Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-июлу № 7
Айылдык кеңештин алдында диний уюмдарды көзөмөлдөө боюнча коомдук комитет түзүү жөнүндө
Депутаттар айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы М. Маматалдиевдин азыркы убактагы кырдаалга жараша диний уюмдардын аракетин көзөмөлгө алып, алардын жер-жерлердеги кырдаалды курчутууга болгон экстремисттик-террористтик багыттагы терс иштерине бөгөт коюу үчүн кеңештин алдында коомдук комитет түзүү боюнча кийин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Диний уюмдардын иш-аракеттерин көзөмөлгө алуу боюнча айылдык кеңештин алдында коомдук комитет түзүлсүн. (Тиркеме тиркелет)
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Миңбаева |
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин
2017-жылдын 29-июлундагы
VII-сессиясынын 7-токтомуна тиркеме
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин алдында диний-уюмдарды көзөмөлдөө боюнча түзүлгөн коомдук комитеттин курамы
№ | Ф . А. А. | Ким болуп иштейт |
1 | Жолборсов Сыдыкжан | Башкы адис, комитеттин төрагасы |
2 | Мамасалиев Рахматилла | Аксакалдар кеңешинин төрагасы , комитет. төрагасын. орун басары |
3 | Умарова Розухан | Аялдар кеңешинин төрайымы, комитеттин катчысы |
4 | Ахраров Шухрат | КААБнун төрагасы, комитеттин мүчөсү |
5 | Абдыкадыров Закиржан | А. Навои атындагы орто мектебинин директору, мүчө |
6 | Туманов Чолпон | Айылдык кеңештин депутаты, мүчө |
7 | Абдыкулова Райкан | Аялдар уюмунун лидери, мүчө |
8 | Кадиров Хайрулла | Кашкар-Кыштак айылынын борбордук мечитинин имамы, мүчө |
9 | Машрапов Салижан | Кашкар-Кыштак айыл-гы таяныч пунктунун улуу тескөөчүсү, мүчө |
10 | Кенжебаева Айчүрөк | А. Эшматов атындагы орто мектебинин тарых мугалими, мүчө |
11 | Айыл башчылары | Комитеттин мүчөсү |
Кашкар-Кыштак айылдык
кеңешинин катчысы: Маматалиев М