Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-февралы № 1
Айылдык кеңештин төрайымынын орун басарын шайлоо
Депутаттар айылдык кеңештин төрайымынын орун басары, депутат Жунусов Болот Жусупович депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткондугуна байланыштуу анын ордуна айылдык кеңештин төрайымынын орун басарын шайлоо боюнча сунуштарды жана жарыш сөздөрдү угуп жана талкуулап чыгып, эсептөө комиссиясынын 2018-жылдын 17-февралындагы жашыруун жобуш берүү боюнча протоколунун негизинде Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июнундагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” № 101 мыйзамынын 38-беренесинин талаптарына ылайык Кашкар-Кыштак айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин жашыруун добуш берүү боюнча комиссиясынын 2018-жылдын 17-февралындагы «Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымынын орун басарын шайлоо жөнүндөгү» № 2 протоколу бекитилсин.
2. Депутат Жалалдинов Рашид Сайпидинович айылдык кеңештин төрайымынын орун басары болуп шайлансын.
3. Токтомдун бир нускасы Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына таанышуу үчүн жөнөтүлсүн.
Төрага | А. Миңбаева |
Депутаттардын Кашкар-Кыштак айылдык Кенешинин кезектеги Х-сессиясында (бешинчи шайланган) Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 38- беренесине ылайык депутаттардын ичинен жашыруун добуш берүү менен айылдык Кеңештин төрайымынын орун басарын шайлоо боюнча түзүлгөн эсептөө комиссиясынын
ПРОТОКОЛУ № 2
Кашкар-Кыштак айылы 17-февраль 2018-ж.
Токобаева Г эсептөө комиссиясынын төрагасы
Арыкбаев А эсептөө комиссиясынын мүчөсү.
Ахмаджанов эсептөө комиссиясынын катчысы.
У гулду: Күн тартибиндеги маселе боюнча эсептөө комиссиясынын төрагасы
чыгып сүйлөп Кыргыз Республикасынын
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 38-беренесине ылайык Кашкар-Кыштак айылдык Кенешинин төрайымынын орун басарын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүү менен
1.Жалалдинов Р
2.Бекешов Т
кандидатураларынан сунушталгандыгын айтып айылдык Кецештин 31 депутатынан 28 депутатына жашыруун добуш беруу учун бюллетень таркатылгандыгын билдирди.
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча жашыруун добуш беруу бюллетенине
1.Жалалдинов - 15 добуш
2. Бекешов - 11 добуш
3.
Жараксыз - 1 бюллетень
Каршы - 1.
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин төрайымынын орун басарын шайлоо боюнча түзүлгөн эсептөө комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин төрайымынын орун басарын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнун жыйынтыгы менен 15 добушка ээ болгон Жалалдинов Р Кашкар-Кыштак айылдыкКенешинин төрайымынын орун басары болуп шайлансын.
2. Эсептөө комиссиясыиын 17-февраль 2018-жылдагы №2 протоколун бекитип беруу жагы айылдык Кенештин депутаттарынан суралсын.
Эсептөө комиссиясынын төрагасы: Токобаева Г
Эсептөө комиссиясынын катчысы: Арыкбаев А