Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-июну № 19-2
Кеңеш айыл аймагында Жергиликтүү жамаат менен Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2020 жылга БИРГЕЛЕШКЕН АРЕКЕТТЕР ПЛАНЫН Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасына таянып Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагында Жергиликтүү жамаат менен Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2020 жылга БИРГЕЛЕШКЕН АРЕКЕТТЕР ПЛАНЫН жактырылып, бекитилсин. (иш-чара тиркелет).
2. Жергиликтүү жамаат менен Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2020 жылга биргелешкен аракеттер планынын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык, маданий, билим берүү жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Матисаковко тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М |
Депутаттардын Кеңеш айылдык кенешинин
(6-чакырылышы) кезексиз 19-сессиясынын
№ 19-2- токтомуна № 1 тиркеме
Жергиликтүү жамаат менен Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2020 –жылга
БИРГЕЛЕШКЕН АРЕКЕТТЕР ПЛАНЫ
Багыты: Калкты ичүүчү суу менен жабдуу.
Көйгөйдүн аталышы жана сүроттөлүшү: Шаңкол, Арбын Чегеден айылдарында таза суунун жоктугу.
Айыл аймактын Шаңкол, Арбын, Чегеден, Ак-Терек айылдарында суу түтүкчөлөрү иштебейт, суу топтоочу кампалар жок. 1960-70-жылдары курулган түтүктөрү жараксыз абалда. Суунун дарыялардын четиндеги булактардан ташып ичишет. Бул көйгөй 1990-жылдан ушул мезгилге чейин чечилбей келүүдө айрыкча калктын аярлуу катмарлары көйгөйгө муктаж. Натыйжада жашоочулар арасында жугуштуу оорулардын деңгээли өсүүдө, жашоочулардын жашоо шарттары төмөндөөдө. Үй-бүлөлүк кирешелери азаюуда.
Бенефициарлар:
Шаңкол айылынын жашоочулары – 5288, үй кожолуктарынын саны 873.
Арбын айылынын жашоочулары -5000, үй кожолуктарынын саны – 708.
Чегеден, Ак-Терек айылдарынын жашоочулары - 989, үй кожолуктарынын саны – 147.
Айыл аймак боюнча - жашоочулардын саны – 11 277, үй кожолуктарынын саны – 1 128.
Максаты
| Тапшырмалар Иш-чаралар | Айылдын аталышы | Мооноттор | Каржылоо, мин сом | Тараптардын катышуусу жана жоопкерчилиги | Кутулгон жыйынтык | Индикатор | |||
Шаңкол, Арбын,Чегеден, Ак-Терек айылдарынын жашоочуларын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу | 1. Таза суу боюнча камсыздоочу долбоордун ПСДларын даярдоо 2. Айыл өкмөтүнүн жана жергиликтүү калктын финансылык мүмкүнчүлүктөрүн тактап чыгуу. 3. Кошумча каржылоо булактарын издөө. 4. Долбоор боюнча жашоочулар менен жыйындарды өткөрүү жана керектүү маалыматтарды таркатуу. | Шаңкол, Арбын, Чегеден, Ак-Терек. | 2020-2021-жылдын 1-3-кварталы. | ЖБ | РБ | Донор | Башка | Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Ташполот уулу Бексултан. ФЭБнүн башчысы: Мадраимов Абийбилла. Демилгелүү топтун башчысы: Исаев Жеңишбек. Айылдык кеңештин төрагасы: Абдибает уулу Марат. | ПСДнын даяр болуусу, уруксат берүүчү иш кагаздардын даяр болуусу. Жергиликтүү бюджет боюнча маалыматтын даяр болушу. Ичүүчү суу менен камсыздоочу суу түтүкчөлөр-дү жана кампаларды куру. | Ичүүчү суу менен камсыз болгон үй-бүлөөлүрдүн саны . Жашоочулар арасында жугуштуу оорулардын санынын көрсөткүчү.
Жашоочулар-дын жашоо шарттарынын өсүү көрсөткүчү.
|
1 500 000 | - | 50 000 000 | 1200 000 | |||||||
2. Багыты: Тиешелүү аймактын экономкалык өнүгүшүн камсыз кылуу, жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу.
Көйгөйдүн аталышы жана сүроттөлүшү: Суугат суунун жетишсиздиги.
Айыл аймактын Куу-майдан жана Чегеден айылдарында суугат суу жетишсиз. Бул айылдар сугат сууну башка айыл өкмөттөр жана айылдар аркылуу келүүчү каналдардан пайдаланышат. Учурда каналдар эскирип бузулуп капиталдык ондоп түзөөгө муктаж. Анткени бул каналдар 1970-80-жылдары курулган. Ошондуктан бул айылдарга суунун өлчөмү канаттандыраарлык келбейт. Натыйжада дыйкандар арасында сугат суу боюнча чыр-чатактар көбөйүүдө. Куу-майдан жана Чегеден айылдарынын жашоочуларына тиешелүү болгон 425га жер сугат сууга муктаж.
Бенефициарлар:
Куу-майдан айылынын жашоочулары -4918, үй кожолуктардын саны -815,
Чегеден айылынын жашоочулары -422, үй кожолуктардын саны -67,
Жалпы жашоочулардын саны -5340, үй кожолуктардын саны -882,
Максаты
| Тапшырмалар Иш-чаралар | Айыл-н атал-ы | Мооноттор | Каржылоо, мин сом | Тараптардын катышуусу жана жоопкерчилиги | Кутулгон жыйынтык | Индикатор |
| ||||||
Куу-майдан жана Чегеден айылдарынын жашоочуларына тиешелүү болгон 425га жерди сугат суу менен толук камсыз кылуу. | 1.Каналдарды ондоп түзөө жумуштарынын сметалык наркын иштеп чыгуу. 2.Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин жана жашоочулардын мүнкүнчүлүктөрүн тактап чыгуу. 3.Кошумча керектүү акча каражаттарын берүүчү каржы булактарын издөө. 4.Долбоор боюнча жашоочулар менен жыйындарды өткөрүү жана керектүү маалыматтарды таркатуу. | Куу-майдан Чегеден, | 2020-жылдын 1-4-кварталы. | ЖБ 550 000 | РБ | Донор 10 000 000 | Башка 450 000 | Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Ташполот уулу Бексултан.
ФЭБнүн башчысы: Мадраимов Абийбилла.
Демилгелүү топтун башчысы: Исаев Жеңишбек.
Айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы: Кудайназаров. Н. | Сметанын даяр болуусу, Уруксат берүүчү иш кагаздардын даяр болуусу. Жергилик-түү бюджет боюнча маалыматтын даяр болушу. Жаңы арбын каналын каниталдык ондоп түзөө | Суугат суу менен толук камсыз болгон жер аянтынын көрсөткүчү. Жашоочулар-дын үй-бүлөөлүк кирешелеринин өсүү денгээли жер аянтынан алынган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү-нүн денгээли. |
| |||
|
|
|
|
|
|
| ||||||||
3. Багыты: Балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөөгө ашырууну уюштуруу.
Көйгөйдүн аталышы жана сүроттөлүшү: Балдар бакчасынын имаратынын жетишсиздиги.
Айыл аймактын Шаңкол жана Куу-майдан айылдарында балдар бакчаларына суроо талап жогоору. Бул айылдарда мектеп жашына чейинки балдардын 20% балдар бакчысына тартылган. Кошумча ачууга имарат жок. Бул көйгөйгө калктын аярлуу катмарлары муктаж. Көйгөй 2000-чи жылдан бери толлук чечилбей келүүдө. Натыйжада балдардын билим сапаты жана жүрүм туруму боюнча денгээли төмөндөдө. Жаш үй-бүлөрлөр арасында жумушсуздук өсүп алардын жашоо шарты төмөндөөдө.
Бенефициарлар:
Куу-майдан айылында мектепке чейинки балдардын саны -328
Шанкол айылында мектепке чейинки балдардын саны -346
Айыл аймак боюнча балдар бакчасына баруучу балдардын саны -674
Максаты
| Тапшырмалар Иш-чаралар | Айылдын аталышы | Мооноттор | Каржылоо, мин сом | Тараптардын катышуусу жана жоопкерчилиги | Кутулгон жыйынтык | Индикатор | |||
Шанкол жана Куу-майдан айылдарындагы мектеп жашына чейинки балдардын балдар бакчасына тартылуусун 60% жогурулатуу . | 1.Жеке менчике сатылып кеткен балдар бакчаларынын имараттарын тактоо жана жаны имарат курулуучу жер аянттарын талдап чыгуу. 2. Айыл өкмөтүнүн жана жергиликтүү калктын финансылык мүмкүнчүлүктөрүн тактап чыгуу. 3. Кошумча каржылоо булактарын издөө. 4. Долбоор боюнча жашоочулар менен жыйындарды өткөрүү жана керектүү маалыматтарды таркатуу. | Шаңкол, Куу-майдан.
| 2021-2022-жылдары. | ЖБ | РБ | Донор | Башка | Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Ташполот уулу Бексултан.
ФЭБнүн башчысы: Мадраимов Абийбилла.
Демилгелүү топтун башчысы: Исаев Жеңишбек.
Айылдык кеңештин төрагасы: Абдибает уулу Марат. Айыл башчылар. | Балдар бакчаларынын имараттарын курууга жетишүү. Балдар бакчаларына баруучу балдарга жакшы шарт түзүү. Балдар бакчаларына баруучу балдардын санын өстүрүү.
| Балдар бакчасына тартылган балдардын саны. Окуучулардын билим сапатынын көрсөткүчү. Жаштардын жумуш менен камсыз болу денгээлинин көрсөткүчү.
|
1000 000 | - | 10 000 000 | 300 000 | |||||||
4. Багыты: Калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу .
Көйгөйдүн аталышы жана сүроттөлүшү: Ички жолдордун абалынын начардыгы .
Айыл аймагынын айылдарындагы жаны ачылган көчөлөрүнө кум шагал төгүлүп тегизделген эмес.
Жашоочулар ген план боюнча курулуштарды курушкан эмес. Жол боюна дарактарды эгишип алышкан.
Транспорт каттоого жолдун абалы жооп бербейт. Айрыкча жаз, кыш мезгилдеринде траспорт жана жоо жүргүнчүлөр үчүн катнаш жасоо кыйын чылык туулат. Муктаждык 2010-жылдан бери толук чечилбей келүүдө. Натыйжада жашоочулардын транспорт каражаттарынын тетиктери иштен чыгыгууда. Керектүү материялдарды ташып жеткирүүдө чыгымдар көбөйүүдө жана жашоочулардын жашоо денгээли жана кирешелери төмөндөөдө.
Бенефициарлар:
Айыл аймагынын жаны ачылган көчөлөрүндөг-2379 жашоочусу түз пайдалануучулар жана айыл аймагынын башка көчөлөрүнүн-13481 жашоочулары кыйыр түрдө пайдалануучулар болушат жалпысынан -15860 жашоочу пайдаланат.
Максаты
| Тапшырмалар Иш-чаралар | Айылдын аталышы | Мооноттор | Каржылоо, мин сом | Тараптардын катышуусу жана жоопкерчилиги | Кутулгон жыйынтык | Индикатор | |||
Айыл аймагынын жаны көчөлөрүн кенейтип жана кум-шагал төгүп тегиздеп, ондоп-түзөөдөн өткөрүү.
| 1. Көчөнүн жашоочулары менен жолдун абалы жана ондоо боюнча чогулуштарды жана жолугушууларды өткөрүү. 2. Айыл өкмөтүнүн жана жергиликтүү калктын финансылык мүмкүнчүлүктөрүн тактап чыгуу. 3. Кошумча каржылоо булактарын издөө. 4. Иштин аткарылышы боюнча маалымат алмашуу иш чаралардыөткөрүү. | Шаңкол, Куу-майдан. Чегеден Арбын Ак-терек | 2020-жылдын 1-2-кварталы. | ЖБ 500 000 | РБ _ | Донор
_ | Башка 500 000 | Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Ташполот уулу Бексултан.
ФЭБнүн башчысы: Мадраимов Абийбилла.
Демилгелүү топтун башчысы: Исаев Жеңишбек.
Айылдык кеңештин төрагасы: Абдибает уулу Марат. Айыл башчылар. | Жаны көчөлөрдү ондоп-түзөө боюнча сметаны даярдоо. Жергиликтүү бюджет боюнча А/К чечими. Жашоочулар-ды долбоор боюнча маалыматтар менен камсыз болуусу. Ички жолдорго кум-шагал төгүп тегиздеп кабыл алуу. | Кум шагал төгүлүп ондоп түзөөдөн өткөн жолдун узундугу. Ондоп түзөөдөн өткөн көчөнүн жашоочулар-ынын жашоо денгээлинин көрсөткүчү. Транспорт каражаттар-ынын иштен чыгуу санынын кыскарышы. |
5. Багыты: Жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу.
Көйгөйдүн аталышы жана сүрөттөлүшү: жаны көчөлөрдү жарыктандыруу.
Айыл аймагынын айылдарындагы жаны ачылган четки көчөлөрдө электр энергисы менен камсыздоо начар. Анткени көчөлөргө электр мамычалары орнотулуп, электр чубалгылары тартылган эмес. Айрым көчөлөрдөгү мамычаларга түнкү жарыктандыруу эмеректери коюлган жок. Жашоочулар үчүн түнкү катнашуусуна кыйынчылыктар жаралууда. Бул муктаждыкты чечүү 2015-жылдан бери толук чечилбей келүүдө. Муктаждыкты толук чечүүгө айыл өкмөтүнүн жылдык кирешеси жетишсиз. Натыйжада жарыктандырылбаган көчөлөрдөгү жашоочулар арасында ар кандай уурулуктар жана тартип бузуулар катталууда.
Бенефициарлар:
Айыл аймагынын электр энергисы менен камсыз болбогон көчөлөрүндө жашаган -2379 жашоочусу түз пайдалануучулар жана айыл аймагынын башка көчөлөрүнүн-13481 жашоочулары кыйыр түрдө пайдалануучулар болушат жалпысынан -15860 жашоочу пайдаланат.
Максаты
| Тапшырмалар Иш-чаралар | Айылдын аталышы | Мооноттор | Каржылоо, мин сом | Тараптардын катышуусу жана жоопкерчилиги | Кутулгон жыйынтык | Индикатор | |||
Айыл аймагынын жаны ачылган четки көчөлөрүн электр энергиясы менен камсыздоо жана жарыктандыруу эмеректерин орнотуп жарыктандыруу
| 1. Көчөнүн жашоочулары менен электр мамычаларын орноту жана электр чубалгыларды тартуу боюнча чогулуштарды жана жолугушууларды өткөрүү. 2. Айыл өкмөтүнүн жана жергиликтүү калктын финансылык мүмкүнчүлүктөр-үн тактап чыгуу жана акча каражатын бөлдүрүү. 3. Кошумча каржылоо булактарын издөө(ош электро иш канасы менен макулдашуу). 4. Иштин аткарылышы боюнча маалымат алмашуу иш чараларды өткөрүү. | Шаңкол, Куу-майдан. Чегеден Арбын Ак-терек | 2020-2021 жылдын 1-3-кварталы. | ЖБ 450 000 | РБ | Донор | Башка 450 000 | Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Ташполот уулу Бексултан. ФЭБнүн башчысы: Мадраимов Абийбилла. Демилгелүү топтун башчысы: Исаев Жеңишбек. Айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы: Кудайназаров. Н. Айыл башчылар. | Жаны көчөлөргө электр мамычалар орноту жана электр чубалгылар-ын тартып энергия менен камсыздоо. Көчөлөрдү жарыктандыр-ууга жетишүү уурулуктар менен кылмыштуу-луктун санын кыскартуу. | Электр мамычалар-ынын .санын. электр чубалгылар-ынын узундугу. Жарыктандыр-уу эмеректердин саны. Кылмыштуу-лук менен уурулуктун сандык көрсөткүчү.
|
6. Багыты: Муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чегинде коомдук транспорттун иштешин жөнгө салуу.
Көйгөйдүн аталышы жана сүрөттөлүшү: Көпүрөлөрдүн начардыгы.
Куу-майдан, Арбын айылдарында каналдардан жана сел жүрүүчү сайлардан өтүүчү көпүрөөлөр абалы начар. Айрым учурларда жашоочулар 500-600 метр алыстыктагы көпүрөлөр аркылуу өтүшөт жана суу жок мезгилдерде сайдын ичи менен өтүүгө муктаж болууда. Бул көйгөй 2005-жылдан бери чечилбей келүүдө. Муктаждыкты чечүүгө айыл өкмөтүнүн жылдык кирешеси жетишпейт натыйжада катнаш учурунда ар кандай коопту жагдайлар туулуда
Бенефициарлар:
Айыл аймагынын электр энергисы менен камсыз болбогон көчөлөрүндө жашаган -2379 жашоочусу түз пайдалануучулар жана айыл аймагынын башка көчөлөрүнүн-13481 жашоочулары кыйыр түрдө пайдалануучулар болушат жалпысынан -15860 жашоочу пайдаланат.
Максаты
| Тапшырмалар Иш-чаралар | Айылдын аталышы | Мооноттор | Каржылоо, мин сом | Тараптардын катышуусу жана жоопкерчилиги | Кутулгон жыйынтык | Индикатор | |||
Куу-майдан, Арбын айылдарында Жалгыз - Өөн, Токмок-Булак сел өтүүчү сайларга көпүрө куруу
| 1. Көчөнүн жашоочулары менен көпүрөлөрдү куруу боюнча чогулуштарды жана жолугушууларды өткөрүү. 2. Айыл өкмөтүнүн жана жергиликтүү калктын финансылык мүмкүнчүлүктөрүн тактап чыгуу жана акча каражатын бөлдүрүү. 3. Кошумча каржылоо булактарын издөө. 4. Иштин аткарылышы боюнча маалымат алмашуу иш чараларды өткөрүү. | Куу-майдан. Арбын
| 2019-2021 жылдын 2-3-кварталы. | ЖБ | РБ | Донор | Башка | Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Ташполот уулу Бексултан.
ФЭБнүн башчысы: Мадраимов Абийбилла.
Демилгелүү топтун башчысы: Исаев Жеңишбек.
Айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы: Кудайназаров. Н. Айыл башчылар. | Жалгыз - Өөн, Токмок-Булак сел өтүүчү сайларга көпүрө куруу менен жашоочулардын айланып өтүү көйгөйүнөн арылтуу, убакыттарын үнөмдөө, балдардын мектепке баруудагы жол алыстык көйгөйүнөн арылтуу. | Курулушка керектелүүчү материалдардын саны . Убакыттын үнөмдөлүшүнүн . Жаны курулган көпүрөлөрдөн өткөн жашоочулардын жашоосунун өзгөрүүсү.
|
150 000 | - | 120 000 | 60 000 | |||||||
7. Багыты: Дене тарбиясын жана массалык спорту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу.
Көйгөйдүн аталышы жана сүрөттөлүшү: Спорт залдын жоктугу.
Шаңкол айылынын Дары-Суу орто мектебинде спорт залы жок. Ошондой эле Арбын айылынын Арбын орто мектебинде спорт зал жетишсиз. Дене тарбия боюнча жаштар арасында ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө шарт жетишсиз, жаан чачын болгондо же кыш айларында спорт залдын жоктугунан дене тарбия сабактары өтүлбөй калууда. Жаштарыбыз спорттук залдардын жоктугунан ар кандай тура эмес жолдорго басып кетүү коркунучтары байкалууда. Башка айылдардагы спорт залдарга барып чыр чатакка кабылышууда.
Бенефициарлар:
Шаңкол айылынын Дары-Суу орто мектебинде жана Арбын айылынын Арбын орто мектебинде окуган -750 окуучу, 80 кызматкер түз пайдалануучулар жана айыл тургундарынан -6800 жашоочулары кыйыр түрдө пайдалануучулар болушат жалпысынан -7830 жашоочу пайдаланат.
Максаты
| Тапшырмалар Иш-чаралар | Айылдын аталышы | Мооноттор | Каржылоо, мин сом | Тараптардын катышуусу жана жоопкерчилиги | Кутулгон жыйынтык | Индикатор | |||
Дары-Суу, Шаңкол орто мектептеринин окуучуларын спорт зал менен камсыздоо
| 1. имарат курулуучу жер аянттарын талдап чыгуу, ПСДларды даярдоо. 2. Айыл өкмөтүнүн жана жергиликтүү калктын финансылык мүмкүнчүлүктөрүн тактап чыгуу. 3. Кошумча каржылоо булактарын издөө. 4. Долбоор боюнча жашоочулар менен жыйындарды өткөрүү жана керектүү маалыматтарды таркатуу. | Шаңкол, Арбын
| 2020-2021 жылдын 1-3-кварталы. | ЖБ | РБ | Донор | Башка | Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Ташполот уулу Бексултан.
ФЭБнүн башчысы: Мадраимов Абийбилла.
Демилгелүү топтун башчысы: Исаев Жеңишбек. Айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы: Кудайназаров. Н. Айыл башчылар. | имараттарды жана имарат курууга мункун болгон жер аянттар боюнча маалыматты алуу. Жергиликтүү бюджет боюнча маалыматты даярдоо. Жашоочулар-ды долбоор боюнча маалыматтар менен камсыз кылуу.
| Спорттук иш чарага катышуучулардын саны . Окуучулардын спорттук иш чараларда сапатынын көрсөткүчү. Жаштардын спорт менен камсыз болу денгээлинин көрсөткүчү.
|
2 000 000 | - | 27 000 000 | 1000 000 | |||||||
8. Багыты: Балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөөгө ашырууну уюштуруу.
Көйгөйдүн аталышы жана сүроттөлүшү: Мектептердин абалынын начардыгы. Айыл аймактын Чегеден жана Ак-терек айылдарында мектептер союз мезгилинде чарбалык эсеп менен курулган. Бул айылдарда мектеп окуучуларынын класстардын жетишсиздигинен башка жактагы мектептерге барып окууга аргасыз болушууда. Ата-энелери балдары сабактан келгенче жолдон кабатыр алышууда. Көйгөй 2000-чи жылдан бери толлук чечилбей келүүдө. Натыйжада балдардын билим сапаты жана жүрүм туруму боюнча денгээли түшүүдө. Кээ бир үй-бүлөлөр балдарын мектепке алып барып келүүгө убакыттары королуп кирешелери төмөндөөдө.
Бенефициарлар:
Чегеден айылында мектеп жашындагы балдардын саны -75, кыйыр пайдалануучу балдардын саны -150
Ак-Терек айылында мектепке чейинки балдардын саны -110
Максаты
| Тапшырмалар Иш-чаралар | Айылдын аталышы | Мооноттор | Каржылоо, мин сом | Тараптардын катышуусу жана жоопкерчилиги | Кутулгон жыйынтык | Индикатор | |||
Чегеден, Ак-терек айылдарындагы балдардын билим алуусуна шарт түзүү жана билим сапатын өстүрүү . | 1. жаны имарат курулуучу жер аянттарын талдап чыгуу, ПСДларын даярдоо. 2. Айыл өкмөтүнүн жана жергиликтүү калктын финансылык мүмкүнчүлүктөрүн тактап чыгуу. 3. Кошумча каржылоо булактарын издөө. 4. Долбоор боюнча жашоочулар менен жыйындарды өткөрүү жана керектүү маалыматтарды таркатуу. | Чегеден, Ак-Терек.
| 2020-2022-жылдары. | ЖБ | РБ | Донор | Башка | Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Ташполот уулу Бексултан.
ФЭБнүн башчысы: Мадраимов Абийбилла.
Демилгелүү топтун башчысы: Исаев Жеңишбек.
Айылдык кеңештин төрагасы: Абдибает уулу Марат. Айыл башчылар. | Мектеп окуучуларына заманбап мектеп имараттарын куруу, Балдардын билим сапатын жогорулатуу.
| Мектепке тартылган балдардын саны. Окуучулардын билим сапатынын көрсөткүчү. Жаштардын жумуш менен камсыз болу денгээлинин көрсөткүчү.
|
1000 000 | - | 30 000 000 | 800 000 | |||||||
Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы: Ташполот уулу Бексултан.
«МАКУЛДАШЫЛДЫ»
ДТ лидери _________________ Исаев Жеңишбек