Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-июну № 148
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо боюнча жумушчу топтун (комиссиянын) материялдарын кароо жөнүндө
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо боюнча жумушчу топтун (комиссиянын) материялдарын карап чыгып Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо боюнча жумушчу топтун (комиссиянын) жыйынтык материялдары бекитилсин.
2. Токтогул райондук мамлекеттик админстрациясынын 2018-жылдын 26-июлундагы №174 буйругу менен түзүлгөн райондук комиссияга Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо материалдарын карап чыгып, бекитүү үчүн Токтогул райондук мамлекеттик админстрациясына киргизүү суралсын.
3. Токтогул райондук мамлекеттик админстрациясынан айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо жыйынтыктарын бекитип берүү жагы суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2014-жылдагы №114 токтомунун негизинде Кызы-Өзгөрүш айыл аймагында жер фондусун инвентаризациялоо иштерин жүргүзүү мезгилинде төмөндөгүдөй белгиленген жер административдик чек араларда талаш тартыш маселеси бар экендиги аныкталды. (1-тиркеме тиркелет)
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө.Төрөкуловго тапшырылсын.
6. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2014-жылдагы №114 токтомунун негизинде Кызы-Өзгөрүш айыл аймагында жер фондусун инвентаризациялоо иштерин жүргүзүү мезгилинде төмөндөгүдөй белгиленген жер административдик чек араларда талаш тартыш жайыттар
Сандыкол участкасында 19.04. 2013-жылдагы №32 Токтогул райондук мамлекеттик админстрациясынын токтому тарабынан бекитилген, Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Сандыкол участкасынан Торкент айыл аймагынын карамагына 810,8 га жер тилкеси
Сандыкол участкасындагы Ак-Бейиттен 2013-жылы Үч-Терек айыл аймагынын карамагына өтүп кеткен 253,4 га жер тилкеге
2013-жылы жасалган Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын административдик чек араларын тактоо материалында Ничке-Сай айыл аймагы менен болгон чек ара маселеси боюнча №3 чекиттен №15 чекитке чейин, Үч-Терек айыл аймагы менен №32 чекиттен №44 чекитке чейин жана Чаар-Музоо, Чоӊ-Таш участогунда №16 чекиттен №1 чекитке чейинки чек аралар такталган эмес. (Ак-Көкүл участогу, Ийри-Суу, Кургак четин, Сулуу четин, Жердик , Кайыӊды, Капка-Жар жана башка жайыттары)
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн айыл чарба
жана жер маселелери боюнча башкы адис: Э.Ажыкулов.