Загрузка документа…
КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-марты № 22/87
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005–жылдын 6–майындагы № 177 токтому менен бекитилген Жобонун 2– жана 8–бөлүмдөрүнө негиз, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2019–жылдын 14–февралындагы № 33 протоколунун чечимин жана Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын 2019–жылдын 04–февралындагы №01–8/170 кайрылуу катын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарында жеке турак жайга жер бөлүп берүү тартиби жөнүндөгү Жобо бекитилсин (Жобо тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Дарипова |
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин
(VI чакырылышы) 2019-жылдын
19- мартындагы кезектеги
XXII сессиясынын №22/88 токтомуна
№1 тиркеме
Кызыл-Кыя шаардык архитектура башкармалыгына, Кызыл-Кыя шаардык мамкаттоо жана жерге жайгаштыруу башкармалыгына жана Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын башкы адис-юристине, мэриянын алдындагы жерлерди башкаруу туруктуу комиссиясынын 17.11.2017-ж №9 протоколунун чечими менен «Кызыл-Кыя шаарында жеке турак жай курууга жер бѳлүп берүү жана жеке турак жайга даярдалган корутундуларды берүү» тартибин иштеп чыгуу, даярдоо сунушунун негизинде.
Кызыл-Кыя шаарында жеке турак жайга жер бѳлүп берүү тартиби төмөндөгү укуктук актыларга негиз даярдалды:
1. КР Граждандык кодекси. (2017-жылдын 08-июнундагы №100 Мыйзамынын редакциясында);
2. КР 1999-жылдын 02-июнундагы №45 Жер кодекси;
3. КР Жеке турак жай мыйзамы. 21.12.1991-ж.;
4. КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому;
5. КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому;
6. Шаар куруу документеринин курамы, иштеп чыгуу, макулдашуу жана
бекитүү тартиби. (СНиП) 30.01.2001-ж.;
7. КР курулуш нормалары жана эрежелери. (СНиП) 30.02.2007-ж. жана 12.01.2007-ж.;
8. Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2015-жылдын 20-октябрындагы №35/139 токтому.
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРЫНДА ЖЕКЕ ТУРАК ЖАЙГА ЖЕР БѲЛҮП БЕРҮҮ ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨГҮ ЖОБО:
Кызыл-Кыя шаарындагы турак жайга жер берүү тартибин иштеп чыгууда КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтомунун негизинде даярдалган.
2-бөлүмдүн трансформация болуу жолу менен көптөгөн турак жайларга, анын ичинде, социалдык объектилер жана коомдук курулуштар камтылган башкы пландын негизинде берилүүчү жер аянттар.
I. ДАЯРДАЛГАН КОРУТУНДУЛАРДЫ БЕРҮҮ ТАРТИБИ
Кызыл-Кыя шаарындагы турак жайга жер бѳлүп берүү тартибин иштеп чыгууда жер шартына карап жер аянтынын үстүнкү катмары адырлуу дөңсөө болгондуктан участкаларды даярдоо татаалдашкан. Шаардын көпчүлүк бөлүгү кургак, агын суулар жок, сары топурактуу таштак жер. Көпчүлүк шаар тургундары жан боорлордон өздөрүнүн эсебинен сууларды ташып алып келишип, жерлерди тегиздеп үй курууга даярдап, айрымдары үй салып алышкан. Азыркы күндө арызынын жана кайрылуусунун негизинде ошол жарандарга жерлерине укуктук документерин берүү максатында жерине турак жайга жарактуулугу жөнүндө башкы пландары макулдашылып корутундулар даярдалган.
Мыйзам боюнча КР жер кодексинин 2-беренесинин 2-, 3-бөлүмдөрүнө негиз КР Өкмөтүнүн №177 токтомуна толуктоолорду киргизүү менен ушул күнгө чейинки корутундулар.
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 20.10.2015-жылкы №35/139 токтому жана КР Жер кодексинин 77-беренесинин 5-бөлүмүнө, КР Өкмөтүнүн №177 токтому менен бекитилген жобонун 2-бөлүмүнѳ таянып жер тилкесине жеке менчик турак жай курууга чечим чыгарылып берилүүгө жатат.
Мындан ары КР Өкмөтүнүн 06.05.2005-ж. №177 токтомунун 2-бөлүмүнѳ негиз даярдалган, облустун, шаардын жана райондун башкы архитектору менен макулдашылган башкы пландын схемасына ылайык даярдалган корутундуларга өзүнчө тизме болуусу зарыл жана ушул эле жобонун 16-бөлүмүнө ылайык жер участкалары корутунду даярдоо үчүн берилген арызына негиз корутунду даярдалган кезегине карап берилет.
II.ЖЕКЕ ТУРАК ЖАЙГА БАШКЫ ПЛАН ДАЯРДАЛГАНДАН КИЙИН ЖАРАНДАРДЫН ТИЗМЕСИ ТӨМӨНДӨГҮ ТАРТИПТЕ ТҮЗҮЛӨТ.
Кызыл-Кыя шаарындагы жеке турак жайга жер бѳлүп берүү тартибин иштеп чыгууда КР Өкмөтүнүн 06.05.2005-жылкы №177 токтому менен бекитилген Жобонун 8-бөлүмүнө, ошол эле Жобонун 2-бөлүмүнѳ негиз даярдалган:
18-30 жашка чейин тоголок жетим жарандарга, социалдык ѳнүктүрүү
башкармалыгынын макулдугу менен, же кароосуз калган балдарга (18-30-жашка чейин), ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, социалдык тейлөөнүн стационардык мекемелеринде жашаган балдар, 1,2 топтогу ишке жарамы жок майып балдарга.
2. 1,2 топтогу ишке жарамы жок, мөөнөтсүз майып жарандарга.
3. Жалгыз бой кѳп балалуу энелерге (7 баладан кем эмес балдары бар).
4. Кооптуу жер аянтында курулуп, үйлөрү көчүрүүгө жаткан жарандарга (КР ӨКМ нин) корутундусуна негиз.
5. Берилүүчү жер тилкелердин жалпы санынан 10% га чейин жер тилкелери ушул жобого ылайык берилсин.
КР Жер кодексинин 77-беренесинин 5-бөлүмүнө негиз, мындан ары жеке турак жайга жер бѳлүп берүү тартиби КР Өкмөтүнүн 06.05.2005-жылкы №177 токтому менен бекитилген Жобонун 2-бѳлүмүнѳ, 8-бөлүмүнө жана Кызыл-Кыя шаарындагы жеке турак жайга жер бѳлүп берүү тартиби жѳнүндѳгү ушул Жобого ылайык жеке турак жай куруу үчүн жер тилкеси бѳлүнүп берилсин.
Кызыл-Кыя шаарынын
башкы архитектору А. Мурзатов
Кызыл-Кыя шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысы К. Ахматов
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын башкы адиси-юристи М. Эранов