Загрузка документа…
КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-марты № 22/88
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, күн тартибиндеги шаардык кеңештин 2019–жылга карата иш планынын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, иш пландын долбооруна шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары тарабынан берилген сунуштарды эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2019–жылга карата түзүлгөн иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин төрайымы У.Дариповага, орун басарлары А.Мамадиевге, М.Миркадыровго жана шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларына тапшырылсын.
Төрага | У. Дарипова |
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин
(VI чакырылышы) 2019-жылдын
19- мартындагы кезектеги
XXII сессиясынын №22/88 токтомуна №1-тиркеме
Кызыл – Кыя шаардык кеңешинин 2019–жылга карата түзүлгөн
ИШ ПЛАНЫ
№ | Каралуучу маселелер | Мөөнөтү | Ким аткарат | Жооптуу |
| Кызыл-Кыя шаарынын 2017-жылдагы жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2018-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө. | 2019-жылдын 1-кварталы.
| Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы. | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис. |
| Кызыл-Кыя шаарынын 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдын: 6 айынын жыйынтыгы менен аткарылышы боюнча отчет; 9 айынын жыйынтыгы менен аткарылышы боюнча отчет;
12 айынын жыйынтыгы менен аткарылышы боюнча отчету; | 2019-жылдын
июль айы,
октябрь айы
2020-жылдын январь айы | Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы. | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис. |
| Кызыл-Кыя шаарынын 2020-2021-жылдарга жергиликтүү бюджеттери- нин божомолу жөнүндө. | 2019-жылдын 1-кварталы. | Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы. | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис. |
| Кызыл-Кыя шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнү жана божомолдогон негизги көрсөткүчтөрүнүн 2018-жылдын жыйынтыгы менен аткарылышы тууралуу Кызыл-Кыя шаарынын мэри Э.Топчубаевдин отчету жөнүндө. | 2019-жылдын 1-кварталы. | Кызыл-Кыя шаарынын мэри. | Шаардык кеңештин аппараты. |
| Кызыл-Кыя шаарына караштуу Караван аймактык башкармалыгынын 2018-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө. | 2019-жылдын 1-кварталы. | Ишкерлер, өнөр – жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис. |
| Калкты электр энергиясы менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча Кызыл-Кыя РЭТинин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө..
| 2019-жылдын 1-кварталы. | Ишкерлер, өнөр – жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы. | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис. |
| Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча шаардык “Кызыл-Кыя Сууканал” муниципалдык ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө. | 2019-жылдын 1-кварталы. | Ишкерлер, өнөр – жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы.
| Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис. |
| Калкка социалдык кызмат көрсөтүүдөгү Кызыл-Кыя шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын аткарган иштери жөнүндө. Кызыл-Кыя шаарында маданият тармагын өркүндөтүү боюнча аткарылып жаткан иштери жана массалык маалымат каражаттарынын (ЮТС, Мезгил Жарчысы) ишмердүүлүгү жөнүндө. | 2019-жылдын 2-кварталы. | Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясы. | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис. |
| Кызыл-Кыя шаарынын көчөлөрүн санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, курулуштар боюнча аткарылып жаткан иштери жөнүндө. (Тазалык, ДМС) | 2019-жылдын. 2-кварталы. | Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясы. | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис. |
| Кызыл-Кыя шаарынын шаарга караштуу айылдардагы кварталдык, үй жана көчө комитеттеринин төрагаларынын, аксакалдар сотторунун, аксакалдар, аялдар жана жаштар кеңешинин элдин биримдигин, улуттар аралык мамилелерди чындоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери боюнча маалыматтарды угуу. | 2019-жылдын 2-кварталы. | Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы. | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис. |
| Шаардын башкы планы жөнүндө. | 2019-жылдын 2-кварталы. | Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясы. | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис. |
| Кызыл-Кыя шаарынын мэри Э.Топчубаевдин 2019-жылдын 6 айына карата аткарган иштери жөнүндө. | 2019-жылдын 3-кварталы. | Кызыл-Кыя шаарынын мэри. | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис. |
| Кызыл-Кыя шаарындагы жалпы мекеме-ишканалардын кышка даярдыгы жана шаарды күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча шаардык штабдын маалыматы. | 2019-жылдын 3-кварталы. | Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясы. | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис. |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу автотранспорттук каражаттарынын жана айдоочулар курамын каттоо департаментинин Баткен областык бөлүмүнүн (МРЭО) ишмердүүлүгү жөнүндө. | 2019-жылдын 3-кварталы. | Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы. | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис. |
| Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын этикасы жөнүндө Жобонун аткарылышы. | 2019-жылдын 3-кварталы. | Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы. | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис. |
| Кызыл-Кыя шаарынын билим берүү мекемелеринин иштеринин натыйжалуулугу жөнүндө. | 2019-жылдын 4-кварталы. | Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясы. | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис. |
| Кызыл-Кыя шаарындагы жалпы саламаттыкты сактоо багытында иш алып барган мекемелердин ишмердүүлүгү жөнүндө. | 2019-жылдын 4-кварталы | Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясы. | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис. |
| Кызыл-Кыя шаарынын мэоиясынын алдындагы жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн жана жаштар борборунун шаарда спорт тармагын өнүктүрүү, жаштарды сергек жашоого, спорт менен машыгууга тартуу жана ыймандуулука чакыруу боюнча жүргүзүп жаткан иштеринин натыйжалуулугу жөнүндө. | 2019-жылдын 4-кварталы. | Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясы. | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис. |
| Уюштуруу иштери | |||
1 | Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы “2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” №1 ПЖ Жарлыгын аткаруу боюнча иш–аракеттерди жүргүзүү: – Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттары аркылуу Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековдун ушул Жарлыгын элге жеткирүү; – шаардык кеңештин депутаттары жана аппараты менен коммуналдык кызматтарга төлөмдөрдү электрондук төлөө жана мобильдик капчык аркылуу төлөөлөрдү жүргүзүү боюнча окуу кеңешмелерин өткөрүү; – шаардык кеңештин депутаттары жана аппарат кызматкерлери менен ПК дин World жана Exzel программалары менен иштөөнү жакшыртуу боюнча усулдук окууларды өткөрүү. | Жыл ичинде |
| Шаардык кеңеш, шаардын мэриясы. |
2 | Шаардык кеңештин депутаттары менен окуу кеңешмелерин өткөрүү. | Жыл ичинде. | КР ЖӨБИ боюнча мамлекеттик агенттиги, шаардык кеңеш эл аралык уюмдар менен. | Шаардык кеңештин аппараты. |
3 | Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттарынын башка шаардык кеңештердин депутаттары менен тажрыйба алмаштырууну уюштуруу. | Жыл ичинде. | Шаардык кеңештин аппараты. | Шаардык кеңештин аппараты. |
4 | Шаардык кеңештин сессияларында жана шаардык кенештин туруктуу комиссияларынын отурумдарында кабыл алынган токтомдордун, чечимдерин аткарылышын көзөмөлдөө. | Жыл ичинде. | Шаардык кеңештин турууктуу комиссиялары. Шаардык кенештин аппараты. | Шаардык кеңештин аппараты |
5 | Шаардык кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен болгон жолугушууларын уюштуруу жана ал жолугушууларда айтылган сын–сунуштарынын аткарылышын көзөмөлдөө. | Жыл ичинде | Шаардык кеңештин аппараты. | Шаардык кеңештин аппараты. |
6 | Шаардагы ардагерлер кеңеши, жаштар уюмдары, аялдар кеңештери жана башка коомдук уюмдар менен иш алып баруу. | Жыл ичинде. | Шаардык кеңеш, шаардык кенештин туруктуу комиссиялары. | Шаардык кеңештин аппараты. |
Аппарат жетекчи Р. Абдукаюмов