Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-майы № 3/1
2020-2022 –жылдарга карата киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорун бекитүү жана жыл башында бектилген сметага өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ак-Жол айыл өкмөтунүн Финансы жана Экономика бөлүмүнүн башчысы С.Ажыматовдун жана Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Эшалиев Эсеналынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңешинин VII –чакырылышынын кезектеги ХIV-сесиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-2022-жылдарга карата киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору №1- тиркемеге ылайык бекитилип, аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн салык кызматкери Н. Мырзатаевге милдеттендирилсин.
2. Жыл башындагы “Башка турак жай жана коммуналдык кызсмат көрсөтүүлөр мекемелеринин чыгымдары” бөлүмүндөгү столба алуу учун бекитилген 1000,0 (бир миллион) сом акча каражаты мектептерге ысык тамак уюштуруу максатында “ Билим берүү мекемелеринин чыгымдары” бөлүмүннө жылдырылсын.
3. Бул токтому аткаруу жагы ФЭБнүн башчысы С Ажыматовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Э. Эшалиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Батыралиев |
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин
VII-чакырылышынын кезектеги ХIV-сессиясынын
№ 3/1 -токтому менен бекитилди.
2020-2021-2022-жылдаргы карата кирешелер боюнча айылдык Кеңештин VII- чакырылышынын XIV- сессиясындагы №3/1 токтомуна №1-тиркеме | |
| Бюджеттик классификация | план 2020 | план 2021 | план 2022 | |||
| кирешелердин аталышы |
|
|
| |||
11111100 | Салык агентиги төлөөчү киреше салыгы | 1851,9 | 2178,1 | 2178,1 | |||
11122100 | милдеттүү патенттин негизинде салык | 2,0 | 2,0 | 2,0 | |||
11122200 | ыктыярдуу патенттин негизинде салык | 96,3 | 96,3 | 96,3 | |||
11311200 | 2-топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык | 21,2 | 21,2 | 21,2 | |||
11312200 | жеке жактардын транспорттук каражаттарына салык | 305,0 | 305,0 | 305,0 | |||
11321100 | короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы | 91,5 | 91,5 | 91,5 | |||
11321200 | айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы | 93,2 | 93,2 | 93,2 | |||
11321300 | калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу жер салыгы | 113,0 | 113,0 | 113,0 | |||
11412100 | Сатуудан салык | 1,0 | 0,0 | 0,0 | |||
11462130 | Көмүр үчүн | 684,6 | 684,6 | 684,6 | |||
13321200 | Тендөөчү гранттар | 9013,9 | 9142,4 | 8530,3 | |||
14151200 | Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо учун акы |
|
|
| 2360,0 | 2360,0 | 2360,0 |
14152200 | жайыт жерлерин пайдалануу үчүн төлөөлөр | 366,9 | 366,9 | 366,9 | |||
14152110 | Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу жер салыгы | 228,0 | 228,0 | 228,0 | |||
14152600 | Жерди кайра болуштуруу фондунун жерлеринин ижарасы учун акы |
|
|
| 2718,9 | 2718,9 | 2718,9 |
142389 | кызмат көрсөтүүнүн башка классификацияланбаган түрлөрү үчүн акы | 120,0 | 120,0 | 120,0 | |||
| Жалпы | 17839,4 | 18293,1 | 17681,0 | |||