуу Ленин-Жол айылынын тургундары, өзүбүздүн айылдын баласы Жусупов Уланды бардыгыңыздар тааныйсыздар. Уландын өмүр баянын сиздерге тааныштыруунун деле кажети жок деп ойлойм. Бүгүн Жусупов Уландын Ленин-Жол айылынын инфраструктурасын көтөрүүдө кошкон салымы тууралу маалымат бере кетүүнү туура деп таптым. Улан, Ленин-Жол айылындагы борбордук мечитти салууда 160 (бир жүз алтымыш) миң сом акчалай жардам көрсөткөн, андан кийин Ленин-Жол айылынын Кара-Токту участкасына өз жанынан 1400000(бир миллион төрт жүз миң) сомго мечит жана ошол эле айылды жарыктандыруу үчүн электр чубалгыларын тартууда 400(төрт жүз) доллар акчалай салым , 5(беш) километр аралыктан элдин демилгеси менен булактын көзүнөн ичүүчү таза сууну тартып келүүгө 100000(бир миллион сомдук) пластик трубаларды жана суу токтотуучу темир жабдыктарды өз каражатына сатып бергендиги үчүн Жошолу айылынын «Ардактуу атуулу» наамына көрсөтүү максатында чогулуп олтурабыз, кимде кандай ой пикир болсо тартынбастан ачык айтыңыздар.
Жарыш сөзгө айылдын аксакалдары Зариппек Токтобаев жана Бектемир Мамишовдор чыгышып Жусупов Уландын айыл үчүн жасап жаткан иштерине ыраазычылыктарын билдиришип, мындан ары да ушундай жардамдарды айыл элине көрсөтө берүүсүн айтышып, айыл элинен бата алып беришти.
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл аксакалы Жээнбеков Ташбайга сөз берилди. Өзүбүздөн чыккан чыгаан балдарды жок дегенде моралдык жактан колдоо көрсөтүү максатында айылдын ардактуу атуулдугун алып берсек бул аябай жакшы колдоо болот эле, мен Жусупов Уланга жеке өз атымдан жана айыл аксакалы катары батамды бердим жана ардактуу атуулдук наам берүүнү сунуштайм.
Жаштардын арасынан жарыш сөзгө Алай райондук тиш дарылоо бөлүмүнүн башчысы, Ленин-Жол айылынын кулуну Жусупов Нургазы чыгып, Уландын айыл эли үчүн жасаган эмгектерин эл баалай тургандыгын жана мындан ары да айыл элинин инфраструктурасын көтөрүүдө чоң-чоң ийгиликтерди жаратаарын белгилөө менен айылдын ардактуу атуулдугун берүү сунушун толук колдоорун айтты.
Андан кийин Камчыбек Турдубаев чыгып, төмөндөгүлөргө токтолду: - өзүмдүн ишиме байланыштуу Алай районун эле эмес, облустун көптөгөн жерлерине барып жүрөм биздин кулунубуз Жусупов Уландай азаматтарын башка жерлерде моралдык жактан аябай чоң деңгээлде колдоого алышаарын айтып, Уланды райондун атуулдугуна көрсөтсө да татыктуу экендигин айтты.
Айыл тургундарынын аялдарынын атынан Турганбаева Гулмира чыгып ар-бир үйдүн короосуна таза суу кранттары коюлгандыгын, ал тургай ар бир үй аристон койдура баштаганын айтып аялдардын күнүмдүк турмуштагы шарттары жеңилдегендигин айтып аялдардын жана жеке өзүнүн атынан ыраазычылык билдирди.
Жогорудагы сунуштарды Ленин-Жол айылынын жашоочулары бир добуштан кабыл алышып, Жусупов Уланды колдоо максатында айылдын атуулдугуна көрсөтүүгө кол топтоп беришээрин айтышты. « тизме тиркелет».
Жогорудагы сунуштарды эске алып Ленин-Жол айылынын элдик жыйыны
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жусупов Улан Доорановичти Жошолу айылынын «Ардактуу атуулу» наамына көрсөтүүнү Жошолу айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында кароого сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ленин-Жол айылынын айыл башчысы М.Арзиматовго жүктөлсүн.
Жыйындын төрагасы: А.Жеенбеков.
Катчы: М.Арзиматов.