Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-декабры № 6
Кара-Суу райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө
Депутаттар айылдык кеңештин катчысы М. Маматалиевдин Кара-Суу райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн ортосун да түзүлгөн келишимди бекитип берүү жөнүндөгү сунушун угуп, бул маселе кеңири талкууланып, алар тарабынан киргизилген сунуштардан кийин, Кашкар-Кыштак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндөгү келишим бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн ФЭБүнө (Рахматов Р) – келишимдин 4.2.-беренесинин 4-абзацында жана 6.4.-беренелеринде көрсөтүлгөн шарттарга ылайык жетек - төөчү адис-статистти материалдык жана финансылык жактан колдоону камсыз кылсын.
3. Келишимдин бир нускасы Кара-Суу райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
Төрага | А. Миңбаева |
Кашкар-Кыштак айылдык
кеңешинин 2018- ж. 22.12 №6 токтому менен бекитилди
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндө
КЕЛИШИМ
2018-ж. «22» ______12_______
1. Келишимдин тараптары
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Кара-Суу райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн атынан, мындан ары "мамлекеттик статистика органы деп аталуучу Кара-Суу райондук мамлекеттик статистика бөлүмү жөнүндү жобонун негизинде иштеген жетекчи Толубаева Ширин Ражаповна биринчи тараптан жана Кашгар-Кыштак айыл өкмөтүнүн атынан. мындан ары "Өз алдынча башкаруунун аткаруу органы” деп аталуучу, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жобонун негизинде иштеген Кашгар-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Батиров Абдукамилжан Батирович экинчи тараптан Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарьн жетекчиликке алуу менен төмөнкүлөр тууралуу ушул келишимди түзүштү.
2. Келишимдин шарттары
2.1 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-ж. №715 токтомуна ылайык Кара-Суу райондук мамлекеттик статистика бөлүмү, Кашгар-Кыштак айыл өкмөтүнө статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча төмөнкү мамлекеттик ыйгарым укуктарды берет:
үстүбүздөгү жылдын түшүмү үчүн себүү жөнүндө;
жазгы талаа иштерин жүргүзүү жана жаздык өсүмдүктөрдү себүү жөнүндө;
түшүмду жыйноо, күздүк себүү жана тоңдурма айдоо тууралуу;
айыл чарба мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн жана жүзүмдү дүн жыйноо жөнүндө;
айыл чарба өсүмүктөрдүн түшүмүн жыйноо жөнүндө;
дыйкан (фермер) чарбаларында жана жарандардын жеке көмөкчү чарбаларында мал чарбачылык продукцияларын өндүрүү жөнүндө;
тоюттарды өндүрүү жөнүндө;
дыйкан (фермер) чарбалары тарабынан айыл чарба продукцияларын сатуунун көлөмү жана баалары тууралуу;
айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө кеткен чыгымдар жөнүндө;
"Берилген ыйгарым укуктар боюнча маалымат берүүнүн мезгилдүүлүгү жана мөөнөтү мамлекеттик статистика отчеттуулугунун формаларына ылайык каралып, 2-тиркемеде көрсөтүлгөн”.
“2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жыл сайын бекитилүүчү Статистикалык иштердин программасына, Статистикалык иштердин графигине, Статистикалык отчеттуулуктун формаларынын табелине ылайык түзүлөт.
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча Кашгар-Кыштак айыл өкмөтү жогоруда көрсөтүлгөн берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну кабыл алат.
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн финансылык каражаттар (трансферттер) 1-тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан борборлопггурулган түрдө республикалык бюджеттен бөлүнөт.
3. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө мамлекеттик статистика органынын укуктары жана милдсттери
3.1. Кара-Суу райондук мамлекеттик статистика бөлүмү өзүнүн ыйгарым
укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берүүдө
төмөнкүлөргө укуктуу:
статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укукту аткарып жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетектөөчү адис-статистигин дайындоого жана бошотууга макулдашуунун жол-жоболорунун жүрүшүн талап кылууга;
статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан ишке ашырылышын, ошондой эле ушул максатка бөлүнүп берилген финансылык, материалдык жана башка каражаттардын пайдаланылышын контролдоого;
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча аткарууга милдеттүү болгон актыларды өзүнүн компетенциясынын чегинде кабыл алууга;
статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан кетирилген тартип бузууларды четтетүү боюнча жазуу жүзүндө көрсөтмө берүүгө;
статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга байланышкан маалыматтарды, материалдарды жана документтерди сурап алууга;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бекитилген 2- формага ылайык материалдык, финансылык жана башка каражаттарды пайдалануунун натыйжалары жөнүндө маалымат берүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынан отчеттордун формаларын сурап алууга;
статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берилген, бирок максаттуу эмес пайдаланылган каражаттарды белгиленген иретте өндүрүп алууга;
№2 тиркемеде берилген статистикалык инструментарийдин жана графиктин тизмегине ылайык статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда жсргиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берилген статистикалык маалыматтардын ишенимдүүлүгүн жана өз убагында болгондугун контролдоого;
КРдин Улутстаткому тарабынан бекитилген усулдарга ылайык статистикалык иргеме текшермелерге тиешелүү бол гон чарба жүргүзүүчү субьекттердин тизмегин аныктоо:
Жсргиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы берген статистикалык маалымаггардын (себилген аянттар, дүң жыйым жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү ж.б. жөнүндө) ишенимдүүлүгүн текшерууну уюштурууга;
алгачкы статистикалык эсептин абалын жана толуктугун текшерүүгө;
статистикалык маалыматтарды берүүдо мөөнөтү үзгүлтүккө учураса, алар ишенимдүү эмес болсо, статистикалык байкоонун субьекттери толук эмес камтылса, статистикалык маалыматтар берилбесе, өзүнүн милдеттерин аткарбаса ж.б.у.с. учурларда “Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын "Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине", ушул Келишимге ылайык чараларды көрүүгө;
"Жсргиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынып Мыйзамы менен белгиленген учурларда жана тартипте, статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ьйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишимди мөөнөтүпө чейин бузууну демилге кылууга.
3.1. Кара-Суу райондук мамлекеттик статистика бөлүмү өзүнүн ыйгарым
укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берүүдө
төмөнкүлөргө милдеттүү:
статистикалык маалыматтарды киргизүү үчнй электрондук программалар менен камсыз кылууга. программалык камсыздоо иштерине жөндөмүн жогорулатуу боюнча окууларды өткөрүүгө;
статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын шике ашырылышын камсыз кылуу үчүн арналган статистикалык инструментарийди, материалдык. финансылык жана башка каражаттарды зарылдыкка жараша өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берүүгө:
статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жсргиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон методикалык, уюштуруучулук, консультативдик, башка жардам көрсөтүүгө, укуктук. техникалык жана башка документтер менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын камсыздоого;.
статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу жүктөлгөн жетектөөчү адис-статистиктин квалификациясын жогорулатуу үчүн жыльна эки жолудан кем эмес окуу өткөрүүгө;
статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын жана бөлүнгөн материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу пайдаланышын контролдоого.
4. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды шике ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын укуктары жана милдеттсри
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда Кашгар-Кыштак айыл өкмөтү төмөнкүлөргө укуктуу:
статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн каралган статистикалык инструментарийди, материалдык, финансылык жана башка каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берүүнү талап кылууга;
статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик статистика органынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн методи калык, уюштуруучулук, кенеш беруу жана башка жардамды, ошондой эле зарыл болгон укуктук, техникалык жана башка документтерди алууга;
райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн көрсөтмөлөрүнө ылайык статистикалык маалыматтардын ишенимдүүлүгүнө текшерүүлөрдү жүргүзүүгө катышууга;
статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда кетирилген тартип бузууларды четтетүү боюнча мамлекеттик органдардын жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрүнө сот тартибинде даттанууга;
ушул Келишим жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген учурларда жана тартипте, “Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди” мөөнөтүнө чейин бузууну демилге кылууга.
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда Кашгар-Кыштак айыл өкмөтү төмөнкүлөргө милдеттүү:
-Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды бул келишимге, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Статистикалык иштердин программасына, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан бекитилген статистикалык отчеттуулуктун формаларынын табелине жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ишке ашырууга;
райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнун макулдашуусу боюнча статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн жетектөөчү адис-статистикти кабыл алууга жана дайындоого;
статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу жетектөөчү адис-статистикти кызматтык милдеттерин иштеп чыгууга;
жетектөөчү адис-статистикти жумуш оруну: иш бөлмө, жеке компьютер, жумуш эмереги, телефон жана канцтовар менен камсыз кылууга;
статистикалык маалыматгарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн бөлүнгөн материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыздоого;
статистикалык маалыматгарды жыйноо боюнча мамлекеттик статистика органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жана материалдык, финансылык жана башка каражаттарды пайдалануу боюнча тоскоолдуксуз текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн шарттарды камсыздоого:
квалификацияны жогорулатуу үчүн мамлекеттик статистика органы тарабынан уюштурулган окууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетектөөчү адис-статистиктин катышуусун камсыздоого;
статистикалык маалыматгарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда кетирилген тартип бузууларды четтетүү боюнча мамлекеттик статистика органдарынын жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрүн аткарууга:
квартал сайын КР Финансы министрлиги тарабынан бекитилген 2008-ж. 24- ноябрындагы №192 буйругунун 2-формасына ылайык статистикалык маалыматгарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды пайдалануу тууралуу финансылык отчет берүгө;
статистикалык маалыматгарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу мөөнөтүнө чейин токтотулган учурда берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу учун ага бөлүнгөн, пайдаланылбаган финансылык, материалдык жана башка каражаттарды кайтарууга.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык маалыматгарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу жетектөөчү адис-статистиги
5.1.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык маалыматгарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу жетектөөчү адис-статистиги райондук бөлүмдөрдүн жана мамлекеттик статистика органынын башкармалыктарынын жетекчилери менен макулдашуу боюнча муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалган жана кызматтан бошотулган муниципалдык кызматчы болуп саналат;
5.2.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынынстатистикалык маалыматгарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу жетектөөчү адис-статистин өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
5.3.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынынстатистикалык маалыматгарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу жетектөөчү адис-статисти статистикалык маалыматгарды жыйноо боюнча ушул Келшимдин 2-Тиркемесине ылайык иш алып барат.
Келишимдин 2-Тиркемесинде төмөнкүлөр каралган:
- мал чарбачылыгынын жана өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн продукциясынын өндүрүшүн тандап алып текшерүүгө;
- статистикалык иштердин программасьнда көрсөтүлгөн көлөмдө жана мөөнөттөрдө статистикалык отчеттуулукту түзүү үчүн эсептерди жүргүзүүгө;
5.4.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу жетектөөчү адис-статисти берилген статистикалык отчеттулуктун ишенимдүүлүгү үчүн жоопкерчилик тартат (2-Тиркеме).
5.5.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык
маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу жетектөөчү адис-статисти статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышына тийиштүү ар кандай статистикалык текшерүүлөргө катышат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык
маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу жетектөөчу адис-статисти төмөнкүлөргө милдеттүү:
“Айыл чарбасынын статистикалык отчеттуулугу” программалык камсыздоо маалымдамасында каралган чарба жүргүзүүчү субьекттердин каталогуна ылайык, белгиленген мөөнөтүнө ылайык өз убагында жана сапаттуу статистикалык маалыматтарды жыйноону, тандап алып текшерүүлөрдү камсыздоого;
№2 тиркемеде көрсөтүлгөн "Статистикалык отчеттуулуктун формасынын табелинде” бекитилген формалар боюнча программалык камсыздоого статистикалык маалыматтарды киргизүүнү ишке ашырууга;
көрсөтмөлөргө же аларды толтуруу боюнча нускамаларга ылайык мамлекеттик статистикалык отчеттуулуктун формаларын толтуруу учун алгачкы эсепти киргизүү тартибин сактоону камсыздоого;
мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө жүктөлгөн милдеттерге ылайык талантарды аткарбагандыгы үчүн жеке жоопкерчиликти тартууга;
кагаз жана электрондук калыбындагы чарба китеби боюнча маалыматтардын ишенимдүүлүгүн текшерүү боюнча иштерге катышууга, жыйынтыкталган маалыматтар базасынын (т.а. ар бир үй чарбасы боюнча) талдоосун жүргүзүүгө жана айыл чарбасы боюнча алынган натыйжаларды учурдагы статистика менен салыштырууга;
6. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын финансылык, материалдык жана башка каражаттар менен камсыздоо
6.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга зарыл болгон финансылык камсыздоо республикалык бюджеттен КР Финансы министрлигинин жергиликтүү бюджетине берилүүчү максаттуу трансферттер (субвенциялар) формасында жүргүзүлөт.
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн тиешелүү финансылык жылга максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмүн эсептөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтому менен бекитилген максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) көлөмүн эсептөө методикасынын негизинде жүргүзүлөт.
Ушул келишимдин 9.2-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөткө карата аныкталган максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) суммасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) көлөмүн эсептөө методикасына ылайык келишимге тиркелет жана анын ажыратылгыс бөлүгү болуп эсептелет (1-тиркеме).
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан жергиликтүү бюджетке реснубликалык бюджеттен бөлүнүүчү максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын алыш-бериш эсебине түшөт жана кезектеги финансылык жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар түзүмүндө чагылдырылууга тийиш.
Максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмү өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу жетектөөчү адис-статистигине бир бирдик эмгек акы төлөөнү:
берилүүчү ыйгарым укуктарды аткарууга чыгымдарды: унаа чыгымдары, байланыш кызматтары;
иш салар чыгымдары;
коммуналдык чыгымдарды (электр, жылуулук жана суу менен камсыздоо ж.б.)
зарылдыкка жараша;
канцелярдык жана чарбалык товарларга чыгымдарды;
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык каражаттар зарылдыкка жараша мамлекеттик статистика органы тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына кабыл алуу-өткөрүп берүү актынын негизинде өткөрүлүп берилет.
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн чарбалык ишмердикти жүргүзүү үчүн (жабдуулар, обьекттер. техника ж.б.) зарылдыкка жараша болунгон материалдык каражаттар макулдашуу комиссиясында каралгандан жана алардын колдонууга жарактуулугу аныкталгандан кийин өткөрүлүп берилүүгө тийиш.
Макулдашуу комиссиясы мамлекеттик статистика органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын өкүлдөрүнөн тен укуктуулуктун негизинде түзүлөт.6.7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына өткөрүлүп берилүүчү материалдык каражаттардын тизмеги тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.
6.8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн материалдык каражаттарды пайдалануунун тартиби мамлекеттик статистика органы тарабынан аныкталат.
7.Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды шике ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын отчеттуулугунун формасы жана мезгилдүүлүгү
7.1.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы мамлекеттик статистиканын аймактык органына төмөнкүлөрдү берүүнү камсыздайт:
- мамлекеттик статистикалык отчеттуулукту 2-тиркемеде көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Окмөтү тарабынан жыл сайын бекитилүүчү Статистикалык иштердин программасына, Статистикалык иштердин графигине, Статистикалык отчеттуулуктун формаларынын табелине ылайык;
- квартал сайын 10-нунан кечиктирбестен КР Финансы министрлиги тарабынан 2008- жылдын 24-ноябрында бекитилген №192 буйругунуп 2-формасына ылайык статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды пайдалануу тууралуу финансылык отчетту.
8.Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырылышын мамлекеттик орган тарабынан
контролдоонун тартиби
8.1.Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укукгардын ишке ашырылышын көзөмөлдөө (мындан ары - көзөмөлдөө) келишимдин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыздоо максатында жүргүзүлөт.
8.2.Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укукгардын аткарылышын көзөмөлдөөнү мамлекеттик статистика органдары жүргүзөт.
8.3.Мамлекеттик статистика органы:
аныкталган тартип бузууларды четтетүү тууралуу көрсөтмөлөрдү жөнөтүү укугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын толук кандуу жана сапаттуу аткарылышын көзөмөлдөйт;
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн материалдык жана финансылык каражаттарды максаттуу пайдаланышын текшерет;
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар чөйрөсүнө таандык болгон маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын, ошондой эле методикалык көрсөтмөлөрдүн аткарылышын көзөмөлдөйт;
келишим менен каралган учурларда жогору турган органга жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотуу жана ушул келишимди бузуу жөнүндө сунуштарды даярдайт жаиа киргизет.
8.4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын көзөмөлдөөнү тиешелүү мамлекеттик сатистика органы төмөнкүдөй түрдө жүргүзөт:
статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан ишке ашыруу бөлүгүндө алардын ишин координациялоо;
бул келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынан статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун натыйжалары жөнүндө отчетторду кабыл алуу;
статистикалык маалыматгарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн каражаттарды пайдалануу бөлүгүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишин текшерүү;
статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына сунуштамаларды берүү;
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерди мыйзамдуулук жаиа максатка ылайыктуулук көз карашы менен баалоо.
9. Келишимдин күчүнө киришиин жана колдонуу мөөнөтүнүн тартиби
Келишим жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилүүгө тийиш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын келишимди бекитүү тууралуу токтому кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул келишим 2019-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
Эгерде ушул келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин тараптардын бири дагы өзүнүн келишимди бузуу ниети жөнүндө билдирбссе, анда анын колдонуу мөөнөтү автоматтык түрдө кийинки бир жылга жана ошол эле шарттарда узартылат.
Бул келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон үч нускада түзүлдү.
Бул келишимдин бардык Тиркемелери анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелишерин белгилөө.
10. Келишимдин шарттарын өзгөртүү
Келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор тараптардын макулдашуусу менен киргизилет.
Келишимге киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан да бекитилүүгө тийиш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын келишимге киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду бскитүү жөнүндө токтому кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
11. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлсксттик ыйгарым укуктарды шике ашырууну токтотуунун негиздери жана тартиби
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу төмөнкү учурларда токтотулушу мумкун:
келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганда;
келишимди жараксыз деп таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген;
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн кезектеги финансылык жылга республикалык бюджетте максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жок болгондо;
статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган ченемдик укуктук акт кабыл алынганда:
-үстүбүздөгү жылдын түшүмү үчүн себүү жөнүндө;
-жазгы сугат иштерин жүргүзүү жана жаздык өсүмдүктөрдү себүү жөнүндө;
түшүмдү жыйноо, күздүк себүү жана тоңдурманы айдоо тууралуу;
айыл чарба мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн жана жүзүмдү дүң жыйноо жөнүндө;
айыл чарба өсүмдүктөрдүн түшүмүн жыйноо жөнүндө;
дыйкан (фермер) чарбаларында жана жарандардын жеке көмөкүу чарбаларында мал чарбачылык продукцияларын өндүрүү жөнүндө;
тоюттарды өндүрүү жөнүндө;
дыйкан (фермер) чарбалары тарабынан айыл чарба продукцияларын иштетүүдөгү көлөмү жана баалары тууралуу
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик статистика органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды өз алдынча ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алынган (келишимди мөөнөтүнө чейин күчүн бузуу);
- Келишим жана же "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жана шарттарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилгеи мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруудан баш тарткан (келишимди мөөнөтүнө чейин бузуу).
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу мамлекеттик статистика органынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын демилгеси боюнча мөөнөтүнө чейин токтотулушу мүмкүн.
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан мөөнөтүнө чейин токтотуунун шарттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
мамлекеттик статистика органы тарабынан статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык жана башка каражаттар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын камсыздоонун мүмкүн эместиги;
статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынан көз карандьт болбогон себептер боюнча мүмкүн эместиги;
статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн жана же ишке ашыруунун шарттарын өзгөрткөн ченемдик укукгук актынын кабыл алынышы;
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мамлекеттик статистика органы тарабынан мөөнөтүнө чейин токтотуунун шарттары болуп төмөнкүлөр эсептелинет:
статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан андан ары ишке ашыруу максатка ылайыксыз деп мамлекеттик статистика органы тарабынан табуу, анын ичинде аларды аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес ишке ашыргандыгы үчүн;
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн алынган материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу эмес пайдалануу, эгер ал бузуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну татаалдаштырган шарттарды түзсө;
статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн жана (же) ишке ашыруунун шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы;
Тараптардын биринин демилгеси боюнча статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар мөөнөтүнө чейин токтотулган учурда токтотууну демилгелеген тарап статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуунун болжолдонгон датасына чейин 15 жумушчу күн мурда башка тарапка жазуу түрүндө билдирүү жөнөтүүгө милдеттүү.
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мөөнөтүнө чейин токтотуу жөнүндө билдирүүнү алган тарап аны 15 жумушчу күндүн аралыгында карап чыгууга жана башка тарапка кароонун жыйынтыгы жөнүндө кабарлоого милдеттүү.
Башка тарап билдирүү менен макул болгон учурда статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу тараптардын макулдашуусунун негизинде токтойт.
30 жумушчу күндүн аралыгында билдирүүнү кароонун жыйынтыгы жөнүндө жазуу түрүндө жооп жок болгон же башка тарап статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуу менен макул болбогон учурда берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мөөнөтүнө чейин токтотуу жөнүндө маселе сот тартибинде чечилет.
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар аткаруу мөөнөтүнө чейин токтотулган учурда аларды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына бөлүнгөн, пайдаланылбаган материалдык жана финансылык каражаттар берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу токтотулган күндөн тартып 15 жумушчу күндүн аралыгында мамлекеттик органга кайтарылууга тийиш.
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарыльшын каржылоо ушул келишимде каралган көлөмдө, тартипте жана мөөнөттө токтотулган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотууга укуктуу, бул жөнүндө жазуу түрүндө 15 жумушчу күндүн аралыгында тиешелүү мамлекеттик статистика органына билдирет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтоткон күндөн тартып, мамлекеттик ыйгарым укуктар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына аларды берген мамлекеттик статистиканын аймактык органы тарабынан аткарылууга тийиш.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары аткарууну токтотуу, токтотуп туруу жана баш тартуу тууралуу чечими жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын токтому менен бекитилет жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнү кирет.
Тараптардын жоопкерчилиги
Келишимдин шарттарын талаптагыдай аткарбагандык, укуктарын басмырлоо же материалдык жана моралдык зыян келтирүү үчүн тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартыша г.
Айыл өкмөтүнүн башчысы статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын тийиштүү түрдө аткарылышын уюшттуруу, статистикалык маалыматтардын ишенимдүүлүгү, өз убагында болгондугу жана сапаты, бөлүнгөн материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу пайдалануу жана ушул келишимдин жоболорун так аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Талаштарды чечүү тартиби
13.1. Ушул келишимди аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан бардык талаштар жана келишпестиктер тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр аркылуу же болбосо сот тартибинде чечилет.
Тарап тардын даректери жана кол тамгалары
Кашкар-Кыштак айыл Кара-Суу раойндук статистика
өкмөтүнүн башчысы: бөлүмүнүн башчысы:
_____________Батиров А.Б. ___________Толубаева Ш. Р.